Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Оппозиция "саясий дааватка" аттанат


Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр жыл жаңыргандан кийин "саясий дааватка" чыкканы жатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Эл үнү” саясий кыймылынын өкүлү Азимбек Бекназаров билдирди.

Аталган кыймыл Бишкекте 26-декабрда экинчи жолу жыйынга чогулду. Анда Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо боюнча 10 миңден ашык кол чогулганы айтылып, Кумтөр маселеси чечилмейинче башка кендерди аукцион аркылуу сатууга убактылуу тыюу салуу чечими кабыл алды.

Азимбек Бекназаров "саясий дааватты" күрөштүн жаңы ыкмасы деп атады. Жыл жаңыргандан кийин жер-жерлерди кыдырып чыгышарын "Азаттыкка” билдирди:

- Мисалы, 457 айыл өкмөтү болсо, бештен киши барып, жанагы дааватчыларга окшоп 10 күн ошол жакта жатып, элге түшүндүрүп иш кылабыз. Бул жакта отуруп алып бийликке эле асыла бербей, элге баралы деген маселени козгоп атабыз. Жаңы жылда айлап элге чыгабыз.

Бекназаров мындай "саясий дааваттарда" эң ириде Кыргызстандын кен-суу байлыктары тууралуу түшүндүрүп, эл менен пикир алышарын кошумчалады.

“Эл үнү” саясий кыймылынын жыйынында Кумтөр боюнча маселе чечилмейинче башка кендерди аукцион аркылуу сатыкка коюуну убактылуу токтотуу чечими кабыл алды. Кендерге элдик көзөмөл керектиги, жер-жерлерде кен байлыктарды коргоо комитетин түзүү демилгеси айтылды.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков азыркы бийлик оппозициянын үнүн угушу керектигин белгиледи:

- Азыркы оппозиция колунан келишинче конструктивдүү иштешкенге аракет кылып жатат. Мисалы, Кумтөр келишимин денонсация кылуу боюнча кол топтоп бүттү. Өткөн жыйында 10 миң адамдын колу керек деп айтылган. Цивилизациялуу түрдө он миң адамдын колун топтоп берди. Аны парламент карашы керек. Цивилизациялуу, конструктивдүү жол менен кетип атат. Аны бийлик угуп, сүйлөшүшү керек. Эгерде укпай, бут тосо берсе, оппозиция агрессивдүү оппозицияга айланып кетиши мүмкүн.


3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Соңку учурда оппозиция жаңыланбай, жаңы муун менен толукталбай жатат деген сын арбын айтылат. Ушундан улам эски гвардияны эми эл ээрчийби деген суроо туулат.

Азимбек Бекназаров оппозициянын жаңырбай жатканынын объективдүү себептери бар экенин айтты:

- Кыргызстанда жаш саясий толкун көрүнбөй жатпайбы. Аны өзүңөр деле көрүп жатасыңар. Шайлоо болуп атат, анда деле баягы эскилер жеңип атат. Себеби жаш толкун болсо да алардын каражаттары аз, өздөрүн өздөрү араң багып атат, чет өлкөлөргө чыгып кеткен. Бул объективдүү себептер. Бул жерде оппозициянын лидерлигине жулунган, жутунган эч ким жок. Анткени көрүп атасыңар, оппозиция болсоң камакка түшүшүң мүмкүн, бала-чакаң, урук-тууганың куугунтукка кабылышы мүмкүн.

Оштогу “Адам укуктары жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбековдун баамында, оппозициянын "саясий дааваты" эл арасында түрдүүчө кабыл алынышы мүмкүн:

Идирис Кубатбеков
Идирис Кубатбеков
- Албетте элдин маанайы бир кылка эмес. Себеби кышка өкмөттүн даяр болбой калганы, Бакиевдин мезгилиндей эле светтин улам-улам өчүп жатышы, ошол эле мезгилдей камап-кармоолордун болушунан улам элде бийликке нааразы тарап бар. Ошол эле мезгилде азыркы оппозицияга ишенбеген да тарап бар. Себеби бүгүн оппозициябыз дегендер убагында мамлекеттик бийликте турган менен жеткиликтүү реформа жасап, өздөрү айткан тазалануу, элдин мүлкүн элге алып берүү саясатын аягына чыгарбай, кайра өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп келген саясатчылар болгон. Ошондуктан "саясий дааваттын" үзүрүн белгилүү бир мөөнөттөн кийин гана айтышыбыз мүмкүн.

Оппозициялык “Эл үнү” саясий кыймылы ушул айдын башында түзүлгөн. Ага ондон ашык партиялардын жана коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү киргени кабарланган.

XS
SM
MD
LG