"Өрүк тигебиз, участок бергиле". Баткенде жер бөлүштүрүлө баштады

Учурда Баткендин Ак-Татыр, Ак-Сай айыл аймактарындагыларга жерлер бөлүштүрүлүүдө.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоодо алмашылган 350 гектарга жакын үлүш жана чарбалык жерлердин ордуна жер бөлүштүрүлө баштады.

Буга чейин айрым дыйкандар жазгы талаа иштери башталганга чейин жер тилкелерин бөлүп берүүнү суранып жаткан. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, чек ара алмашууда тажик тараптан 400 гектардай жер кыргыз тарапка өткөн.

Учурда Баткендин Ак-Татыр, Ак-Сай айыл аймактарындагыларга жерлер бөлүштүрүлүүдө. Андан кийин Кара-Бак айыл аймагындагыларга бериле баштайт.

Бул маалыматты Баткен районунун акиминин орун басары Алимбек Матмуратов “Азаттыкка" ырастады.

“Өзүңүздөргө маалым болгондой, Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда делимитация, демаркация иштери жүрүп, тажик тараптан 400 гектарга жакын жер бизге өткөн. Ал эми Кыргызстандан 350 гектарга жакын жер тажик тарапка берилген. Чек ара тактаганда бул жерлер алмашуу жолу менен өттү. Эми жаздын алдында ошол алмашууга туш болгон жерлердин ээлерине үлүштөрүн, айыл чарба жерлерин бөлүп бере баштадык”, - деди Алимбек Матмуратов.

Мунун алдында эле Баткендин Кара-Бак айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасын тактоодо алмашылган жер тилкелеринин ордуна бериле турган жерди өкмөт эртерээк бөлүп беришин суранып кайрылышкан.

Алар жазгы талаа иштери башталып жаткандыктан дыйканчылык кылууга үлгүрсөк деп тынчсызданууда.

“Кара-Бак айыл аймагынан 240 гектардай жер Тажикстанга өткөн. Былтыркы жылы айдаган эгиндерибизди жыйнап алгыла деген. Анан биз түшүмүн жыйнап алгандан кийин “чыгып кеткиле” деп, бошотуп баарын таштап кеттик. Ошондон бери мына, 2026-жылдын жазы келди. Жазгы талаа иштери башталууда. Жалпысынан ошол 240 гектардай жерде 600-700гө жакын адамдын жер үлүштөрү, дыйкан чарбалар жана айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери бар эле. Бизди кыжалат кылып жатканы ошол биздин жерлердин ордуна Тажикстандан алмашылган жерлерден бөлүп берсе, дыйканчылык иштерин баштайт элек",- деп кайрылган Кара-Бактын тургуну, “Алыш дан” органикалык айыл чарба кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшов.

Алмашылган Достук айылы дагы ушул Кара-Бак айыл аймагына карачу.

Фергана өрөөнүндө жаз эрте келип, дыйканчылык башка аймактардан эрте башталат. Турсунали Төлөмүшовдун айтымында, убагында атасы “Атаяр” дыйкан чарбасын түптөп, 24 гектардай дың жер өздөштүргөн. Бул үчүн ошол кезде өкмөттөн “Даңк” медалын дагы алганын кеп салды.

“Ошол жердин жети гектардайына беде айдайт элек. 600-700 түп өрүк багыбыз, миң түптөй терек, алмаларыбыз бар эле. Эми ага өкүнбөйбүз, биз мекен деп жашайбыз. Бизге өлкөбүздүн тынчтыгы маанилүү. Бизге эртерээк жер тилкесин бөлүп берсе, кайрадан ишти баштап, эмгектенип быйылкы түшүмгө аракет кылышыбыз керек. Антпесек айыл жеринде завод-фабрика жок. Элдин баары дыйканчылык менен жан багат. Эми өрүк бактарыбызда кайра тигип, тиричилигибизди улантышыбыз керек”, - деди Турсуналы Төлөмүшев.

Баткен районунун акими Данир Иманалиев кагаз иштерин ирээтке келтирип, жерлерди бөлүп берүү убагынан бир аз кеч башталганын билдирди.

“Таш-Тумшуктун, Масеиттин жери, Ак-Сайдын тургундарына жер тилкелерин бөлүп бере баштадык. Буга чейин процедуралык иштерибиз аягына чыга элек болчу. Жерлер алмашылды, көчүрүп чыгардык. Бирок ал жерлер документтешип кимдин эсебине, кандай шартта каттоо деген бүтө элек болчу. Жалпы район боюнча 337 гектар жер беришибиз керек. Бул жер тилкелери 986 жаранга берилет. Ар кимисинин үлүш аянттары ар башка. Бирине төрт сотых, бирине беш сотых биринде он сотых жери бар. Ал боюнча да тактоо иштерин аяктадык. Тез арада бөлүштүрүп беришибиз керек анткени жазгы талаа иштери башталып калды”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоодо алмашылган турак жайларды өткөрүп берүү жараяны өткөн жылы аяктады.

Тажикстан тараптан Кыргызстанга 259 турак үйлөр жана социалдык объектилер өттү.

Үйлөрү, короо-сарайлары алмашууга туш болгон кыргыз жарандары үчүн бийлиги Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында 257 үй куруп берди.

Ошону менен чек араны тактоодогу алмашууга туш болгон участоктор боюнча жумуштар толугу менен жыйынтыкталганы маалым болду. Жергиликтүү бийлик эми баткендик дыйкандарга чек ара тактоодо алмашылган эгин аянттарынын, багбанчылыкка ылайык жерлерди бөлүштүрүп берүү маселесине кезек келгенин айтууда.

Дагы караңыз 2025-жыл: Чек аранын чечилиши, Борбор Азиядагы коопсуздук