Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Чек ара: талаш жерлердин тагдыры быйыл чечилеби?


Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун ортосундагы талаштуу делген аймактардын бири.
Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун ортосундагы талаштуу делген аймактардын бири.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 2012-жыл Кыргызстан менен чек араны тактоодо чечүүчү жыл болорун билдирди.

Кыргыз тарап да кошуна өлкө менен чек араны тактоо иштери жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастоодо. Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 971 чакырымга барабар, анын 471 чакырымы талаштуу бойдон.


Талаш жерлерге такалган сүйлөшүүлөр


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу жер тилкелери негизинен Баткен облусуна таандык, айрыкча мындай жерлер облустун Ак-Сай айылдык округунда арбын.

Баткен районунун тургуну Абдыкаар Умаров чек арадагы абалды мындайча сүрөттөдү:

- Чек ара тилкелеринде жашаган кыргыздардын ичинен үйлөрүн сатабыз дегендер арбын. Анткени, алардын кээ биринин шарттары ал жерде жашаганга туура келбейт. Мисалы, үч үй кыргыз калып, тегерегинин баарын тажиктер ээлеп калган жерлер бар. Ошондой жерлерде көйгөй арбын.

Эки өлкөнүн чек арасын тактоо иштери дал мына ушундай талаштуу жерлерге келгени такалып, бир канча жылдан бери алдыга жылбай турат.
Талаштуу жерлерди аягына чыгаруу үчүн жогорку деңгээлдеги саясий чечим керек. Эгер мамлекет башчылары ошондой чечимге бара ала турган болсо, анда маселени чечүүгө болот.
Саламат Аламанов

Тажиксандын тышкы иштер министринин орун басары Низомиддин Зохидов 2012-жыл Кыргызстан менен чек араны тактоодо чечүүчү жыл болорун жума күнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан менен чек аранын 50 пайыздан ашыгы такталып бүткөн.

Кыргыз өкмөтү да Тажикстан менен чек араны тактоо иши жүрүп жатканын бышыктап, бирок сүйлөшүүлөр туурасында кең-кесири маалымат берүүдөн карманып турат. Кыргызстан тараптан сүйлөшүүлөргө өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Курбанбай Искандаров жетекчилик кылууда.


Мунаса табылабы?


Мурда кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүн жетектеп, чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргыз тобун баштап жүргөн Саламат Аламанов бул маселени келишүү аркылуу гана чечүүгө болот деп эсептейт.

- Өзбекстан да, Тажикстан да талаштуу жерлерди 1924-27-жылдардагы документтердин негизинде чечебиз деп келатышат. Ал эми биз болсо Тажикстан менен 1958-жылкы жана андан кийинки мыйзамдуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен чечебиз деп келгенбиз. Алар биздикин кабыл алчу эмес, биз алардыкын кабыл алчу эмеспиз. Эми компромисске келип, адамдардын кайсы аймакта жашап жана кайсы тараптын жерин пайдаланып жаткан фактыларын эске алуу менен чечиш керек. Анда да анализдерди жүргүзүш керек. Мисалы, ал жерлердин жалпы аянтын, сапатын эске алуу менен гана бөлүштүрүүгө жана чечүүгө болот.

Антсе дагы Саламат Аламанов эң оболу мамлекет башчыларынын саясий эрки жана каалоосу зарылдыгын белгиледи.

- Талаштуу жерлерди аягына чыгаруу үчүн жогорку деңгээлдеги саясий чечим керек. Эгер мамлекет башчылары ошондой чечимге бара ала турган болсо, анда маселени чечүүгө болот.

Кыргызстандын чек арасы Тажикстандан тышкары, Өзбекстан менен да толук аныктала элек. Ага байланыштуу чек арадагы аймактарда жашаган жарандар кыйналып жатканын 28-январда парламентте депутаттар да көтөрүп чыгышты.
Талаш жерлер дейбизби, же макамы аныктала элек жерлер дейбизби, алардын ар бири боюнча биздин стратегиябыз болушу керек. Ал стратегиялар бир багыттуу гана болбостон, бир нече варианттарды камтышы зарыл.Роберт Абазбеков

Спикердин орун басары, “Республика” фракциясынын мүчөсү Бакыт Төрөбаев кыргыз-өзбек чек арасында мал уурулук күчөгөнүн айтып чыкты:

- Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да орчундуу маселелер бар. Чек ара аймактарында жашаган айылдарда мал уурулук абдан күчөп жатат. Андан тышкары, адамдарды уурдап кетип жатат. Чек арада адамдар өздөрүнүн малын кайтарып жүргөн болсо, Өзбекстандын чек арачылары мажбурлап эле алып кетүүдө.

Акыркы жылдары Тажикстан менен чектешкен чек ара аймактарындагы кыргыз жарандарынын көбү үйлөрүн тажикстандыктарга сатып жибериши ансыз да такталбаган чек ара көйгөйүн чечүүнү татаалдаштырууда. Айрым аймактарда жер Кыргызстандыкы болгону менен анда тажикстандыктар отурукташып калган. Мындан тышкары, совет мезгилинен бери тактала элек чек ара тилкелери да арбын.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Баткен облусундагы өкүлү Роберт Авазбеков чек арадагы талаштуу аймактарды чечүүдө мамлекеттин стратегиясы болушу керек деп эсептейт:

- Талаш жерлер дейбизби, же макамы аныктала элек жерлер дейбизби, алардын ар бири боюнча биздин стратегиябыз болушу керек. Ал стратегиялар бир багыттуу гана болбостон, бир нече варианттарды камтышы зарыл. Алардын өнүгүшү кандай болот деп, сценарийлерине чейин иштеп чыгыш керек. Өзүбүздүн конкреттүү иш-планыбыз жана стратегиябыз болгондо гана утушка ээ болот деп ойлойм.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги отуруму 6-феваралда Тажикстанда өтөрү күтүлүүдө. Айта кетсек, Кытай жана Казакстан менен Кыргызстандын чек арасы толук такталып бүткөн. Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 320 чакырымы аныктала элек.

XS
SM
MD
LG