Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Апта: Атамбаев чече албаган маселе, "Мегакомдогу" мега шектүүлөр...


Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу. Москва, 2010-жылдын 27-декабры.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу. Москва, 2010-жылдын 27-декабры.

Мегаком чатагы күчөдү. Президент Роза Отунбаева Батышка сапарын жыйынтыктады. Алмазбек Атамбаев Москвага барып келди.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы сапарынан соң Орусия күйүүчү майды мурдагыдай эле кошумча бажы төлөмүсүз берээри белгилүү болду. Анын алдында Орусия Кыргызстанга берчү күйүүчү май үчүн быйыл жыл башында алган кошумча төлөмдөрдү кайра кошкону тууралуу сөздөр чыгып кеткен эле.

Атамбаев Москвада

17-18-мартта өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Москвада болду. Орус өкмөтүнүн сайтындагы маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен сүйлөшүүдө “Кыргызгаздын” 75% акциясын, газ, мунай чыга турган жерлерди "Газпромго" берүүгө даярдыгын билдирген. Кыргызстандын Орусияга 190 млн. доллардан ашуун СССР ураган учурда пайда болгон карызын “Дастандын 48% акциясына алмашуу жана Орусиянын Бишкектеги Соода өкүлчүлүгүнүн имаратын өткөрүп берүү маселеси чечилгенин билдирген. Атамбаев ошондой эле Орусиянын авиакеросинин реэкспорт жасоону токтото турган биргелешкен ишкана түзүлгөнүн, ал ишкана Транзиттик борборго күйүүчү майдын 50% ташырын билдирген. Калган 50% “Мина корп” ташыйт. Мына ошол 50% ташый турган дагы бир биргелешкен ишкана түзүүгө аракет жасалып жатканын Алмазбек Атамбаев белгилеген.

Расмий Бишкек Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилерине ижара акысын көтөрүүнү көздөп келген. Москвадагы жолугушууда кыргыз тарап андай максаттан баш тартканын билдирген. Эми ижара акы мурункудай эле 4.5 млн. доллардын тегерегинде кала берет. Орус аскердик объектерине байланыштуу маселени талкуу учурунда Алмазбек Атамбаев бир маселени чечүүгө даяр эместигин билдирген. Бул сөз аскердик объектери жөнүндө талкуу учурунда айтылганга караганда, Алмазбек Атамбаев мына ошол базаларга байланыштуу кандайдыр бир маселени азырынча чече албастыгын ачык айткандай.

Москвадагы сүйлөшүүдө орус тарап Кыргызстанга 30 млн. доллар үстөк пайызсыз насыя берүүгө убада берген.

Күйүүчү май бажы төлөмсүз келе берет

Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапарынын башкы максаттарынын бири - мунай заттарына бажы төлөмдөрүн алып салуу жана Евразия экономикалык шериктештигинен 200 млн. доллар насыя алуу болгон. Күйүүчү май боюнча маселе чечилгенин өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” билдирди:

- Бажы төлөмдөрү алынды. Тагыраак айтканда, төлөмсүз сатуу улантыла турган болду. Келечекте энергетика тармагы боюнча өкмөттөр ортосунда келишимге кол коюлат. Мына ошол жерде маселе толук чечилет. Азыр болсо бажы төлөмсүз күйүүчү май келе берет,

Фарид Ниязов 200 млн. доллар насыя Кыргызстандын Орусияга карызын төлөө маселеси толук жөнгөрүлгөндөн кийин каралаарын да кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев Москвада расмий адамдар эле эмес, орус талдоочулары, саясат таануучулары менен да жолугушкан. 17-мартта болгон жолугушууга таанымал адистер катышканын Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов кабарлаган эле:

- 17-мартта Атамбаев орус эксперттери менен жолугушуу өткөрдү. Алардын катарында Вячаслав Никонов, Алексей Малашенко, Аджар Куртов, Андрей Грозин, Михаил Виноградов болду. Алар менен кыргыз-орус мамилеси боюнча пикир алмашуу болуп, Атамбаев эксперттердин суроолоруна жооп берди. Эксперттер өздөрүнүн пикирлерин айтты. Анын ичинде коалиция, "Мегаком" боюнча суроолор да болду.

Коалиция демекчи, “Ата-Журт” фракциясынын 19 мүчөсү 22-мартка чейин Атамбаевге убакыт беришкен. Бирок ар кандай талаптарга карабай коалиция сакталарып каларын айрым депутаттар айтууда. Ал эми “Ата-Журттун” лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев маселе 22-мартта караларын билдирди:

- Биз 22-мартта чогулабыз. Мына ошондо чечебиз. Ага чейин региондордо жүрөбүз.Анан ошол жыйындан кийин маалым болот.

