Өзбекстандагы жаңы мыйзам: Саида Мирзиёеванын бийлиги, ыйгарым укуктары кеңейди

Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14-августта Президенттик администрациянын макамын, милдеттерин жана иштөө тартибин аныктаган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, администрацияны жетектеген президенттин кызы Саида Мирзиеева эми Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары да болот.

Жаңы документ президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруудагы ролун кыйла күчөтүп, анын жетекчилигине жана кызматкерлерине кеңири ыйгарым укуктарды, ошол эле учурда өзгөчө укуктук кепилдиктерди берет.

Президенттик администрацияны учурда Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёева жетектейт. Жаңы мыйзам боюнча администрация жетекчиси президентке караштуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары да болот. Кеңештин өзүн президент жетектейт.

Мындан тышкары администрация жетекчиси мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп, жетекчилердин ишинин натыйжалуулугун баалоону уюштуруп, аларга тапшырма бере алат.

Президенттин чечимдери талаптагыдай аткарылбаса, кызмат адамдарына карата иштен бошотууга чейинки чараларды көрүүнү уюштуруп, мамлекет башчысына тиешелүү сунуш киргизүүгө укуктуу.

Андан тышкары мыйзамга ылайык, президенттик администрациянын айрым кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кеңири кол тийбестик берилет.

Айрым жогорку кызмат адамдары бул иммунитетти администрациядан кеткенден кийин да өмүр бою сактап калат.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Саида Мирзиеева.

Өкмөттү да, аймактарды да көзөмөлдөйт

Төрт бөлүмдөн жана 34 беренеден турган конституциялык мыйзамды Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасы 6-августта кабыл алып, Сенат 7-августта жактырган. Президент ага 14-августта кол койду.

Мыйзам Президенттик администрацияны мамлекет башчысына түз баш ийген жана ага отчет берген мамлекеттик орган катары аныктайт.

Администрация президенттин жарлыктарынын, токтомдорунун жана тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөп, мамлекеттик органдардын жана мамлекет катышкан ишканалардын ишин координациялай алат. Ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалды талдап, жаңы мамлекеттик демилгелер боюнча сунуштарды даярдайт.

Мамлекеттин кадр саясаты, мамлекеттик кызматты башкаруу, ички жана тышкы саясат, адам укуктары, жарандык, мунапыс жана ырайым берүү маселелери да администрациянын компетенциясына киргизилген.

Мындан тышкары президентке түз баш ийген же ага отчет берген укук коргоо, көзөмөл жана күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо укугу да каралган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Саида Мирзиеева. 21-июнь, 2026-жыл. Астана.

Администрация жетекчиси Министрлер кабинетинин, анын президиумунун, өкмөттүк комиссиялар менен кеңештердин жана башка мамлекеттик органдардын жыйындарына катышып, өз позициясын билдире алат.

Ушундай эле көзөмөл аймактарга да жайылат. Президенттик администрация облустардын жана Ташкент шаарынын бийликтеринин мамлекеттик саясатты жана президенттин чечимдерин ишке ашыруусун координациялап, мониторинг жүргүзүп, көзөмөлдөйт.

Эң кызыгы, ушунун баарын президент Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёева жетектейт. Ал эми Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп, анын мүчөлөрүнүн ишин уюштуруп, координациялайт.

Муну менен 41 жаштагы Саида Мирзиёева өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жетекчилигине да кирет.

Дагы караңыз

Өзбекстандын бедели. Саида Мирзиёева атактууларды өзү чакырабы?

Өмүр бою кол тийбестик

Мыйзамдын коомчулукта өзгөчө көңүл бурдурган бөлүгү Президенттик администрациянын кызматкерлерине берилген кол тийбестик кепилдиктери болду.

Кол тийбестик алардын жеке жашоосуна, үйүнө жана кызматтык бөлмөлөрүнө, жеке жана кызматтык автоунааларына, байланыш каражаттарына, кат алышууларына, электрондук маалыматтарына, буюмдарына жана документтерине тиешелүү. Айрым кепилдиктер алардын үй-бүлө мүчөлөрүн да камтыйт.

Администрациянын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоого, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ыкчам-издөө жана тергөө аракеттерин жүргүзүүгө, административдик камакка алууга жана алардын укук-эркиндигин чектеген башка процессуалдык чараларды колдонууга атайын чектөөлөр киргизилет.

Башкаруучу кызматкерлер өз милдетин аткарууга байланыштуу кабыл алган чечимдери, жасаган же жасабаган аракеттери, билдирген пикири жана берген көрсөтмөлөрү үчүн кылмыш, административдик же жарандык жоопкерчиликке тартылбайт.

Саида Мирзиеева Анжиян облусун кыдырып жүрөт.

Мындай кызматкер администрацияда иштеп жаткан учурда да, кызматтан кеткенден кийин да ага карата кылмыш ишин Башкы прокурор гана козгой алат. Ишти Жогорку сот карайт.

Мындан да өзгөчө жагдай администрациядагы жогорку кызмат адамдары мыйзамда каралган кол тийбестикти жана иммунитетти кызматтан кеткенден кийин өмүр бою сактап калат.

