Суталинов: Элимден кечирим сурайм

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан бошотулду. Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Сот залынан бошотулган Мурат Суталинов Апрель окуясы үчүн моралдык жоопкерчиликти сезерин, бул үчүн жабыркаган тараптан кечирим сурап келатканын жана бүгүн бошорун күтпөгөнүн айтты.