Мына ошентип, кийинки жумада бир катар олуттуу окуялар күтүлүүдө.

"Мегакомдогу" мега адамдар...

Кыргызстанда уюлдук байланыш кызматын көрсөткөн ири эки компаниянын бири болгон "Мегакомдун" айланасында жаңжалдын сормо сазына саясаттагы төбөлдөрдүн ысмы тартыла баштады. Адегенде “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун, андан кийин Кубатбек Байболов жана БЭК партиясынын тизмесиндеги төртүнчү катарда турган Раушан Рыкунованын ысмы чыга баштады.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, орусиялык ишкер Глеб Огнянников 2008-жылы Eventis Telecom компаниясынын 51% акциясын сатып алган. Натыйжада "Мегаком" анын көзөмөлүнө өткөн. "Мегакомдун" калган 49% акциясы Максим Бакиев менен Алексей Елисеевдин “Альфа телеком” компаниясынын карамагына өткөн. Бул экөө Глеб Огнянниковду кандайдыр бир жолдор менен сүрүп чыгарып, анын натыйжасында Мегаком 100% “Альфа телекомго” өткөн.

7-апрелдеги окуялардан кийин Убактылуу өкмөт “Альфа телекомдун” 49% акциясын мамлекетке алган.

Бул иш кандай болгонун Убактылуу өкмөттө күч структураларын жетектеген Азимбек Бекназаров мындайча баяндайт:

- Бизге "Мегаком" өз ыктыяры менен 49% акцияны берген. Бул Максим менен Елисеевдики деп. Калгандары талашта болгон. Ошондуктан биз иш козгоп, 100% акцияны камакка алып, сот аркылуу башын чечип алганга чейин эч ким эч кайда сатпайсың деген чечимди кабыл алып койгонбуз. Ошондуктан 51% сот аркылуу гана чечиле турган маселе, деген Бекназаров азыркы өкмөттүн "Мегакомго" карата жасап жаткан иштерин Данияр Үсөнов менен Максим Бакиевдин убагындагыдай чечимдер деп баалады.

Бир жыл "Мегаком" кимдин пайдасына иштеген?

Азыр коомчулукка апрель окуяларынан кийин 51% акция кимдир бирөөлөр тарабынан пайдаланылганы айкын болуп турат.

Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Аманкуловдун маалыматы боюнча, 51% Penwell Business Limited компаниясынын өкүлү катары аталган Раушан Рыкуновага сактап турууга берилген:

- Биз ишти иликтегенде чындыгында Рыкунова Раушанга “Альфа телекомдун” 51% сактаганга берилгендиги аныкталды. Ошондуктан октябрь айынын башында мурунку тергөөчүлөрдүн чечимин жокко чыгарып, акциялардын 100% тең мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп бергенбиз. Мени гезитке чыгарып жатышпайбы Азимбек менен байлап. Эгерде андай болсо мен Рыкунованы калтырып коймокмун. А мен өкмөттүн кызыкчылыгы үчүн толугу менен акцияларды өткөрүп бергенмин.

Белгилеп кете турган нерсе, Penwell Business Limited компаниясы Eventis Telecom компаниясынын кожоюну Глеб Огнянниковдун кызыкчылыгын коргогон тарап катары чыгууда. Өткөн жылы Рыкунова Penwell Business Limitedтин атынан "Мегакомдун" акциясын иштетип жатканда Огнянниковдор ачык түрдө нааразылыгын да билдиришкен эмес. Эми "Мегакомдун" чатагы күчөп, 51% тагдыры чындап таразага түшө баштаганда Огнянниковдун өнөктөшү Артур Акопян Бишкекке келип, Рыкунова менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген.

Кызыгы ошол кезде күч структураларын жетектеп турган Азимбек Бекназаровдуку деп эсептелген БЭК партиясынын тизмесинде Рыкунова төртүнчү катарда парламенттик шайлоого катышкан. Рыкунова деген өзү ким деген суроонун жандырмагын жергиликтүү маалымат каражаттары ачууда. Алардын маалыматы боюнча Рыкунова бул мурда көз боёмочулук боюнча айыпталган мурдагы белгилүү тележурналист Роза Качиева .

Баарын сот чечүүгө тийиш

Талдоочулардын баамында, Глеб Огнянниковдун 51% акцияга кожоюндугу сот аркылуу аныкталууга тийиш. Анткени соттун учурунда гана Огнянников ээлик кылып жаткан 51% акция кандай жолдор менен "Альфа телекомго" өткөнү аныкталат. Мүмкүн Елисеев менен Максим Бакиев андан сатып алгандыр? Кезинде “Кыргызкурулушөнөржай” банкын АУБ сатып алгандагыдай эле ишкер алды-сатты болгондур.

Апрель окуяларынан кийин АУБ 100% мамлекетке кайтарылды. “Кыргызкурулушөнөржайбанкынын” мурунку кожоюну катары банкты ага кайтаруу талабы менен чыккан Муратбек Мукашевдин арызын Кыргызстан соттору канааттандырган жок.

Эгерде Глеб Огнянниковдун 51% акцияны кызылдай акчага сатканы аныкталса, анда "Мегакомду" 100% мамлекетке алууга укуктук жол ачылат. Каржы жагынан каржалып турган мамлекет үчүн бул олуттуу демөөр болмок.

Силичтин феномени

"Мегакомдун" айланасындагы окуяларда менеджер Андрей Силичтин феномени таң калтырбай койбойт. Ал бул компанияга “Events Telecom” кожоюндук кылып жаткан учурда да жетекчилик кылып баштап, Максим Бакиев менен Алексей Елисеев учурунда да ордунда калган. Убактылуу өкмөт акцияларды камакка алгандан кийин да Силич ордунда кала берген. Дал ушул учурда миллиондогон долларлар сыртка чыгарылып турганын Азамат Мурзалиевдин командасы жар салууда.

Айрым маалыматтарга караганда, миллиондогон долларлар сыртка чыкпай эле Кыргызстан ичинде жогорку даражалуу, таасирлүү кызматкерлердин чөнтөгүнө кетип турган. Ошого жараша компания чоң ызы-чуусуз иштеп келген. Өмүрбек Бабановдун командасы "Мегакомдун" жетекчилигине келер замат жаңжалдар көтөрүлүп, анын учу Орусияга жетип барды.

Түштүктө эки база ачылат

Кыргызстанда "Мегаком " чатагы күчөп, коалиция кыл учунда калган мезгилде президент Роза Отунбаева Кошмо Штаттарда сапарда болду. Ага чейин Отунбаева Европа Биримдигине сапар жасаган эле. Шейшемби күнү президент мына ошол сапарларынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берди. Анда айтылгандарга караганда, Европа Биримдиги Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 30 млн. евро, социалдык, укуктук багыттагы үч жылдык программа үчүн 51 млн. доллар бөлүүгө макулдук берген. Европа Биримдигинин жетекчилери дээрлик баары кыргыз президентин кабыл алган.

Роза Отунбаева Кошмо Штаттарда да президент Барак Обама баш болгон расмий адамдар менен жолугушкан. Бирок Вашингтондон олуттуу каржылык жардам убада кылынган эмес. Болгону мурунку бийлик учурунда Транзиттик борбордун калышына байланыштуу убада кылынган 20 млн. доллардын 6 млн. долларын берүүгө макулдук берилген.

Роза Отунбаева президент Барак Обама жолугушууда Кыргызстандагы бюджеттик тартыштык тууралуу сөз баштаганда, Барак Обама анын өлкөсүндө да бюджеттик тартыштык өтө оор экенин айткан. Ал эми демократия жана парламентаризмди колдоо багытында жардам аялбасын билдирген.

Кошмо Штаттардагы жолугушууларда Роза Отунбаева Баткен облусунда антитеррордук машыгуу борборуна каражат сураган. Бул борборду куруу Курманбек Бакиев учурунда караштырылып, АКШ 5,5 млн. доллар бөлүүгө убада кылган. Бул орус тараптын нааразылыгын жараткан. Эми Москванын тынчыздануусун кайра жаратпоо үчүн аларга да Кыргызстан түштүгүндө база курууга мүмкүнчүлүк бериле турган болууда. Муну президент Роза Отунбаева мындайча билдирди:

- Чындыгында түштүктө эки объект курулат. Бири Орусиянын каражаты менен, экинчиси АКШнын акчасы менен курулат. Мен ойлоймун, мунун эч кандай жамандыгы жок. Биз бул маселеде прагматик болушубуз керек. Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Ага эч кандай күмөн жок.

Орусиялык “Коммерсант” гезитинин жазуусуна караганда, Орусия АКШ кура турган базага тынчсыздануусу бар экенин жашырган эмес.

Ошол эле мезгилде Кыргызстан үчүн зарыл болгон антитеррордук машыгуу борборун Кошмо Штаттардын куруп берүүсүндө эч кандай эрөөн-төрөөн жоктугун кыргыз бийлиги белгилеп, Вашингтон буга чейин Токмокто, Кой-Ташта аскердик багыттагы объекттерди курганын мисалга келтирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG