Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Ош: Таратылган дисктерде эмне сыр бар?


Ошто таратылып жаткан дисктер.
Ошто таратылып жаткан дисктер.

Ошто Кумтөрдүн ишин токтотуу жөнүндө дисктер жана жазга маал митингдерге чыгуу чакырыктары жазылган гезит-баракчалар таратылууда.

Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында жалпысы 10-15 миңдей диск жайылганы жөнүндө маалымат бар. Милиция болсо мында мыйзамга каршы келген видеолор жок экенин жана бул массалык түрдө эмес экенин тастыктоодо.

“Ууланган Кумтөр” деп аталган диск кендин зыяндуулугу жөнүндө башталып, анын аки-чүкүсү жөнүндө толук маалыматтарды баяндайт. Аймакта 10-15 күндөн бери таркалып жаткан диск колдон-колго өтүп, көрүлүп жатканы кеп болууда.

Ош шаарынын жакасындагы Учар айылында жашаган Турсун Жумабеков анын үйүнө дискти белгисиз бирөөлөр калтырып кеткенин айтууда:

- Мен алгач диск жөнүндө көчөдө жүрүп уктум эле. Анан эртеси эле үйгө барсам, биздин айылда да таркатып жүрүшүптүр. Үйгө аялыма таштап кетишиптир. Анан толук көрүп чыктым. Анда ошол Кумтөр жөнүндөгү чындыктын баары чыгыптыр. Ташиев менен Жапаров айтып аткан акыйкат ачык берилиптир.

Дискте негизинен Акаев мезгилинен баштап, Кумтөр алтын кенинин тагдыры, Барскоон окуясы, Кумтөр боюнча депутат Садыр Жапаровдун иликтөөсү жана Жогорку Кеңеште сүйлөнгөн сөздөр чыгылдырылган. Ошондой эле 2012-жылдын 3-октябрындагы Кумтөрдүн ишин токтотуу митингдери берилип, “Ата Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун камалышы жөнүндө кенен айтылган. Окуя боюнча УТРК жана башка телеканалдар жасаган материалдар да бар. Ырчы Сагынбек Момбековдун “атажуртчу” депутаттар жана алтын кени жөнүндөгү ыры да кошулган.

Бирок минтип жаз утурлай таркатылып жаткан дисктин максатын карапайым тургундар ар башка жоруп отурушат:

- Негизи буга чейин деле кайсы бир көйгөйдү алып чыгышып, анан ошо менен митингдерди чыгарып, анын артынан революцияларды кылып келатышпайбы. Анан бул дагы ошо сыяктуу эле нерсеби деп турабыз. Адамдардын арасында болсо 15-мартта бүткүл элдик чоң митинг болот деп айтып жүргөндөр бар. Дисктин таралышы деле кайсы бир деңгээлде ошол акцияларга элди моралдык-психологиялык даярдоо сыяктуу туюлуп жатат. Анткени аны көргөндөрдүн айрымдары азыр эле дээлигип алышкан, - дейт учарлык Турсун Жумабеков.

Аймакта мындай дисктер менен кошо ушул эле маанайдагы гезит-баракчалар да таркатылып жатканы кеп болууда. Ачыктан-ачык митингге чакыруулар айтылбаган менен бул аракет элди козутууга багытталгансыйт дешет адистер.

Жергиликтүү байкоочу, “Кыргыз-Ата” партиясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев бул иш кимдир-бирөөлөр тарабынан атайлап эле уюштурулуп жатканынан күмөн санабайт:

- Ушунча диск чыгарууга, таратууга канча акча кетет, аны бирөө каржылап атат. Алардын ким экенин күч органдары айтышар, бирок билишимче дисктер, баракчалар өтө көп таратылып жатат. Ошол эле Нарында, Ысык-Көлдө, Жалал-Абадда, Ош жана Баткен облустарындагылар көрүп жатканын тактадым. Ар бир районго миңден диск таратылды дешти. Өзгөчө Ош облусунда 10 миңдей, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 5 миңден таркатылды деп уктук. Кумтөр жөнүндө айтылып жаткан менен негизги маселе башка - элдин нааразылыгын күчөтүп, массаны көтөрүү аракети бар.

Келдибаевдин белгилешинче, жазды утурлай болуп жаткан бул аракеттер мындан башка массалык баш аламандыктарга да ширеңке тамызышы мүмкүн:

- Азыр ар кандай сценарийлер ойнолуп кетиши мүмкүн. Митингдер чыгат, же парламент тарайт деген сөздөр бар эл арасында. Ага алдын-ала эле даярданып, баннер, плакаттарын көрүнгөн жерге илип атышат. Жаңы партиялардын жүзү чыгып атат. Эски партиялар болсо жанданып, бир нерсеге даярданып аткансыйт. Бир облустан бир облуска, бир райондон бир районго каттап, эл аралагандар болуп атат. Кээлери болсо залдарда спортсмендерди машыктырып жатат деп да жатышат. Эми мунун баары кандай максаттарда экенин түшүнүү оңой эмес. Анан эми мартта кандайдыр бир саясий иш-чаралар башталса, так ушул сыяктуу диск, баракчалардын салымы менен болот.

Ал эми милиция болсо бул ишти мынчалык кооптуу кылып көрсөтүүнүн кереги жок экенин тастыктоодо. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев азырынча бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын айтат:

- Кумтөр жөнүндө буга чейин чыккан, эл арасындагы, же журналисттердеги видеолорду эле көчүрүп, чогултуп чыгарып коюшкан. Мында бир мыйзамга каршы келе турган деле нерсе жок. Анан бул эми массалык түрдө, же көп санда деп айтууга да болбойт. Азыр Ноокат жана Кара-Суу райондорунда таркаткан 2 учур катталган. Алардан деле 10го жакын диск, 15тей гезиттер алынган. Гезитте деле Кумтөр маселесине байланышкан “Кумтөрдү кайта алышыбыз керек?” деген сыяктуу макалалар бар. Бүгүнкү күндө кимдер тарабынан таркатылып жатканы боюнча биздин оперативдик топтор иштеп жатат.

Канткен менен жаз жакындаганы аймакта өз алдынча эле митинг-пикеттерге даярданып алгандар көп. Бир чети ар жаз сайын салтка айланып калган нааразылык акцияларына карапайым калк көнүп деле калгандай.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG