Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:07

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы үлүшчүлөрдүн көйгөйүнө арналды.

Кыргызстанда акыркы жылдары курулуштун күчөшү менен алдамчы компаниялардын саны көбөйдү. Натыйжада турак жай алуу үчүн алдын ала акчаcын берип коюп, көчөдө калган жарандардын саны жүздөп саналууда. Өз кезегинде мамлекет алдамчы курулуш компанияларга эч кандай чара көрө албаганын айтып, муну тийиштүү мыйзамдын жоктугу менен түшүндүрүштү. Ал эми миңдеген долларын берип көчөдө калган үлүшчүлөр абал ушундай улана берсе радикалдуу чараларга барарын жашырышпайт.

Ушул жылдын 6-майында “Иска строй” курулуш компаниясы салып жаткан үйдөн батир алам деп акчасын төлөгөн үлүшчү алтынчы кабаттан секирип өлөм дегенге чейин барды. Анткени үй алуу үчүн банктан насыя алган. Үйдүн кожоюну болом деген үмүтү өчүп, көчөдө калганына көзү жеткенде өз жанын кыйгысы келген экен.

Ал көп кабаттуу бул үйдөн батир алалы деп баш-аягы алтымышка жакын адамдын эң азы он миң доллар, айрымдары 40 миң долларын төлөп коюшкан. Келишим боюнча алар 2015-2016-жылдары эле кирмек. Бирок акчасын алаарда кызматкерлери компаниясынын жетекчиси Нарынбек Сариевди таппай же акчадан жок, же үйдөн жок ай талаада калышкан экен.

Айласы кеткен үлүшчү өз жанын кыюуга баратканда компаниянын ың-жыңын билдирбей жүргөн компания жетекчиси Нарынбек Сариев ал жерге келип, ажалга моюн сунган кызга убадасын кайталады. Бирок анын үй курулуп бүтөт дегенине үлүшчүлөрдөн эч кимиси ынанган жок.

Бүгүнкү күндө кризиске кабылып, курулушу токтоп калган компаниялардын арасында О.П.П.С, “Мастер групп”, “Архстройгрупп”, “Нур багыты” өңдүү бир катар фирмалардын үлүшчүлөрү сыртта калганын айтып даттанышууда.

Ара жолдо калган үлүшчүлөр эми кимге кайрыларын билбей бейпайда. Алардын көйгөйүн түшүнгөн адистердин айтымында, үлүш курулушун жакшылап жөнгө салган мыйзамдын жоктугу курулуш фирмаларынын жоопкерчиликтен качуусуна өбөлгө түзүп жатат.

Үлүшчү жарандын акчадан да, үйдөн да куру калышына Кыргызстандагы үлүш курулушун жөнгө салган жана көзөмөлдөгөн мыйзамдын жоктугу башкы себеп. Курулуш компаниясы менен үлүшчүнүн ортосундагы мамиле 2-3 барактан турган келишимдин негизинде гана түзүлөт.

Миңдеген үлүшчү көчөдө калса да мамлекеттик кепилдик жок. Конституциянын 12-беренесинде “Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес” деп жазылган талапты аткарууга өкмөт менен парламенттин баш ооруткусу келбегендей. Анткени бир жыл мурун сунушталган өтө зарыл бул мыйзам долбоору парламенттин кароосуна кире элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG