Өкмөт күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлөрүн эскертти
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев өлкөдө күйүүчү-майдын баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Ал учурда Орусиядан башка бир нече өлкөдөн кара май ташылып жатканын, эл көп колдонгон АИ 92 бензиндин баасын өкмөт субсидия менен кармап турганын билдирди. Ал тапта өлкөдө дагы да болсо бензин, дизелдин тартыштыгы сезилип жатат.