Мирзиёев: Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз

Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-сентябрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюшту. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын 85 пайызын макулдашканы боюнча да документ бар.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен бүгүн, 5-сентябрда келди.

"Манас" аба майданынан Улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда өзбек президентин жана анын жубайы Зироатхан Мирзиёеваны кыргыз лидери Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса менен тосуп алды.

Президенттердин билдирүүсү

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлгандан кийин алар боюнча өз пикирлерин ортого салды. Эки лидер тең документтерге кол коюлушун тарыхый күн деп сыпатташты.

Президент Алмазбек Атамбаев бул күндү кыргыз жана өзбек эли 25 жыл күткөнүн айтты. Атамбаев өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө саясий эрктүүлүгүн жана акылмандыгын көрсөткөндүгү үчүн ыраазылыгын билдирди:

- Кыргыз-өзбек эли 25 жылдан бери күтүп, самап жаткан кагаздардын маанилүүсүнө кол койдук. Ушуну менен чек аранын 85% бекитилип жатат, жол ачылып жатат. Ушунчасына тил табышкандан кийин 15% дагы тил табышабыз го деп турам. Албетте, ушундай чоң тарыхый иш-чаранын, окуянын болуп жатканына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапар менен келгени түрткү болуп жатат. Ошон үчүн Шавкат Миромоновичке, өзүмдүн досума, бир тууганыма, бурадарыма рахмат айткым келет. Башкысы каалоо болсо, саясий эрк болсо, сүйлөшсө боло турганына ынандык. Чындыгында биздин өлкө ортосунда бир туугандык мамиле болушу керек. Эмнеге дегенде биз бир мамлекет болгонбуз, абдан чоң аймакты камтыган Кокон хандыгы болгон. 1991-жылга чейин бизде такыр чек ара болгон эмес. Качан чек ара пайда болгондо эки өлкөнүн тең аймагында жашагандар үчүн көп көйгөйлөр пайда болду. Бүгүнкү жолугушууда бардык маселелер боюнча бир пикирде болдук. Менин Өзбекстанга сапарыма чейин, октябрда барам деп ишенип жатам, биз бүгүнкү келишимдерди ишке ашырышыбыз керек. Шавкат Мирзиёев белгилегендей, чек ара бекеттери ачык болуп, эл жакындары каза болгондо телеграмма аркылуу эмес, мурдагыдай бири-бири менен эркин катташкыдай болушу керек. Эки президенттин бир туугандык эрки бардык чек арада калыптанышы керек. Биздин чек аралар чыр-чатактын эмес, достуктун дарбазасы болушу керек.​

Эки өлкөнүн достук мамилеси мындан ары улана берээрин белгилеген Атамбаев:

- Өзбекстан менен достук багытыбыз ушул боюнча улана берет деп бекемдегим келет. Мен билем, Кыргызстандын жарандары да бул багытты уланта турган кишиге добуш беришет, - деди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да эки тараптуу келишимдерге кол коюлгандан кийинки сөзүндө эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын 85 пайызы такталганына токтолду:

- Кыргызстан менен Өзбекстан бийлиги чек ара маселелерин чечүүгө саясый эрки жетти. 25 жылдын аралыгында бир дагы чакырым чек ара чечилген эмес. Биз бир жылга жетпей эки өлкөнүн чек арасынын 85 пайызын чечтик.

Мирзиёев чек ара маселесин толук чечүүгө болгон аракеттер токтобой турганын кошумчалады:

- Мен президент Алмазбек Атамбаевди мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга чакырам. Менин оюмча калган кыска аралыкта чек арадагы такталбай калган 15 пайыз тилке боюнча да болгон аракетибизди жумшайбыз.

Эки мамлекеттин лидерлери.

Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө чек ара бекеттерин толук ачып, эки өлкөнүн жарандарынын эркин өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө умтула турганын, чек ара бекеттери достуктун бекети болушу керектигин да белгиледи.

- Биз чоң топтогу ишкерлерди ала келдик. Алар да мындан ары өздөрү карым-катнаш түзгүдөй болушу зарыл, - деген өзбек президенти Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоого алаарын жарыялады жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруудан мурун, Анжиян-Ош-Кашгар автожолун салууну сунуштады:

- Биз транспорттук коридор боюнча сүйлөштүк. Бул ири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча. Ага чейин биз унаа жолун курушубуз керек. ​Анжияндан Ошко, андан Эркечтам аркылуу Кашкарга чейин жол салышыбыз керек. Бул эң кыска жол болот. Мына, саясий эрк бар. Алмазбек Атамбаев бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусусуз курулбайт деп айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан: каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени, ал бизге керек.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырым. Ошонун эми 15 пайызы тактала электиги айтылды, башкача айтканда дагы 36 талаштуу участок бар. Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров буларга токтолду:

- Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычында жана Өзгөндө жайгашкан жерлер. Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Гавасай аймагындагы жана Баткендин Сох анклавынын айланасындагы участоктор. Жалпысынан 36 участок калды.

Кол коюлган келишимдер

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюшту.

Эки өлкөнүн президенттери.

Алардын ичинде Кыргызстан жана Өзбекстандын расмийлери тармак аралык кызматташтык боюнча документтерди кол коюу менен тастыкташты. Эки тараптуу келишимдерге кол койгондордун арасында парламент төрагалары, тышкы иштер, билим берүү министрлери, Соода өнөр-жай палатасынын жетекчилери жана башкалар бар.

Тараптар кабыл алган документтердин ичинде:

“Чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө” өкмөт аралык документ,

Жогорку Кеңеш жана Улуу мажилис ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум,

Кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы салык мыйзамдарын сактоодо бири-бирине көмөк көрсөтүү,

Консулдук конвенциянын ратификациялык грамоталары менен алмашуу протоколу,

Соода өнөр-жай палатасындагы кызматташтык жөнүндө келишим,

Ош шаардык мэриясы менен Анжиян шаарынын акимчилигинин ортосундагы келишим,

Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту жана Өзбекстандын президентине караштуу стратегиялык жана аймак аралык иликтөө институту ортосунда түшүнүшүү меморандуму,

Жогорку билим берүү тармагындагы өкмөт аралык келишим,

Илимий техникалык кызматташтык тууралуу өкмөт аралык келишим,

Бишкек мэриясы жана Ташкент акимчилиги ортосундагы келишимдер бар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрүнүн тарыхы

("Азаттыктын" түз ободогу талкуусун бул жерден уксаңыз болот)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзбекстандын президенти Бишкекке келди

Эки тараптуу мамилелердин тарыхы

Коңшу республиканын башчысынын эл аралык уюмдардын саммитине келген жумушчу сапарларын эске албаганда, акыркы жолу Кыргызстанга 17 жыл мурда келген. Атап айтканда, мурдагы президент, маркум Ислам Каримов расмий сапар менен Бишкекте 2000-жылы болгон.

Эгемендик доору башталган алгачкы кезде, 1991-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов Ошко келип кеткен.

Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 16-февралында башталган. Андан бери эки тараптуу 130га жакын келишим, макулдашууга кол коюлган.

1996-жылдын 24-декабрдында Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Ташкентке алгачкы расмий сапар менен барып, эки өлкө ортосунда Түбөлүк достук келишими кабыл алынган.

1999-жылы Өзбекстан Ош - Сары-Таш - Иркештам унаа жолун оңдоого Кыргызстанга 30 млн доллар насыя берген. Ошол эле жылы өзбек өкмөтү КМШ мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстанга карата визалык режим киргизген.

2006-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Курманбек Бакиев Ташкентке расмий сапар менен барган.

Ислам Каримов бийликте турган акыркы жылдары, эксперттердин баамында, кыргыз-өзбек мамилелери бир топ татаалдашып кеткен.

Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган.

Өзбекстандын лидери Кыргызстанда

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.