Көп аял алуу улут уңгусуна балта чабабы?

Иллюстрация

Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгеси эми диний аалымдар тарабынан көтөрүлө баштады.

Бул багытта маал-маалы менен жасалып жаткан аракеттерди укук коргоочулар мыйзамдын иштебегендигинин кесепети деп жатышат. Көп аял алуу Кыргызстанда кылмыш катары саналат. Бул кылмышты жасагандарга эки жылга чейин жаза чектелген.

38 жаштагы Чынара төрт баланын энеси. Ай чырайлуу. Ден соолугу да кудайга шүгүр. Ушул кезге чейин анча-мынча сасык тумоологону болбосо ооруканага жаткан эмес. Ошого карабай күйөөсү жаш токол алып, өзү байбиче атыкты. Күйөөсү мындай кадамга Чынаранын эркине да, шариятка да каршы барды.

- Күйөөң экинчи аял алып атса аябай жаман болот экенсиң. Жөн эле мисал, жаңы эле төрөп келип, төрөт үйүнөн келсең карабай тигил жагына кетип калат. Кээде барбай калган күндөрү тигил аялы да чалып алып "эмне жибербей жатасың" деп башыңды оорутат. Ошондо эмне кыларыңды билбей, менин укугумду ким коргойт, кимге кайрылам деп жаман болот экенсиң.

Иллюстрация

Ошентип Чынара тагдырдын буйругу менен кош жубайдын бири болуп жашап жүрүп, аялга карата үй-бүлөдөгү теңсиздикти жон тери менен сезди. Байбиче атыкканым эле болбосо, башкы жабырлануучуга айландым деди “Азаттыкка” ыймандай сырын ачып отуруп:

- Үч кишинин ортосунан карап келгенде биринчи аялынын укуктары көбүрөөк тебеленет деп ойлойм. Анткени биринчи аялы күйөөсүнүн, ал тургай токолдун алдында да кемсинтүүгө дуушар болот. Барбайсың десе урушат, кол көтөргөн учурлары болот. Мен сени багып атам, унчукпай отура бер дегендей материалдык жактан зомбулукка туш болот.

Токол деле жыргап кетпегенин экинчи аял болгон Махабат аттуу дагы бир келин “Азаттыкка” берген маегинде тасыктады. Балдары менен жесир калган Махабатты бир молдо соопчулук үчүн деп, экинчи аял кылып алып, пайдасын көргөндөн кийин “талак” берип башка аялга кетип калган экен:

- Экинчи аял кылып алган. Мен бирөөнүн көз жашынын үстүнө үй курбайм деп каршы болгом, ал бул маселе чечилгенин айткан. Бир жыл эшектей иштеп, акчаны алып басып кетти. Азыр башкага үйлөнүп алды. Телефондон үч талак берип койду. Укугум да бузулду, оорулуу да болдум. Биринчи аялын көргөн да жокмун, ал деле мендей жаралуу болуп калды да. Бул башымдан өткөн окуя. Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт дейт, эки аял алган туура эмес.

Бүбүсара Рыскулова

Үй-бүлө зомбулугуна кабылгандарга колдоо көрсөтүү менен алектенген “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова көп аял алуу аялдарды эле эмес, байбиче-токолдун балдарын да жабыркатат дейт:

- Мындай шартта биринчисиби, экинчисиби, үчүнчүсүбү кыз-келиндердин укугу бузулат. Мыйзам жок болгондон кийин ачык чыга алышпайт, атам ушул киши деп ачык айта албайт.

Башынан өткөндөр минтип көп аял алуудан чыккан теңсиздикти канкакшап айтып, укук коргоочулар алардын таламын талашып безилдешкени менен, ага каршы мыйзамдуу аракеттер өтө солгун болууда. Эл арасында кайсы депутаттын, аткаминердин же ажынын канча аялы бар экени ачык айтылып, өздөрү аны тастыктап жүрүшсө деле мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылгандар жокко эсе. Акыркы төрт жылда беш гана кылмыш иши козголгонун парламенттеги отурумдардын биринде вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев да айтканы бар.

