Жаңы шаарча куруу боюнча демилге

Иллюстрациялык сүрөт.

«Манас» аба майданы жактан бөлүнгөн конушка «Семетей» деген жаңы шаарча куруу боюнча жарандык демилге көтөрүлдү.

«Семетей-Биримдик» деген турак жай куруучулар бирикмеси баш калаага жандоочу болгон шаарча куруш үчүн Түркиядан көп кабаттуу үй курган инвестор табылганын жарыялап, аталган компаниянын өкүлдөрү шаарчанын болжолдуу башкы планынын бет ачарын өткөрүштү.

Бул курулуш долбоору 335 гектардан ашуун жерди ээлеп, 1 мрлд. 800 млн. долларга бааланууда. Жер тилкелерин берүүгө келишим түзгөндөргө батир берилип, калгандары бөлүп төлөө ыкмасы менен жеңилдетилген шартта үйгө муктаждарга сатыла турганы жарыяланды.

Социалдык багыттагы бул курулуш долбоорун ишке ашыруу канчалык деңгээлде реалдуу?

Инвестициялык долбоордун шарттары

Турак жай куруучулардын башын бириктирген «Семетей-Биримдик» жоопкерчилиги чектелген коому «Манас» аба майданы жактагы Ат-Башы айыл аймагына караштуу Лесное айылынын жанынан былтыр мамлекеттен бөлүнүп берилген 335 гектар жерге жаңы шаарча түптөө боюнча жарандык демилге көтөрдү.

Коомдук уюм тараткан учкай маалыматка караганда Манас айылына катарлаш жайгашкан конушка шаарча куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга Түркиянын SBT компаниясы макулдугун берген. Бул компания менен «Семетей-Биримдик» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча аталган курулуш долбоору 1 млрд. 800 миллион долларга бааланган.

Дагы караңыз Мамлекеттик ипотека: үй күткөндөрдүн үмүтү

«Семетей-Биримдик» жоопкерчилиги чектелген коомунун төрагасынын орун басары Ынакгүл Мураталиева бул келишимдин мазмунун чечмеледи:

«Бишкектин айланасында жаңы конуштардын саны алтымыштан ашып кетти. Бардыгы эле жепирейген жеке турак үйлөр. Ошондуктан биз инвестиция издеп жүргөн элек. Инвестор Түркиядан табылып, бул жерде бир эле батирлерди эмес, көп кабаттуу үйлөрдүн астына элге керектүү бардык жайларды куруу жагы сунушталууда. Бул жерде жерин берген жарандарга батир берилет, калгандарга узак мөөнөттүк бөлүп төлөө шарты менен сатылат. Бул жерде бала бакча, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилер да курулат».

Манас айылына катарлаш жайгашкан бул жаңыдан түптөлө турган конуштан жер тилкесин алган 4 миңден ашуун жаран, макулдашууга ылайык, жер тилкесин түркиялык компанияга өткөрүп берип, анын ордуна ал жерге жаңы курула турган көп кабат үйдөн аянты 70 чарчы метрден кем болбогон батир алышат. Мындан сырткары түркиялык компания турак жайга муктаж жарандарга 10 жылдык бөлүп төлөө шарты менен батирлерди сата турганы белгиленди.

Өнөктөштүктүн планы

Түркиялык SBT курулуш компаниясынын жетекчилеринин бири Сариэ Арслан айым бул инвестициялык курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча алгачкы кадамдар ташталып жатканын айтып, азырынча өкмөт менен расмий сүйлөшүүлөр жүрө элек экенин белгиледи:

«Биз алгач бир туугандыкка, достукка жана сүйүүгө маани беребиз. Андан соң гана акчаны ойлойбуз. Биринчи кезекте долбоор адамдарга пайдалуу болушу керек. Албетте бул долбоорду ишке ашырган киши пайда көрөт. Себеби бул жер тилкелерине курула турган көп кабаттуу үйлөр элдин башын бириктирген борбор болот. Кыргызстан да бүгүнкү дүйнөлөшүү доорунда ушундай деңгээлге келип калды деген ойдобуз. Бул Кыргызстанды заманбап, акча таба алган өлкө кылып, жаңы өнүгүү деңгээлине чыгарат. Бул 7-8 жылдын ичинде ишке аша турган долбоор. Мунун баары этап-этабы менен жүрөт. Ал эми долбоорду ким каржылайт? Кимдер катышат? Анын бардыгын 1-2 айдан кийин айтсак болот. Азыр архитектура маселесин карап, ишти тактап жатабыз. Ошолорду чечип алгандан кийин башкасына өтөбүз. Ошондуктан азыр ким инвестиция кыларын, баасы кандай болорун айтуу эрте. Бирок бул ишке аша турган долбоор. Кыргызстан үчүн экономикалык жана руханий пайдасы чоң долбоор болорунан эч шегим жок».

