Аймактарды кыйнаган вирус, талаада калган эмгек

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Ысык-Көл

Ысык-Көл районунда эс алуучулардын агымы жылдагыдай эле. Стационарларда иштеген медиктер билдиргендей, учурда СOVID-19га чалдыккандардын 15-20% четтен келген эс алуучулар. 80 миң калкы бар районду азыр болгону 12 дарыгер тейлеп жатат. 28-июлдагы маалымат боюнча, облус аймагында 2 282 адамдан коронавирус чыккан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көл: вирус медиктердин шайын оодарды

Ош

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы иш сапарында 2020-жылдын орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырды.

Быйыл өлкө боюнча эң жогорку баллды Ош облусунун Алай районунун окуучусу Нурбек кызы Акмарал алган.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлдагы брифингде пандемияга байланыштуу Кыргызстан сырттан алган гуманитардык жардам тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, пандемияда 11 мамлекеттен тышкары эл аралык уюмдардан, чет жактагы кыргызстандыктардан да гуманитардык жардам келди. Боронов жалпы канча жардам берилгенин жана анын суммасын так айткан жок.

Нарын

"Кадам" реабилитациялык борбору "Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар коронавирус илдетине каршы" долбоорунун алкагында Ат-Башы районуна 12 даана контактсыз санитайзер берди. Уюштуруучулардын айтымында бул санитайзерлердин өзгөчөлүгү - ооруну жугузбайт, башкача айтканда контактсыз.

Түркияга аба каттамдар ачылат

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары 1-августта ачылары кабарланды. Бул тууралуу 27-июлда «Ихлас» кабар агенттигине Түркиянын транспорт министри Адил Караисмаилоглу маалымат берди. Анда министр: «1-августтан баштап Түркиядан Орусияга, Кувейтке, Индияга жана Түштүк Африкага каттамдар ачылат. Оорунун жүрүшүнө жараша Кыргызстанга, Өзбекстанга, Туниске, Алжирге, Иракка жана Кенияга рейстер башталары күтүлөт», - деп айткан.

Ал эми Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев авиакаттамдар боюнча эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

Баткен

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл аш-тойлор токтоп, талаадагы жашылча-жемиштер өтпөй жатат. Ошто коон-дарбыз сатылбай, талаада калды.

Ошто коон-дарбыз өтпөй калды

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​