Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо расмий башталды

Добуш берүү Украинанын Орусия көзөмөлдөп турган аймактарында да уюштурулду. Луганск облусунун Лисичанск шаарында тартылган сүрөт.

Орусияда 18-сентябрда Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо башталды. Үч күн улана турган добуш берүү 20-сентябрда аяктайт.

Жаңы чакырылыштагы Мамдуманын 450 депутатынын 225и бир мандаттуу округдардан, дагы 225и партиялык тизме боюнча шайланат. Шайлоого он партия катышууда. Мурда шайлоого катышууга уруксат берилген «Яблоко» партиясы кийинчерээк формалдуу себептер менен партиялык жарыштан четтетилген, бирок анын айрым өкүлдөрү бир мандаттуу округдардан талапкер болуп катышып жатат.

Бул жолку шайлоо Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн аймактарын да камтыйт. Ал жерлерде жана Украинадагы согушка катышкан аскер кызматкерлеринин арасында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү августтун аягынан 17-сентябрга чейин уюштурулган.

Байкоочулар оккупацияланган аймактардагы шайлоо канчалык ачык болгону тууралуу суроолор бар экенин белгилеп, анын жыйынтыгын көз карандысыз текшерүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтууда. Оппозиция өкүлдөрү шайлоочуларды бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынан башка талапкерлерди колдоого чакырышты.

Дагы караңыз

Чүй соту экс-прокурор баш болгон 9 адамды 9-13 жылга кестиЭкс-депутат Абдалиев Тилекмат Кудайберген уулунун сотуна сурак берүү үчүн бардыБорбор Азия: Окуу жылы башталып, кайрадан талкууга түшкөн хижаб маселесиБУУ: Иран эли өкмөттүн каарынан жана согуш мыйзамы бузулганынан жапа чегүүдө