Орусия Украинанын илимпоздорун бутага алды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орус армиясы Украинанын аймактарына абадан сокку урууну улантууда. 29-сентябрга караган түнү Одессада алты киши жараат алды. Дүйшөмбүдө Киевдеги Улуттук илимдер академиясынын имараты бутага алынган. Бул маалда фронттогу абал боюнча да Москва менен Киев карама-каршы маалыматтарды таратууда.