Анысы аз келгенсип диний чөйрөдө көп аял алууга ачык эле чакырыктар айтыла баштады. Маселен, таасирдүү диний аалымдардын бири саналган Чубак ажы Жалиловдун аттуу-баштуу бардык саясатчыларды экиден-үчтөн токол алууга үгүттөгөн видео тасмалары социалдык тармактар аркылуу тарады. Мындай чакырыктарды диний ишмер кыргыз кыздарынын башка улуттарга кетип жатышы менен негиздеген.

Чубак Жалилов

Чубак ажынын “...Эки аялдан кемдер депутат болбош керек деп киргизип коюш керек...” деген өңдүү демилгелерине ошол эле парламентке барабыз деп ат салышып жаткан саясатчылардын бири дагы каяша кылышкан жок. Өмүрлүк жар тандоого улуттук, географиялык чек коюу фундаменталдык укук бузууга жатарын аалымдардын эсине эч ким салган да жери жок.

Көп аял алуу демилгесин Кыргызстанда алгачкы жолу 2005-жылкы март ыңкылабынан кийин юстиция министри Марат Кайыпов көтөрүп, коомчулуктун каршылыгына кабылган болчу. Муну ойноштукту мыйзамдаштыруу аракети деп айыптагандар болгон.

Публицист Кален Садыкова азыркы тынч заманда молдокелердин, саясатчылардын ар кандай шылтоолорду таап, маал-маалы менен көп аялдуулукту мыйзамдаштырууга аракеттенип жатышы бери дегенде улутка карасанатайлык деп эсептейт:

- Азыр 21-кылым. Илгери кыргыздын жоокердик көчмөн заманында кыргыздар кырылып, геноцид болуп жатканда, эркектер согуштан кайтпай калган учурда айла жоктон бир эркекке эки аялдын башын байлоого мажбур болушкан. Ал мезгил артта калды, өтүп кетти. Эми диний адамдар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн, улуттун идеологиясын, салт-санаасын жакшы билбегендер же табиятка шылтоолоп же көчмөн салтта ошондой болгон экен дегендин кереги жок.

Кыргызстандын мыйзамдары бир эле мезгилде бир нече никеге турууга тыюу салат. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, бир эле учурда эки же андан көп аял менен жалпы чарба жүргүзүп, чогуу жашаган адам эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок, жогоруда белгиленгендей, саналуу кишиге кылмыш иши козголгону болбосо, көп аял алуучулук боюнча кылмыш жообуна тартылгандар боло элек.

Кыргызстандан айырмаланып, ислам эрежелерин кыргыздардан кем эмес тутунган Тажикстанда сот бир мезгилде эки же андан ашык аял менен жашагандарды соттой баштады. Жакында эле "Ислам кайра жаралуу" партиясынын төрагасынын кеңешчиси Саидиброхим Назар көп аял алганы үчүн акчалай айыпка жыгылган.

Дүйнө коомчулугуна демократиялык баалуулуктарга көбүрөөк ыктаган өлкө катары таанылган Кыргызстанда эмне үчүн көп аял алуучулукту ооздуктоо мүмкүн болбой жатат? Укук коргоочулар муну коомчулуктун кошкөңүлдүгү эле эмес, кыз-келиндердин да өз тагдырына кайдыгерлиги менен да негиздеп жүрүшөт. Психолог Назира Кубанычбек:

- Аялдар макул болгон үчүн да эркектер буга барып атат. Эгер биринчи аялы менен маселе чыкса, аны экинчи же үчүнчү аял алуу менен чечпеш керек. Бул туура эмес.

Ушундан улам айрым укук коргоочулар, феминисттер мыйзамга көп аял алган эркекти да, токол болууга макул болгон аялды да жоопко тартуу, аялдарга да көп күйөөгө тийүүгө уруксат берүү сыяктуу жоболорду киргизүү демилгелерин көтөрүп келатышат.