Сузакта Ташиевге эстелик койгону жатышат

  • Ырысбай Абдыраимов

Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Эргешов эстелик коюлчу постаменттин жанында, Барпы айылы, 14-май, 2013.

Камактагы депутат Камчыбек Ташиевге жердештери эстелик тургузмакчы. Саясатчы төрөлүп-өскөн Сузактын Барпы айылдык кеңешинин чечими менен таштан жасалчу эстеликтин бийиктиги 3,5-4 метр болуп, ага 200 миң сомдой сарпталат. Айрымдар көзү тирүү маалында адамга эстелик тургузуу этикага туура келбесин айтууда.
"Ата-Журт” партиясынын абактагы лидери Камчыбек Ташиев туулуп-чоңойгон Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешинин эстелик коюу чечимине жергиликтүү 12 депутат менен ошол айылдагы жаштардын кайрылуусу себеп болгон.

Демилгечи депутаттардын бири Дөөлөтбек Эргешов Ташиевдин эстелиги айылдан чыккан атактуу инсандар: төкмө акын Барпы Алыкулов, акын Түмөнбай Байзаков, башкарма Аттокур Азимканов жана атактуу койчу Данияр Чойбековдун айкелдеринин катарына бешинчи болуп коюлаарын айтууда:

- Барпы айылдык кеңешинин 4-майдагы төртүнчү сессиясында ушундай чечим кабыл алынып, ал айыл өкмөттүн бюджетинен каржылансын деп айтылган. Биздин айыл өкмөттүн бюджети буга жетет. Айыл өкмөтүбүз бай айыл өкмөттөрдүн катарына кирет. Эстеликтин жалпы узундугу үч жарым, төрт метрге жетет. Анын баасы эки жүз миң сомдун айланасында болот. Айкелдин автору – скульптор, Бишкектеги Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүп келген Курманбек Бакиров деген барпылык жигит. Ал Барпынын, Түмөнбай Байзаковдун, Аттокур Азимкановдун, Данияр Чойбековдун эстеликтерин жасаган. Сузак районундагы көптөгөн айкелдердин автору. Курманбек баатырдын эстелиги боюнча сынакка да катышып, биринчи орунду ээлеп, бирок аны ошол убакта четтетип коюшкан.

Айылдын дагы бир депутаты Абдыманап Карагулов Ташиев керек болсо Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына да татыктуу деп эсептейт. Муну ал Камчыбек Ташиев кезинде айылга жол, көпүрө, эки кабат ФАП, мечит, спорт комплекс куруп, таза суу чыгарып бергени, мектеп, балдар бакчаларын, турмушу жармачтарды колдогону, 2010-жылкы июнь окуясында арачылык кылып, кыргындан элди сактаганы өңдүү кызматтары менен байланыштырды:

- Камчыбек Ташиев – көп балалуу бүлөдөн чыккан Жогорку Кеңештин депутаты. Кезегинде өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда да кыргыз журтчулугуна алгылыктуу иштерди жасаганын бардыгы билет. 2010- жылы июнь айындагы коогалаңда улуттар аралык ынтымакты да ушул жигит бекемдеп калды. Ош, Жалал-Абадда коогалаң болгондо эл коркунучта турган. Ошондо ал эл арасында болуп, элди сабырдуулукка, ынтымакка, биримдикке чакырганы эсибизде. Эгер кыргыз мамлекетиндеги чыгаан жигиттердин бардыгы ушу Камчыга окшоп, элдин турмушун, социалдык-экономикалык абалын көтөрүп, өлкөнү өнүктүрөм деп өз каражатын элге жумшаса, биз тышкы карызыбызды алда качан эле төлөп бүткөн болот элек.

Бирок ошол эле учурда Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жунус Абдыкадыров жергиликтүү бюджеттен эстеликке каражат каралбаганын айтат:

- Жергиликтүү бюджеттин 2013-жыл үчүн чыгаша бөлүгү сессияда бекитилип бүткөн. Эстеликке каражат каралган жок. Ал демөөрчүлөрдүн эсебинен курулат.

Ошол эле кезде тирүү кезинде эстелик тургузуу адеп-аклакка туура келбесин айткандар да бар. Жалал-Абаддын тургуну Динара Атабекова ушундай ойдо:

- Адам тирүү турганда эстелиги болушу такыр мүмкүн эмес, мен мындай пикирлерге кошула албайм. Эстелик мамлекетке зор эмгек сиңирген кайсы бир адамга көзү өткөндөн кийин коюлса жакшы болот деген ойдомун.

Камчыбек Ташиевге эстелик тургузганы жаткандар болсо айкел бир-эки ай ичинде бүтүп калаарын айтууда.