Кышты "Украина синдрому" коштойбу?

Бишкек.

Айрым эксперттер быйыл кышта энергетикалык таңкыстык жана экономикадагы каатчылык социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн деп божомолдошууда.

Бирок талдоочулар кырдаал Украинадагыдай күч менен бийлик алмашууга чейин жетпейт деп эсептешет. 2-октябрда Бишкекте өткөн “Кыргызстанда Украина синдрому кайталанышы мүмкүнбү?” деген аталыштагы талкууга катышкан расмий бийлик өкүлүнүн көз карашында, учурдагы энергетикалык жана экономикалык оорчулук көп жылдан бери жыйылып калганын белгилеп, бирок азыркы бийликте курч элдик толкундоого шарт түзө тургандай жагдай жок.

Эксперттик божомолдун “эпкини”

Кыргызстанда Украина синдрому кайталанышы мүмкүнбү деген суроонун тегерегинде ой бөлүшкөн эксперттер өлкөдө социалдык чыңалууга өбөлгө түзө турган жагдай бар деген пикирге бир ооздон токтолушту. Баалардын кымбатташы, энергетикалык таңкыстык жана экономикадагы каатчылык калктын катмарынын нааразылыгын күчөтө турган факторлор катары мисалга алынды. Саясат таануучу Зайнидин Курманов өлкө Бажы биримдигине киргенден кийинки абал калктын чыдамын кетирип, анын аягы чаң-тополоңго алып келиши мүмкүн деген оюн ортого салды:

Зайнидин Курманов.

- Мына Бажы биримдигине кире электе эле баалар кескин өсүп кетти. Ага киргенден кийин дагы албетте өсөт. Инфляцияны ооздуктоо кыйын болуп калды. Жумушсуздук күчөп, элдин жашоо-турмушу мурдагыдан дагы начарлап кетти. Анан эми кычыраган кышта электр энергиясы чектелип, тарифтер көбөйсө, үч фазалуу линиялар кыркылса, тамак-аш кымбаттаса, нааразылык күчөп, чаң-тополоң чыгып кетиши мүмкүн. Анан эми элди токтото турган эстүү оппозиция болушу керек. Бирок бизде азыр оппозиция жок. Эл козголуп кетсе, аны токтотуу кыйын болуп калышы ыктымал.

Айрым эксперттердин пикиринде, өлкөдөгү азыркы кырдаал социалдык чыңалуу абалында деп бааланып, аны жөнгө салуу кышка чейин жүрбөсө, аягы барып социалдык жарылууга жетиши мүмкүн. Бирок өлкөдөгү кырдаал былтыркы Украинадагыдай курч карама-каршылыкка жана кагылышууга чейин өсүп жетпейт деген пикирлер талкуу учурунда үстөмдүк кылды.

Бийликтин ичинде көмүскө күчтөр барбы?

Анткен менен эксперт Бакыт Бакетаев азыркы жагдайды кайсы бир күчтөр элди көтөрүү үчүн колдонуп кетиши мүмкүн деп чочулайт. Бирок Бакыт Бакетаев калкты кыжырдантчу чагымдарды уюштурууда, оппозицияга караганда бийликтеги көмүскө күчтөрдүн ролу чоң деп баалады:

Бакыт Бакетаев.

- Биздин ички коопсуздукту кармоодогу эң негизги коркунуч оппозициядан мурун бийликтин ичиндеги күчтөрдө. Анткени мына ошол тымызын күчтөр эки-үч түрдүү саясат жүргүзүп, чакмак чага турган чагымды уюштурууга жөндөмдүү экенин биздеги буга чейинки окуялар көрсөттү. Мисалы, жакында оппозиция өкүлдөрүнө Ошто жумуртка ыргытууну уюштурган күчтөр. Алар кимдер? Бийликтин кызыкчылыгын коргогон болуп туруп, эл арасында мына ушундай кытмыр чагым уюштуруп жатышат. Бизде ушуга окшогон элди кыжырланта турган чагымдар мурда да болгон.

Кыргызстанды салыштырууга болбойт...

Ошол эле кезде оппозициянын өкүлү, парламент депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстандагы жагдайды Украина менен салыштырып болбойт деп билдирди. Анткени ал жакта Батыш баалуулуктары менен эскичил режимдин ортосунда күрөш жүргөнүн айтып, азыр Кыргызстанда кремлчил тараптардын талабы үстөмдүк кылган шартта мындай салыштыруу орунсуз экенин белгиледи. Ошол эле кезде коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров деги эле азыр Кыргызстанда былтыркы Украинадагыдай толкундоого алып келе турган өбөлгөлөр жок деп ишендирди:

- Азыр Кыргызстанда элди кыжырданта тургандай мурдагыдай үй-бүлөлүк башкаруу же бир ууч топтун кызыкчылыгы үстөмдүк кылып жаткан жери жок.Өлкө жетекчилиги же алардын жакындары коррупцияга аралашты деп айтууга дагы негиз жок. Бирок өлкөдө көп жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр бар. Аны эми кыска убакытта чечүүгө мүмкүн эмес. Бирок бийлик азыр өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын колго алуу үчүн күнүмдүк көйгөйдөн мурун маселени системалуу чечүү менен алек. Мына ошондуктан энергетика тармагында быйыл же эмдиги жылы кыйынчылык болушу мүмкүн. Бирок андан кийин бул маселе толук чечилет.

Ошол эле кезде орусиячыл эксперттер өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдө кармоо үчүн күчтүү президенттик башкарууну кайрадан калыбына келтирүү идеясына кайрылышты. Коомдогу радикалдашуу жараянын басууга күчтүү мамлекет гана жарамдуу дешет алар. Ал эми эксперт Игорь Халанский болсо Кыргызстанда бийликке каршы нааразылык күчөп кетсе, ага Жамааттык коопсуздук уюмунун күчтөрү кийлигише турганын кыйытты. Бул талкуу орусиячыл маанайдагы эксперттик топ тарабынан уюштурулду.