Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Мекенинде батпай, мекендештерин опузалап...


Кыргызстандан чыгып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү Орусиянын шаарларында ишкердик менен алектенген мекендештерин кысымга алып, салык алууга ыңгайлашууда.

Мындай көрүнүш Орусиянын жана Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын көңүл борборунан сыртта калышы бул өнөкөттүн кеңири жайылышына өбөлгө түзгөн.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети ички иштер органдарына жеткиликтүү иш алып барууну табыштаган.

Мигранттарды чүнчүткөндөр

Жакында Екатеринбург шаарында 20 жаштагы Мухаммед аттуу кыргыз жигитти белгисиз кыргыз тектүү адамдардын тобу уурдап кетип, анын ошол бойдон дайыны жок.

Жигитти барымтага алгандар анын жакындарына азыркы күнгө чейин эч кандай талаптарды коюшкан эмес. Муну аталган шаардагы кыргызстандык жердештердин өз ара араздашуусунун жыйынтыгы болушу мүмкүн деп божомолдогондор да бар. Орусиянын тартип коргоо органдары жүргүзгөн издөө иштери азырынча жыйынтык бере элек.

Орусиянын шаарларында кыргыз тектүү кылмыштуу топтун өкүлдөрү өздөрүнүн ал жактагы мекендештерин кысымга алып, салык төлөөгө мажбурлаган учурлар ондоп саналат. Бирок андай окуялардын көбүнүн бети ачылбай калып жатканын билдирди Жогорку Кеңештин укук тартиби комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков:

- Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү азыр деле Орусия менен Казакстандын аймагында качып жүрүшөт. Алар үйрөнгөн адат боюнча эле бул жактан барып иштеп жатышкан ишкерлерди калкалап, коргойбуз деген шылтоо менен салык салган фактылар орун алууда. Бербей койгондоруна ар кандай кысым көрсөтүп, мажбурлаган учурлар бар экен. Бул боюнча бизге ал жакта соода менен иштеген жарандарыбыз кайрылышты. Негизи биздин Ички иштер министрлиги ал жактын тартип коргоо органдары менен натыйжалуу иш алып барса болмок. Өз ара кызматташуу жеткиликтүү болбогондуктан улам ушундай көрүнүштөр көбөйүп жатат.

Буга чейин Орусияда соода менен алектенген кыргызстандык ишкерлердин атынан Жогорку Кеңештин наамына даттануу түшкөн. Анда Кыргызстандан барган уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү аларга ири суммадагы салык салып, опузалап жаткандыгы айтылган. Парламент бул маселени Орусиянын тартип коргоо органдары менен биргеликте териштирүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган болчу. Бирок андай көрүнүштөр дагы деле кайталанып жатканын айткан айрым соодагерлер жеке коопсуздуктан улам өздөрүнүн Орусиядагы дарегин жана ысымдарын ачыктоодон баш тартышты.

ИИМ: күрөш токтобойт

Ички иштер министринин маалымат борборунун жетекчиси Бакыт Сейитов азыркы күнгө карата ал жактагы уюшма топтордун ишине бөгөт коюлган деп ишендирди:

- Орусиянын Москва, Санкт-Петербург сыяктуу ири шаарларында кыргызстандык мекендештерине күч колдонуу, опузалоо же айрым учурларда “силерди биз гана коргойбуз” деп жалган ишендирүү менен салык салган учурлар катталган. Биз менен Орусиянын ички иштер органдарынын биргеликте жүргүзгөн иш-чараларынын негизинде алардын айрымдары кармалган. Кармоо учурунда алардын бирөө кабат үйдөн секирип кетип, жан берген. Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтордун издөөдөгү өкүлдөрү Орусиянын аймагында ээн-эркин жүрөт деген сөз туура эмес. Бирок ал жакта жаңыдан уюшуп алышып, "салык" чогултабыз деген майда топтор болушу мүмкүн. Андай топтор тууралуу конкреттүү маалыматтар тастыкталса, тез арада чара көрүлөт.

Серепчилер уюшкан кылмыш топтору Орусиядагы эмгек мигранттарынын арасында таасирин арттыруу аракетин көрүп жатканын белгилешти.

Ошол эле кезде талдоочулар мындай көрүнүштөрдүн себебин мамлекет өз жарандарын коргоону так аткара албай жатканынан көрүшөт.

Мына ошондуктан кылмыш дүйнөсү демилгени колго алып, чет жердеги кыргызстандык ишкерлердин коопсуздугун камсыздоо шылтоосу менен аларды салык төлөөгө мажбурлап жатканын мисал келтиришти.

Серепчи Руслан Ташанов:

- Кылмыш дүйнөсү эч качан чет өлкөдөгү биздин мекендештерди коргогон эмес. Бул алардын жөн эле шылтоосу. Бирок мамлекет биздин сыртка чыккан жарандарды жетиштүү деңгээлде коргой албаганынан алар демилгени колго алган болуп, анын арты менен таасирин күчөтүп жатышат. Мамлекет бул багытта күрдөлдүү чараларды көрүүгө тийиш.

Мындан бир жарым жыл мурун Кыргызстандын тартип коргоо органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялап, анын үч жүзгө жакын мүчөсү камакка алынган. Бирок алардын көпчүлүгү тергөөдөн жана соттон ар кандай жолдор менен бошонуп чыгып, өлкөдөн сырткары чыгып кетүүгө мажбур болушкан.

XS
SM
MD
LG