"Өзүбүз тандайбыз". Пашинян менен Путиндин талашы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын Европа Биримдигине кошулуу багытындагы кадамдарына байланыштуу Еревандын чечимин тезирээк тактоого чакырды. Бул тууралуу ал 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушууда билдирди. Ереван 2024-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бардык түзүмдөрү менен кызматташуусун токтоткон. Москва буга чейин Армениянын бул багытына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип келген.