Эки өлкө Еврошаркеттен жардам сурады, бир нече кошуна өлкө өрт өчүргөн учактарын, тик учактарын жөнөттү.
Франциянын түштүк-батыш тарабындагы Жиронд департаментинде өрт өчүрүүчүлөр бешинчи түн катары менен гектарлаган жерди каптаган тилсиз жоо менен күрөшүп жатты. Дем алышта дагы 55 миң кишиге коопсуз жерге көчүү көрсөтмөсү берилди.
Жекшембиде өрт региондун борбору, 270 миңден ашуун киши жашаган Бордо шаарынын жака белине жакындаганын мэр Тома Казнав эскертти. Полиция үймө-үй кыдырып, кооптуу райондордон тезирээк чыгып кетүү буйругун берип жатат.
Жалпы жонунан Франциянын түштүк-чыгыш тарабында 220 миңден ашуун киши эвакуацияланды.
Убактылуу жайларга жайгаштырылган жергиликтүү тургундар үйлөрүнө качан кайтып барарын да билбейт. Айрымдарына уктап аткан жеринен, түн ортосунда эвакуация болуу эскертилген.
"Түнкү саат экиде көзүм илинип кетиптир. Бир убакытта чөнтөк телефонума биринин аркасынан бири эскертүүлөр келе баштады. Кошуналарыбыз шашып-бушуп, жан талашып машинасына чуркашты. Ата-энем болуп, колума тийген нерселерди алып, биз да атып чыктык", - деп айтып берди Рейтер агенттигине Жан Филипп.
Баш калкалоочу жайларга айландырылган мектептерде, маданий имараттарда ыктыярчылар иштеп жатат. Алар тамак-аш таратып, керебеттерди даярдап, муактаж болгондорго жардам көрсөтүүдө.
Өрттүн айынан кээ бир жерлерде байланыш да үзгүлтүккө учурады. Мамлекеттик темир жол компаниясы бир катар багытта каттам убактылуу токтогонун билдирди. Жекшембиде Бордодогу эл аралык аэропортто рейстер кечигип аткарылып жатты.
42 миң гектар аянтты күлгө айландырган Жиронддогу токой өртү Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири өрт болуп калды.
Ал эми жыл башынан бери Францияда 115 миң гектар жер күйүп кеткенин ички иштер министри Лоран Нуньес маалымдады.
Жиронддо тилсиз жоо менен алпурушуп жаткан 84 өрт өчүрүүчү жарадар болду. Өрттү ооздуктоо кыйын болгону менен 27-июлда кечээги күнгө караганда азыраак очок катталганы маалымдалды.
“Шамал басаңдап, аба ырайынын шарты жакшырды. Бирок алоолоп жаткан очоктор кала берүүдө. Алардын бири Бордо шаарынын кире беришине жакын жерде оорун алган. Өрт ооздукталды деп айта албайбыз. Бирок абал мурдагыдан турукташты”, - деп билдирди өрт өчүрүүчүлөр бөлүгүнүн капитаны Вилфрид Шнайдер АФП агенттигине.
Франция Еврошаркеттен жардам сурап, Жарандык коргонуу механизмин ишке киргизүүнү өтүндү.
Дүйшөмбүдө президент Эммануэл Макрон кризистик штабдын жыйынын өткөрдү.
Өрт өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече аймакты чалды. Буга чейин Атлантиканын боюндагы туристтик Кап-Ферре жарым аралы катуу жабыркаган.
Кошуна Испания өлкө тарыхындагы эң ири өрт менен күрөшүп жатат. Кастейон регионун дүйшөмбү күнү ыш каптап турду, дагы 16 миң киши көчүрүлдү.
Тилсиз жоо менен армиянын чукул кырдаал бөлүктөрү да күрөшүп жатат. Испания, 23-июль, 2026-жыл
26-июлдагы маалыматка караганда, 49 чарчы километр аянттагы өрттү өчүрүүгө 25 учак, 450 киши тартылды.
Өлкө токой өрттөрүнө байланыштуу биринчи жолу тарыхта чукул кырдаал жарыялады.
"Мындай өрттү телевизордон эле болбосо, өмүрүмдө көргөн эмесмин. Өрт биздин үйгө эч качан ушунчалык жакындаган эмес. Ушундай апаатты башыбыздан кечирип жатабыз. Мадрид тарапта биздикинен да жаман болуп атышат. Ал жакта бадал көбүрөөк, өрт жайылып кетсе, аны ооздуктоо кыйын болот. Эл коркуп турат, - деди Рикардо Поццо.
Саламаттыкты сактоо министри Моника Гарсиа башкалаа Мадриддин тургундарын ыштан улам үйлөрүнөн чыкпай турууга чакырды.
Эвакуацияланган тургундар, арасында 52 жаштагы Мария Гарсиа күнүмдүк оокатын кыла албай калганын, абалдын жакшырышын күтүүгө аргасыз болгонун айтышат.
"Бизди көчүргөндөн кийин ушул жакта камалып калдык. Же ишке бара албайсың, же жашоо-тиричилигиң менен алектене албайсың, көнгөн ыргактан чыгып калдык. Бала кезиңден бери көрүп чоңойгон тоолор өрттөнүүдө".
Коюу түтүн чулгаган аймактарда өрт өчүрүүчүлөр, аскерлер бир нече күндөн бери тынбай иштеп жатат.
Айлана-чөйрөнү коргоо министри Сара Аагесендин айтымында, Авила деген айылда 50 миң гектер жер күлгө айланды. Бийликтин маалыматына ылайык, бүтүндөй өлкөдө 90 миңден көп киши коопсуз жерлерге көчүрүлдү, 30 миңдей кишиге эч жакка жылбай туруу көрсөтмөсү берилди.
Ишембиден жекшембиге караган түнү Валенсияда өрттүн жаңы очогу пайда болуп, бир кишинин каза тапканы кабарланды.
Илимпоз экологдор токойлордун өрттөнүшүн климаттын өзгөрүүсүн коштогон аптаптан, кургакчылыктан көрүшөт.
Бордо жана Авилада июлда орточо температура 32 градусту түздү. Reuters Climate Monitor маалыматы боюнча, бул 1961-1990-жылдардагы орточо температура менен салыштырганда 11 градуска жогору.
Ал арада шейшембиден тарта Европаны ысыктын жаңы толкуну каптары маалымдалды.