Дагы караңыз Акча соргон жел тамдар

Бул курулуш долбоорун иштеп чыгууга жардам берип жаткан архитектор Рысбек Көкөев баш калаадан сырткары аймакта шаарча куруп, борбордогу тыгындарды азайтуу жана анын инфраструктурасын жеңилдетүү демилгеси мурда эле көтөрүлгөнүн айтты. Анын айтымында, түркиялык инвестор заманбап шаарча куруу боюнча долбоорду ишке ашырса, баш калаанын бир топ социалдык кыйынчылыктары азаймак. Архитектор Рысбек Көкөев бул долбоор мурдагы концепцияларга туура келерин эске салды:

«Башынан аягына чейин чакан райондон турган бул шаарча биздин баш калаанын жандоочу болсун деген концепция бизде буга чейин эле бар эле. Азыр эми бул жердин тандалышы ошол концепцияга туура келип жатат. Узундугу 4 чакырымды түзүп, түндүктөн түштүктү карай жайгашып, туурасы 800 метрди түзгөнү шаарчаны долбоорлоо маселеси келип чыкты. Бул жерде азыр эми жердин кыртышын изилдеп алсак, андан ары карай иштер жыла берет».

Кандай тобокелчилик бар?

Түркиялык курулуш компаниясы Кыргызстандагы бул долбоорду ишке ашырууга 1 млрд. 800 млн. доллар инвестиция салуу ниетин билдиргени менен, анын каржылык эсептери боюнча толук маалымат бере элек. Азырынча бөлүп төлөөгө бериле турган батирлердин баасы да аныктала элек экендиги белгилүү болду. Ошондой эле жаңы шаарча куруш үчүн анын инфратүзүмүн камсыз кылууда өкмөттүк органдар менен иш алып бара турган жумуштар көп экени айтылды.

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков ири долбоорду ишке ашырууда кооптуу жагдайларды эске алуу керек экенин айтты:

Ишенбай Кадырбеков.

«Бекер алына турган жерге көп кабаттуу үйлөр курула турган болсо, жердин ордуна батир берүү менен кутулуу - бул абдан эле аз чыгымды түзөт. Себеби бизде жердин баасын билишпейт. Чет өлкөлөрдө жер өтө кымбат. Ошондуктан түрк ишкерлери кызыгып жатышы мүмкүн. Бирок ушундай ири долбоорлорду баштап жатканда кооптуу жагдайларды эске алыш керек. Биринчи кезекте шаарча түшө турган жердин инфратүзүмүнө кете турган чыгымдарды ким көтөрөт? Ал жакка электр энергиясын тартып баруу, таза суу өткөрүү, канализация сыяктуу түзүмдөрдү киргизүү иштери оңой болбойт. Бул маселелер мамлекеттик бийлик органдары менен бирге чечилбесе, анда курулуш компаниясы көп кабаттуу үйлөрдү куруп берип коюп эле кетип калышы мүмкүн».

Буга чейин көп кабаттуу үйлөрдү куруп, батир сатуу тажрыйбасы Бишкек шаарында көп түйшүк жаратып, жүздөгөн кардарлар алданып, ишкерлер камалган фактылар болгон.

Андай чуулгандуу кылмыш иштеринин алгачкысы катары 2006-жылы «Азия Курулуш» корпорациясына байланышкан окуя катталып, жетекчиси шылуундук кылган деп айыпталып, камакка алынып, кесилип кеткен. Ошондуктан талдоочулар курулушка ири өлчөмдө инвестиция салууга байланыштуу иштердин артында кандайдыр бир көз боёмочулук болушу ыктымал экенин да жокко чыгарышпайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.