Бул категорияга администрация жетекчиси, анын орун басарлары, президенттин жардамчысы, президенттин кеңешчилери жана алардын орун басарлары, президенттин өкүлдөрү, ошондой эле администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет.

Башкаруучу кызматкерлер үчүн мындай кепилдик кызматтан кеткенден кийин беш жыл сакталат. Бул талаптарды бузуу менен алынган далилдер сотто жараксыз деп эсептелет.

Үй-бүлөсүнө да өмүр бою дипломатиялык паспорт

Жаңы мыйзам администрациядагы айрым кызматкерлерге гана эмес, алардын жакындарына да бир катар артыкчылыктарды берет.

Жогорку кызматтагы адамдар жана алардын жубайлары, балдары жана ата-энелери өмүр бою биометрикалык дипломатиялык паспорт алууга укуктуу болот. Башкаруучу кызматкерлерге мындай паспорт администрацияда иштеген мезгилге берилет.

Мыйзамда кызматкерлер администрациядан кеткенден кийинки жумушка орноштуруу кепилдиги да жазылган.

Мындан тышкары кызматтык турак жай, кепилденген медициналык жардам, санаторий жана ден соолукту чыңдоо кызматтары сыяктуу социалдык кепилдиктер кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да каралган.

"Мынчалык чоң иммунитет эмне үчүн керек?"

Өзбекстандык журналист, Gazeta.uz басылмасынын кызматкери Шухрат Латыпов мыйзамдагы кеңири иммунитет жана администрацияга берилген жаңы бийлик тууралуу коомчулукка кошумча түшүндүрүлүшү керек деп эсептейт.

Ал өзгөчө администрациядагы кызмат адамдарынын кол тийбестиги жеке жашоого, үйгө, транспортко, кат алышууга жана электрондук маалыматтарга чейин жайылганына көңүл бурган.

Латыпов жогорку кызмат адамдары эмне үчүн иштен кеткенден кийин өмүр бою, ал эми башкаруучу кызматкерлер беш жыл бою иммунитетке ээ болушу керек деген суроо койгон.

Анын пикиринде, кылмыш ишин Башкы прокурор гана козгой ала турганы, айрым процессуалдык аракеттер үчүн президенттин жазуу жүзүндөгү уруксаты талап кылынганы жана иштерди Жогорку сот гана карай турганы да өзүнчө түшүндүрүүнү талап кылат.

Журналист мыйзам чагылгандай тез кабыл алынганына да көңүл бурду. Анын эсебинде, документ парламентте биринчи окууда карала баштагандан президент кол койгонго чейин он күн гана өткөн. Латыпов мындай деңгээлдеги конституциялык мыйзам үчүн бул өтө кыска мөөнөт болушу мүмкүн экенин белгилейт.

Саида Мирзиеева.

Саида Мирзиёеванын саясий карьерасы

Президенттик администрациянын жетекчиси деген кызмат Өзбекстанда 2023-жылдын августунда Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен жоюлган. Ал кезде администрацияны Сардор Умурзаков жетектеп турган. Кийин ал президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.

Бирок 2025-жылдын июнунда Мирзиёев бул кызматты кайра түзүп, администрация жетекчиси кылып кызы Саида Мирзиёеваны дайындаган.

Ага чейин Саида президенттин жардамчысы болгон. Андан мурда Президенттик администрациянын аткаруу аппаратында коммуникация жана маалымат саясаты багытында иштеген.

Соңку жылдары Мирзиёева мамлекеттик иш-чараларда жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларда байма-бай көрүнүп, чет элдик делегацияларды кабыл алып, өлкөнүн аймактарына барып, Өзбекстандын атынан чет өлкөлөрдөгү иш-чараларга катышып келет.

Анын саясий карьерасынын тездик менен өсүшүнө байланыштуу айрым байкоочулар Саида Мирзиёеваны атасынын саясий мураскери катары да атап жүрүшөт. Бирок азырынча Шавкат Мирзиёев же анын администрациясы мындай сценарий тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес.

Өзбекстандын тарыхында президенттин кызынын ысымы мураскер катары аталышы биринчи жолу болуп жаткан жок.

Биринчи президент Ислам Каримов бийликте турган кезде анын кызы Гүлнара Каримова да атасынын мураскери катары айтылып келген. Ал дипломатиялык кызматта иштеп, Өзбекстандын БУУдагы жана Испаниядагы өкүлчүлүктөрүндө эмгектенип, бир учурда өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири катары саналган.

Дагы караңыз

Каримовдун үй-бүлөсү: түрмөдөгү Гүлнара, мүлк талашкан Петр

Бирок кийин Каримова атасы тирүү кезинде эле таасирин жоготуп, үй камагына алынган. Ислам Каримов каза болгондон кийин ага байланыштуу кылмыш иштеринин алкагында соттолгон. 2020-жылы Ташкент соту аны бир катар оор кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жыл төрт айга эркинен ажыраткан.

Андыктан Саида Мирзиёеванын келечеги тууралуу "мураскер" деген божомолдор азырынча саясий серепчилердин гана баасы бойдон калууда.