Чек ара: кайсы карта менен тактайбыз?

Кыргыз-тажик чегиндеги талаштуу делген аймактардын бири. (Баткен-Исфара райондору чектешкен жер)

4-июнда Бишкекте чек арадагы талаштуу жерлерди аныктоо боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү башталды.
Жергиликтүү тургундар да, адистер да чек аранын эртерээк такталбаганы түрдүү талаштарга себепчи болуп келатканын билдирүүдө. Эки коңшу ортосундагы суу-жер талаш тээ совет доорунан бери уланып келатат.

Укуктук негиздин учугун таба албаган кошуналар

Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги отуруму Бишкекте башталганын өкмөттүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди.

- Бул сүйлөшүүлөр өкмөттөр аралык делегациянын деңгээлинде жүрүп жатат. Анда укуктук негиздерди тактайбыз. Кыргызстан сүйлөшүүлөрдө 1958-59-жылдардагы документти негиз кармап жатат. Алар болсо 1924-27-жылдардагы документтерди сунуш кылууда. Бирок азыр эки документ боюнча дал келген, талашы жок жерлерди жазып, тактап кете беребиз деп макулдаштык. Жумушчу топ ошол боюнча иштеп жатат.

Тараптардын чек ара тактоодо кайсы жылдагы карта менен иш жүргүзүү боюнча тил таба албай жатышы да маселени татаалдатууда. Жалпы узундугу 971 чакырымга барабар кыргыз-тажик чек арасынын 471 чакырымы талаштуу деп эсептелет. Негизинен Тажикстан менен Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондору чектешип, талаштуу жерлер да ушул аймакта арбын. Эгемендик жылдардан бери чек арада жашаган ондогон жарандар үйлөрүн тажикстандыктарга сатып жибергени да маселени ого бетер татаалдаштырууда.

Адистер да, жергиликтүү тургундар да мындан улам сойломо экспансия күчөп жатат деп эсептешет.Талдоочу Имамберди Жалилов ушул көрүнүштү мисал тартып, чек араны тезинен тактоо зарылдыгын белгиледи:

- Чек ара аймактарында жашаган көп жарандар Орусияга иштегени кеткен. Анын айынан акырын жылып жүрүүчү сойломо экспансия менен жерлерди ээлеп алуу болуп жатат. Лейлек районунда ушундай опурталдуу көрүнүштөргө туш болуп отурабыз.

Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен Баткен районунун Ак-Сай айылдык округунун башчысы Абдипатта Бердиевдин билдиришинче, акыркы кездери атайын программанын негизинде бир топ үйдү мамлекет өзүнө сатып алып, социалдык мекемелерге айланткан.

- Азыр социалдык мекеме үчүн деп үйлөрдү сатып алганбыз. Аны мектептерге, спорттук аянтчаларга айлантып, чек арачыларга, милиция кызматкерлерине жашаганга бергенбиз. Бирок азыр деле үйлөрүн сатып жаткандар бар.

Саясий эрк болсо...

Абдипатта Бердиевдин айтымында, чек ара так эместигинен жаз-жай-күз мезгилдеринде жол, суу маселеси боюнча чыр-чатактар көп болууда. Ал чек араны тактоодо чечкиндүү кадамдарды сунуштады.

- Чыр-чатактар болгондо аларды кошуна элдин жамааттары, жетекчилери менен сүйлөшүп чечип жатабыз. Бирок бул кыйын маселе болуп жатат. Чек ара так болушу керек жана аны зым менен тороо зарыл. Антпесек кийин да мындай тополоңдор боло берет.

Жогоруда белгилүү болгондой, эки өлкө өз кызыкчылыктарынын негизинде чек араны тактоодо ар башка документ менен иштөөнү сунуш кылууда.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Баткен облусундагы өкүлү Роберт Авазбеков андыктан талаштуу аймактарды чечүүдө мамлекеттин стратегиясы болушу керек деп эсептейт. Ал кыргыз бийликтери сүйлөшүүлөргө бир нече вариант, сунуштар менен барып, эл аралык тажрыйбаны да колдонуу керектигин айтат:

- Эгер сүйлөшүү жолу менен чече турган болсок, чечилбей турган иш болбойт. Мисалы, жерлерди алмаштыруу жолу бар. Эл аралык тажрыйбада бир топ ыкмалар бар.

Буга чейинки бийликтердин учурунда чек ара сүйлөшүүлөрүндө кыргыз тараптын тобун баштап жүргөн Саламат Аламанов да талаштуу жерлерди тактоодо эң башкысы өлкө жетекчилеринин саясий эрки талап кылынарын, калганы адистердин иши экенин билдирип келатат.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча басаңдап калган сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында кайрадан жанданып, тажик тарап да чек араны тактоодо 2012-жыл чечүүчү жыл болорун билдирүүдө. Буга чейин тараптар Дүйшөмбү шаарында, ошондой эле чек ара аймактарында жолугушкан болчу.