Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Жалал-Абад: Митингчилер эки боз үй тикти


Митингчилер аянтка боз үй тигип жатат. Жалал-Абад, 6-март, 2013.
Митингчилер аянтка боз үй тигип жатат. Жалал-Абад, 6-март, 2013.

Камактагы үч депутаттын жактоочулары облакимчилик алдына эки боз үй тигип, нааразылык акциясы мөөнөтсүз экенин жарыялады.

Жалал-Абад обладминистрация алдына эки боз үй тигилип, камактагы үч депутатты жактагандардын мөөнөтсүз митинги улантылды. 6-мартта облбийлик имаратына кирген аялдарга бүгүн башкалар да кошулду. Айрым тургундар бийлик имаратына кирип олтуруу туура эмес жана митингдер туруктуулукка доо кетиреерин билдиришти.

Шаршембиде облбийлик имараты алдындагы аянтка эки боз үй тигилип, камактагы үч депутаттын тарапкерлеринин саны артты. Бул нааразылык акция мөөнөтсүз деп жарыяланды. Кечээ облбийлик кеңсесине кирип алышкан баатыр энелер дале имараттын ичинде нааразылыгын улантууда. Облбийлик имараты тосулган темир кашааларга “Атажуртчу” депутаттарды бошотуу, Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу жана баш прокурор Аида Салянованы кызматтан кетирүү талаптары жазылган тасмалар илинди.

Жалал-Абаддагы митинг, 6-март.
Жалал-Абаддагы митинг, 6-март.
Акцияда сүйлөгөн Арапбай Султаназаров маселени мыйзамдагыдай кайрылуу менен чечүү жагын сунуштады:

- Мөөнөтсүз митингге чыктык. Мыйзам менен иш кылыш керек. Милициянын да, бийликтин арасында да жакшы адамдар бар. Жакынкы талап – үч балабызды камактан чыгарып берсин! Сотто буларга бир кылдай айып коё алган жок, күнөөсүз эле кармап отурат. Ошол үчөөнү чыгаруу менен алардын беш айда камакта отурганы үчүн компенсациясын төлөп берсин!

Облустагы акцияларды уюштуруу комитетинин башчысы Медер Үсөнов жергиликтүү бийлик жана милиция коопсуздукту сактап жатканын белгиледи:

- Бул жерде митинг кылуу менен бир жерди басып алуу ниетибиз жок. Бийликтин ээси ким, элби? Демек, ошо имарат дагы биздики, бийлик башында отургандар да ушу эл үчүн кызмат кылат.

Митингдердин жаңы толкуну башталганына Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кафедра башчысы Айтмамат Оморов кабатыр. Анын ырастоосунда, турмуш-жашоосун оңдоо ар бир адамдын өз колунда, аялдардын облбийлик кеңсесинде олтурушу да туура эмес:

- Өзү кыргыздын түбүнө той, митинг, майрамдар жете турган болду. Иштебей эле тойлоп, митинг кылып, майрамдап жүрүп атабыз. Кыргызстанда акыркы жылдарда митинг, жол тосмой аябай күч алып кетти. Кичине бирдеме болсо эле “бошотуп алабыз, тигинтебиз, минтебиз”, - дешип эле митинг өткөрүп, элди иштетишпей, алагды кылып атышат. Бирөөнүн үйүнө бирөө кирип барып, отуруп алса эмне болот? Андай болбойт да. Мыйзамды сыйлап, митингди токтотуп, ишке өтүүбүз керек. Жаз келди, мына...

Облбийлик кеңсесинин ичинде 63 аял нааразылыгын улантууда. Чаткалдан келген баатыр эне Эркинбү Мамбетова талаптары тууралуу буларды айтат:

Облакимчиликке кирип алган аялдар.
Облакимчиликке кирип алган аялдар.
- Мен Чаткалдан келдим, угуп алып. Жашым алтымыш беште. Чаткалда бир күмбөз бар. Ошо күмбөздү Камчыбек Ташиев жакшынакай кылып оңдоп, үстүнөн суу өткүс кылып жалтыратып, сонун кылып койгон тим эле. Анан жолду оңдоп берем деген дагы көп тилектери бар эле. Ушундай жакшы иштерди жасап берип атса, мен да өзүм келдим, ага күйгөнүмдөн. Менин өзүмө ал эч нерсе жасап берген эмес. Эл үчүн жакшы иш жасаган баланы камап койсо, жакшыбы? Ташиевди чыгармайынча бул жерден кетиш жок, олтура беребиз.

Укук коргоочу Индира Жангибаева кайтарууга алынган имараттардын тизмесинде турган облбийликтин ичинде олтуруу туура эместигин аялдарга түшүндүрдү. Бүгүн өлкөнүн укук коргоочулар кеңеши нааразылыкка чыккан аялдардын зомбулук жана агрессиялык аракеттерин айыптаган билдирүү да таратты. Мындай маселени жергиликтүү бийлик, милиция, прокуратура кызматкерлери да коюп жатышат, бирок аялдар ал жерден чыгаар түрү жок:

- Митингдин кереги жок болчу. Бул иш бир айдан бери айтылып эле келаткан. Алдын алыш керек эле. Биздикилер дайыма бир чуу чыккандан кийин анан эсине келишет. Энелерди сыздатып, ыйлаткан ушундан улам болуп атпайбы! Ташиевдин эжелери, карындаштары да бар экен. Бул энелерди деле түшүнүү керек. Арасында кан басымы жогорулары бар экен. Аларды сүйлөшүп, үйлөрүнө кетирдим. Бир да эненин башына мындай түйшүктү салбасын, - дейт укук коргоочу.

Акция эртең да улана турган болду. Бүгүн митингди уюштуруучулар ага 2000, байкоочулар 1500, милиция 500 адам катышканын билдирди.


“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, парламенттеги фракция башчысы Садыр Жапаров жана депутат Талант Мамытов 3-октябрдагы митингден кийин “Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган”, “Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган” деген айыптар менен камакка алынышкан. 3-октябрдагы митинг Ак үйдүн короосуна мыйзамсыз кирүү аракети менен аяктаган.

Камалган депутаттар өздөрү бул боюнча козголгон кылмыш ишти саясий буйрук деп эсептээрин айтып келет. Бул окуя боюнча иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG