Садыркуловдун өлүмү боюнча сот башталды

Айыпталуучулар сот залында, 5-апрель.

Бишкекте президентик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот иши башталды.
Анда бул кылмышты аткарды делген 10 адам айыпталуучу катары өтүүдө. Садыркуловдун көзүн тазалоого буйрук берди деп шектелип, издөөдө жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныш Бакиев баштаган бир нече адамдын иши кармалган соң өзүнчө карала турган болууда. Медет Садыркулов жана сапарлаштары 2009-жылы 13-марттын түнүндө белгисиз жагдайда каза тапкан эле.


Сот залында - жалаң аткаруучулар


Бишкек аскер гарнизондук сотунунун судьясы Жакыпбек Бектемировдун төрагалыгында каралып жаткан соттук иште 10 адам айыпталуучу катары өтүүдө. Соттук отурумдун алгачкы күнүндө Бишкек гарнизонунун аскер прокурору Азамат Мамбетов отурумду жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирип, төрага мындай сунушту канаатандырган жок. Ошондой эле Жаныш Бакиевдин айдоочу болгон Алтынбек Амракуловдун адвокаттары анын камактагы мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну сунуштап, ал да четке кагылды.

Сотто Садыркулов, Слепченко жана Сулаймановдордун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Дмитрий Лужанскийдин айтымында, айыпталуучулардын күнөөлөрүн далилдөөгө жетиштүү факттар топтолду:

- Эң негизгиси бул сот жараяны башталды. Эми жараяндын жүрүшүндө дагы башка бир топ нерсенин бети ачылышы мүмкүн. Тергөө бир топ ишти текшерип, айыптарды койду. Бул көп нерседен кабар берет. Бирок бул соттук иш 7-апрель иши сыяктуу көпкө созулуп кетпесе экен деген коркунуч бар. Менин оюмча, андай деле болбойт. Себеби, бул кылмыштын кандай болгону белгилүү эле болуп калбадыбы.

33 томдон турган иште 2008-жылдын аягында Медет Садыркуловдун үйүнө өлгөн адамдын манжасы менен кесилген кулагын белекке берүүдөн баштап, анын көзүн тазалоого чейинки үч окуя жалпылаштырылган. Биринчиси, Садыркуловдун үйүнө кесилген кулак менен манжаны жаңы жылдык белек катары таштап кетүүнү уюштурган Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы опер кызматкери Тынычбек Маматов айыпталып жатат.

Экинчиси болсо, Медет Садыркулов жана анын сапарлаштарын уурдап барып, өлтүргөн деп УКМКнын “Альфа” тобунун мурдагы кызматкери Бакыт Байжанов, ИИМдин атайын тобунун кызматкери Эргешбек Маткайымов, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Марат Турдукулов шектелүүдө. Бул кылмышты көрүп-билип туруп, жашырганы үчүн Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы офицерлери Абдыкалык Жапаров, Азиз Кожошев жана Жаныш Бакиевдин мурдагы айдоочусу Алтынбек Амракулов күнөөлөнүп жатат.

Ошондой эле ошол кездеги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын төрага орун басары Нурланбек Темирбаев да айыпталып жатат. Ал бир тууган агасы, учурунда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болгон Курманбек Темирбаевдин Көк-Жар айылындагы дачасына алып барып, жогорудагы адамдарды өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүүдө.

Мындан тышкары чек ара кызматынын мурдагы башчысы Замир Молдошев да Садыркуловдун чек арадан өткөндүгүн Жаныш Бакиевге маалымдап турган деп шектелүүдө.

Үчүнчү иш боюнча, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Садык Бөрүбаевди Садыркуловдун унаасы менен кагышты делген “Ауди” маркасындагы машинанын айдоочусу Өмүрбек Осмоновдун 7-апрелден соң көзүн тазалоого катышты деп тергөө айыптап жатат.

Айыпталгандардын ичинен үй камагына чыгарылган Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Замир Молдошевден башкасы камакка алынган. Кылмышка шектелгендердин баары коюлган айыпты моюнуна албай жатышат. Тескерисинче, алар бул иштин саясатташкан айыптар деп эсептешет.

Бул боюнча Замир Молдошевдин адвокаты Кантемир Турдалиев мындай дейт:

-Тергөө мыйзамдын алкагында эле өттү. Бирок менин оюмча, тергөөнүн алкагында жогору жактан кысымдар болду окшойт. Бул саясий өңүттө өнүгүп, кысымдар болгондой түр көрсөтүп жатат.

Аткаргандар айыпталды, буюртмачыларчы?

Ошондой эле айыпталуучулар арасында буйрук бергендердин жоктугу да сынга алынууда. Медет Садыркуловдун агасы Мелис Садыркуловдун айтымында, алгач кылмыштын буюртмачылары кармалышы керек эле:

- Бул жакта айыпталгандардын баары эле кылмыш ишти аткаргандар экен. Албетте, алар мындай кылмышты билип туруп жасабашы керек эле. Ошон үчүн алар өз жазасын алышы керек. Бирок биринчи кылмышка буйрук бергендерди таап, аларды жазаласа жакшы болмок.

Садыркуловдун өлүмү боюнча буйрук бергендер катары мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу башчысы Жаныш Бакиев, уулу Максим Бакиевдер күнөөлөнгөн эле.

Бирок булар чет өлкөлөрдө качып жүргөнүнө байланыштуу алардын иши өзүнчө каралаарын ИИМдин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Издөөдө жүргөндөрдөн ишин алар кармалгандан кийин дагы өзүнчө карайбыз. Азыр алардан ишти бөлүп алып, камалып абакта отургандарды, эч кайда чыкпоо боюнча тил каты барлардын ишин сотко жибердик.

Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу шартта мерт болушкан. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттап, ага күнөөлүү катары Өмүрбек Осмонов аттуу жаранды кесип, бирок аз өтпөй ал мунапыстын негизинде эркиндикке чыккан. Бирок 7-апрелден соң анын көзү тазаланган.

Медет Садыркулов президенттик администрациянын башчылыгынан кеткен соң, ал кездеги оппозиция менен тымызын тил табышып, Бакиевдерге каршы иштей баштаганы айтылып жүрөт. Каза болор күнү да Алматыга барып, чоң маселени чечип келе жатканын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тастыктаган эле. Садыркулов жана анын сапарлаштарына байланыштуу иш 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин кайра жанданган.

Бул соттук иш 6-аперлде уланаары дайын болду.

"Азаттыктын" видео иликтөөсү: Капчыгайдагы кырсык (Архив)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аламүдүн капчыгайындагы кырсык: Видео иликтөө