Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

“Ата-Журт” чегине турууну чечти


"Ата-Журттун" камактагы депутаттарын бошотууну талап кылган митинг. Бишкек, 17-октябрь, 2012.
"Ата-Журттун" камактагы депутаттарын бошотууну талап кылган митинг. Бишкек, 17-октябрь, 2012.

Оппозициялык “Ата-Журт” партиясы саясий акцияларды токтото турууну чечкенин жарыялады.

Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө ыңкылап, төңкөрүштөргө байланыштуу уу-дуу сөздөр токтобой койду. Андай сөздөргө жер-жерлерде өтүп жаткан митингдер, курултайлар негиз берүүдө. 13-мартка белгиленген курултай да түрдүү түкшүмөлдөрдүн булагы болуп калды. Талдоочулар кырдаал туруксуз, бирок элдин нааразылыгы бышып жетиле элек деп билдирүүдө.

Ташиевдин талабы

Расмий бийлик өлкөдөгү кырдаалды кооптуу эмес деп жарыялады. Мындай билдирүүнү күч структураларынын жетекчилери 9-мартта башкаруучу коалициянын жабык жыйынында жасашкан.

Жалал-Абаддагы митинг, 6-март, 2013.
Жалал-Абаддагы митинг, 6-март, 2013.
Оппозициялык “Ата Журт” партиясы аны ырастагандай саясий акцияларды токтото турууну чечти. Бул тууралуу партиянын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов дүйшөмбү күнү жарыялады. Анын айтымында, партиянын лидери Ташиевдин талабы ушундай болду. Сот бүткөнгө чейин митингди Жалал-Абадда да токтото турууну Ташиев суранган.

Бирок 11-мартта облус борборуна чогулган эл митингди уланта берүүнү чечти дейт партиянын активисти Жеңиш Токторов:

- Бизди дагы алдап коёт. Ошон үчүн биз митингди токтотпойбуз. Сот бүткөнгө чейин күн сайын митингге чыгабыз деп жатышат. Демек митинг токтобойт.

Кубалашкан курултайлар

Өлкөдөгү түрдүү түкшүмөлдөрдүн булагы болгон иш-чаралар токтобой жатат. Маселен, 9-мартта Таласта өлкөгө анча белгилүү эмес күчтөр курултай өткөрүштү. Алар “Улуттук улуу биримдик” аттуу кыймыл түзүштү. Маалыматка караганда, курултайга региондордон келген делегациялар катышты. Курултайда кайрылуу кабыл алынып, анда парламентти таратуу, Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу, кендерди казууга мораторий жарыялоо талаптары коюлду.

Ушундай эле талаптар менен 13-мартта Бишкекте “Кыргызстанды сактоо кыймылы” курултай уюштурууну белгилеген. Кыймылдын лидери Мукар Чолпонбаев курултай Бишкектин борбордук аянтында өткөрүлөрүн, ага 5 миң киши чакырылганын билдирди:

- Биздики расмий түрдө курултай болот. Курултайга чакырылгандар беш миң. Жети талабыбыз бар. Алар маалымат каражаттарына жарыяланган. Президентке тапшырылган, баарына берилген.

Чолпонбаевдин айтымында, алар 11-мартта ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен жолугушуп, курултайды мыйзам чегинде өткөрүүнү макулдашты.

Бийлик өкүлдөрүндө ачык асман алдында өтө турган курултай митингге айланып кетпейби деген чочулоо да жок эмес. Мына ошондуктан “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов бийлик баарына даяр болуш керектигин билдирүүдө.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев шайлоо системасын өркүндөтүүгө киришти. Президенттин маалымат кызматынын дүйшөмбү күнү билдирүүсүнө караганда, Алмазбек Атамбаев шайлоо мыйзамдарын иликтеп, аны өркүндөтүү боюнча тийиштүү сунуштарды берүүнү өз аппаратына тапшырды.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңешти таркатууга каршы чыгып, андан көрү кезектеги шайлоого даярданууну оппозицияга сунуштаган. Ага чейин бийлик да шайлоону эл ишене тургандай кылып өткөрүүгө кам көрөрүн билдирген. Белгилүү болгондой, шайлоодогу адилетсиздик өлкөдөгү нааразылыктын булактарынын бири болуп келет.

Белгилүү талдоочу Валентин Богатырев жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда, кырдаалды өтө коркунучтуу, туруксуз деп баалаган. Бирок бийликке каршы массалык жек көрүүчүлүк топтоло элек, эгерде бийлик элдин нааразычылыгын жубатууга чара көрбөсө, анда ал мезгилдин гана маселеси болуп калаары белгилеген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG