Кыргызстанда жүк ташуулардын көлөмү 11 млн тоннага жетти

"Кочкор" станциясы. 25-июль, 2026-жыл.

Кыргызстанда былтыр жүк ташуулардын көлөмү дээрлик 11 млн тоннага жетип, 2021-жылдагы 7 млн тоннага салыштырганда 36 пайызга өстү.

Ал эми жүргүнчүлөрдүн саны 2021-жылы 255 миң адам болсо, 2025-жылы 432 миң адамга жетип, көрсөткүч 69 пайыздык өсүштү түзгөн.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-июлда, Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышып жатканда айтты.

Ал Кыргызстан келечекте континенттерди байланыштырган стратегиялык транспорттук түйүнгө айланып, туристтердин саны дагы көбөйө турганын белгилеген.

Кыргыз өкмөтү Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Чыгыш менен Батышты байланыштырган жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, транзиттик жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстанды Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук түйүн катары позициясын бекемдөөгө шарт түзөрүн билдирип келет.

Расмий маалыматка таянсак, жолдун Кыргызстандан өтүүчү 304 чакырым бөлүгүнө 4,7 млрд доллар сарпталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн катышуусунда биргелешкен ишкана түзүлгөн. Биргелешкен ишкана насыя тартып, бюджеттин жарымын жабат. Калган жарымынын 51% Кытай берсе, Бишкек менен Ташкенттин үлүшүнө ар бирине 24,5% тийет. (ST)

Дагы караңыз

Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолунун курулушу башталат Чолпон-Атада Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт"Мадинаны" көчүрүүгө каршы соодагерлер базардын ичинде акцияга чыгышты