Балдар кылмыш кылган жерде келечек бүдөмүк

Чүкө ойноп жаткан балдар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Акыркы кездери өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулук, өз өмүрүнө кол салуу, көчөнүн селсаяк турмушуна аралашып кетүү сыяктуу өңдүү көрүнүштөр коомчулуктун назарын бурган олуттуу көйгөйлөрдөн болууда.

“Азаттыктын” кабарчылары өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүн ар кайсы өңүттөрдөн баамдап, себептерин атап, өспүрүмдөр кабыла турган тобокелдиктерден арылуунун жол-жоболорун сураштырып көрдү.

Ош жана Кара-Сууда бир апта ичинде өз жанына өздөрү кол салган үч факты катталган. Алгач ал өлүмдөрдүн себеби табышмак жараткан. Убакыттын өтүшү менен бир аймакта удаа катталган суициддердин себептерин атай башташты. Кененирээк кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бир аптадагы үч өлүмдүн табышмагы

Ал ортодо адистер өспүрүм куракта сойкулукка азгырылып кеткен, эрте төрөгөн жана бойдон алдырган кыздар көбөйгөнүн айтып коңгуроо кагышууда. Ички иштер башкармалыгынын адам сатууга каршы күрөшүү жана адеп-ахлак башкармалыгы жыл башынан бери өспүрүм кыздарды сойкулукка тартуу фактысы боюнча төрт кылмыш ишин козгоп, буга тиешеси бар үч кишини камакка алды. Жакында эле Аялдардын улуттук форумунда Бишкектеги ар бир 6-7- өспүрүм кыз 14 жаштан баштап жыныстык катнашка барары белгиленди. Секелектердин эрте жетилип, тегирмен турмушка аралашуусуна эмне себеп болууда? Канымгүл Элкеева жооп издейт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сойкулук тооруган секелектер

Көчөлөрдө күн кечирген өсүпүрүмдөрдүн бардыгынын эле ата-энеси, таптакыр туугандары жок эмес. Алардын көпчүлүгү үйдөгү пикир келишпестиктен, түшүнбөстүктөн улам аргасыз көчөгө чыгып кеткендер же көчө турмушуна көнүп алгандар. Ысык-суукта, ачка -ток болуп, кайыр сураган жана жылуулук түтүктөрү өткөрүлгөн жер төлөдө жашаган балдар эмнеге үйгө барууну каалашпайт? Дегеле, өспүрүмдүн ата-энесинен, үйүнөн качканга эмне түрткү болууда? Теманы кабарчыбыз Токтосун Шамбетов уланат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үйдө тынчтык болбосо бала көчөгө качат

Чаткал районунда киши өлүмү менен аяктаган мушташтын айынан жети окуучу эки айдан ашык убакыттан бери камакта отурушат. Балдар арасында рэкетчиликтин, кылмыштуу аракеттердин орун алышына эмне себеп болууда жана аларды эмнеге алдын алуу мүмкүн болбой жатат? Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун айрым өңүттөрүнө Жалал-Абаддан кабарчыбыз Руслан Калматов кайрылат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мушташтын арты камак

Билим берүү министрлиги өспүрүмдөрдү туура багытка тарбиялоо, ар кандай тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча алты долбоор иштеп жатат. Анткен менен укук коргоочуларды мектеп, ата-эне эле эмес, жалпы коомчулукта балдардын жан дүйнөсүн таануу, сырын тартып, туура жолго салуу кызыкчылыгы болбой жатканына кабатырлануусун билдиришүүдө. Өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүн азайтуу, алдын алуу жаатында кандай аракеттер көрүлүп жатат? Кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов жооп издеп көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баланы баарыбыз тарбиялайлы