Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

“Караларга” каршы күрөш кайра жандандыбы?


Өкмөт күч органдарына уюшма кылмыш топ менен күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов жер-жерлерде жыйын куруп, кырдаалды талкуулады. Күч органдары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир ай ичинде натыйжалуу чараларды аныктоону тапшырды.

Соңку учурда кылмыштуу топ мүчөлөрү баш көтөрө баштады, күрөш солгундап кетти деген сын көп айтыла баштаган эле.

Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, аймактарда жумушчу жыйындарда эң ириде ушул жылдын май айында кабыл алынган "Уюшма кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы тууралуу сөз болду. Күч органдарына жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырмалар берилди:

- Жашырганда эмне, айрым райондордо, облустарда, атүгүл чакан айылдарда өзүнчө уюшкан кылмыш топтор пайда болуп калбадыбы. Ошолорго каршы жергиликтүү милиция, башка укук коргоо органдар, жергиликтүү бийлик жана коомчулук чара колдонушу керек. Экинчиси - Батукаевдин, дагы башкалардын топтору тигинтип атыптыр, минтип атыптыр деген сөз чыкты. ИИМдин Уюшкан кылмыш топторго каршы күрөш башкармалыгынын жетекчиси Москвага барып, кыргыздардын акчасын тоногондорду, бизнесин тартып алып жаткандарды, сабагандарды Орусиянын милициясы менен кармаса, алардын баары тең эле өзүбүздүн кыргыз жигиттер болуп чыкты.

Мамытов Орусияда кармалгандарды Кыргызстанга алып келүүгө аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жыл башынан бери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жалпысынан 12 адам уюшма кылмыш топтун мүчөсү деген шек менен кармалган жана 30дай кылмыш иш ачылган.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармалыктын башчысы Малик Нурдинов аймакта кылмыш топтун мүчөлөрүн кайра каттоо жана мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер менен байланышын аныктоо иштери жүрүп жатканын айтып берди:

- Түштүк облустары боюнча милициянын атайын каттоосунда 125тей киши турат. 2010-11-12-жылдары күрөш жарыяланганда көпчүлүгү ошондо катталган. Азыр эми ошол каттоого алынгандарды дыкат тактап туруп, 2013-жылы кабыл алынган уюшма кылмыш топторго каршы күрөш мыйзамынын негизинде башынан ревизиялап каттоого тийишпиз. Азыр ошондой иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Андан сырткары мамлекеттик ишканаларда, бизнес структураларда уюшма кылмыш топтор менен байланышы барларды аныктоо боюнча да жумуш катуу жүрүп жатат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев шаарда кырдаал көзөмөлдө экенин айтты, бирок соңку учурда кылмыштуу топтун жандануусун белгиледи:

- Кичине баш көтөрүү бар. Көлбаев келди, бул жакта отурат. Кармалгандардын көбү сот аркылуу чыкты. Бишкекте андай деле кырдаал жок. Мурункулар келип, эл деле бир аз коркуп жатат. Кимге келип атканын ачык айта албай жатат. Бирок шаарда тигиндей-мындай кылганга жол бербейбиз.

Турганбаев соңку учурда уюшма кылмыш топ менен күрөш солгундады деген дооматка негиз бар деген ойдо:

- Уюшма кылмыштуулук менен күрөш кылмыштуулукка каршы күрөштөн айырмаланып турат. Экөө бирдей эмес. Уюшма кылмышка каршы күрөшкө жүрөгү тоодой балдар керек. Мындайча айтканда, алар эки буттуу жырткычтардын жырткычтары менен күрөшөт да. Быйыл чынын айтканда толук кандуу жумуш деле болбой калды. Тигил-бул жак алмашты. Азыр эми аракет кылып жатышат. Бирок мен адис катары айтаарым: дагы структуралык өзгөрүүлөр керек. Техника, өзүнүн тергөөсү болушу керек. Мына, мыйзам кабыл алынды. Бул да жакшы башталыч. Бирок Жаза кодексине да бир нече өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин жакшы иштерди жүргүзсө болот.


2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин бийликке келгендер Кыргызстанда уюшма кылмыш топторго каршы катуу күрөш болоорун жарыялаган. Иштер бир канча этап менен жүрүп, топтор тыйылат деп ишендирген эле.

XS
SM
MD
LG