Орусия Кыргызстанды Бажы биримдигине кирүүгө үндөдү

Кыргызстан менен Орусиянын желектери

Кыргызстанда “Кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү – экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору катары” деп аталган форум өттү.
Орусия тарап айрым ири экономикалык пландарды ишке ашырууга Кыргызстанда коомдук-саясий туруктуулук жетишпей жатканын билдирди.

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп аткан кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган форумга Орусиядан министр, региондун башчылары болуп алтымыштан ашуун адам келишти. Форумга катышкан Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев бул талкуу өлкөнүн экономикалык өнүгүгүүсүнө чоң өбөлгө болоорун айтты. Ал соңку 10-15 жылдын аралыгында эки өлкө ортосунда бир канча келишимдерге кол коюлганын, бирок мурдагы бийликтин саясий оюндарынан улам ишке ашпай келгенин белгиледи.

- Биз ушундай нерселердин бардыгына чекит коёбуз деп ойлойм. Анктени азыр өкмөт да, парламент да, өлкө жетекчиси да Орусия биздин башкы стратегиялык өнөктөш экенин жакшы түшүнүп турушат. Орусия менен кызматташпай коюу Кыргызстан келечегине кыйынчылык алып келерин да аңдап билишет. Башкысы бул жыйындан биз кандайдыр бир жыйынтыктарга жетишсек.

Жолтоо болгон коомдук-саясий кырдаал

Орус делегациясын президенттин аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча бөлүм башчысы Сергей Винокуров баштап келди. Винокуров өз сөзүндө Кыргызстандагы айрым экономикалык пландарды ишке ашырууга коомдук-саясий туруктуулук гана жетишпей жатканын белгилеп өттү.

- Эки өлкө негизинен соода-экономикалык жактан кызматташып келет. Бүгүн Орусия Кыргызстандын башкы өнөктөшү. 2008-жылы эки өлкөнүн товар айлануусу реккорддук чекке чыгып, 1,8 млрд. долларга жеткен. Өткөн жылы бул көрсөткүч түшүп кетти. Эми ошону калыбына келтириш керек. Кыргызстанда Орусиянын ири “Газпромнефть азия”, “Кара-Балта тоо-кен комбинаты”, Орлов химия-метоллургия заводу, “Мегаком” жана башка көптөгөн ишканалары иштеп атат.

Илгери үмүт менен

Иш-чара алкагында үч тегерек үстөл өткөрүлдү. Биринчиси, кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги деген темада. Экинчиси, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуу климатты түзүп берүүдө администрациянын ролу, үчүнчү, эки өлкө ортосундагы айыл-чарба жана дыйканчылык боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Аталган форум чоң мааниге ээ экени айтылганы менен, иш-чара бир күнгө гана белгиленген.

Ошентсе да Орусиянын аймактык өнүгүү министринин орун басары Максим Травников ушул форумдан соң ар кайсы аймактарда бир нече багытта кызматташуулар жанданат деген ниетте. Ошондой эле ал Кыргызстан Бажы биримдигине кириши зарыл деп эсептейт.

- Айыл чарба багытында кызматташуунун келечеги чоң болот деп ойлоп атам. Балким Орусия эле эмес Казакстан, Борбор Азия өлкөлөрүндө талап кылынган товарларды өндүрчү орток кооперация түзүү маселеси каралат. Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы Орусияда жакшы эле орун алып калды. Муну бир гана борбордо эмес, алыскы аймактарга да жайылтса болот. Кыргызстандын жүздөгөн жарандары Орусияда иштеп жүрөт. Ошондуктан бир гана экономикалык эмес, маданий байланышты жандандыруу да өтө маанилүү маселе болуп турат.

Ал ортодо Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкулов Омск администрациясы менен биргелешип ишкана ачууну пландап жатканын айтты:

- Чүйгө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризм жана башка тармактарды камтыган биргелешкен ишкана түзөбүз деп макулдаштык.

Эки тараптуу беш келишим

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов форумда эки тарап өз көз караштарын ачык-айкын айтууда дейт. Ал Орусия тараптын Бажы биримдигене кирүү сунушу тууралуу мындай деди:

- Биз жолукпасак, ачык-айкын сүйлөшпөсөк эч качан алдыга жыла албайбыз. Бажы зонасына биз киришибиз керек. Бир гана өзүбүздүн импорт, эксперт боюнча мыйзамдарыбызды, техникалык регламентибизди ырааттап туруп, анан келишим түзүшүбүз керек. Ошондо да сүйлөшүүлөрдүн негизинде. Бир топ тармактарга таасири тийе турган болсо ага төрт-беш жылдык каникул алышыбыз керек. Буга чоң убакыт, сүйлөшүүлөр керек.

Кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү форумунда өлкөнүн түштүгүнөн экологиялык таза жашылча-жемиштерди ортомчусу жок сатуу, энергетика жаатында кызматташуу, Ысык-Көл жана башка тарыхый жайларда туризмди өнүктүрүү маселеси да козголду.

Иш-чара алкагында эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-социалдык, туризм багытында беш келишимге кол коюлду. Алар: Кыргызстандын Экономиканы жөнгө салуу министрлиги менен Орусиянын Омск облусунун өкмөтүнүн ортосунда, Омск менен Чүй администрациялары ортосунда, илимий техникалык, маданий кызматташуу меморандумуна Ош жана Алтай облустарынын жетекчилери кол коюшту. Мындан сырткары медицина тармагында бир, Орусиядан светофорлорду ташып келүү боюнча бир келишимге кол коюлду. Эми алар эксперттердин катышуусунда талкууланып, талданып ишке ашмакчы.