Москвадагы өрт: 14 кыздын өмүрүн алган трагедияга он жыл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москвадагы басмаканада өрт чыгып, миграцияда жүргөн кыргызстандык 14 кыз иске ууланган трагедияга быйыл туура 10 жыл болду. Бул окуя эгемендик жылдардагы миграциянын чоң кесепети катары жалпы улуттук трагедия деп кабыл алынып, ошол кезде аза күтүү да жарыяланган. Чырпыктай кезинде жалп өчкөн өмүрлөр кыргыз коомуна миграциянын оор кесепеттерин көрсөттү. #azattykproject2026