Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Борбор Азия: Окуу жылы башталып, кайрадан талкууга түшкөн хижаб маселеси

Кыргызстан. Хижаб күнүнө арналган иш-чара. 2019-жылы тартылган сүрөт. Кыргызстан Борбор Азиядагы хижабга расмий түрдө тыюу салбаган жалгыз өлкө. Бирок бул маселе өлкөдө кызуу талкуу жаратып келет.
Кыргызстан. Хижаб күнүнө арналган иш-чара. 2019-жылы тартылган сүрөт. Кыргызстан Борбор Азиядагы хижабга расмий түрдө тыюу салбаган жалгыз өлкө. Бирок бул маселе өлкөдө кызуу талкуу жаратып келет.

Гүлбарг ислам динин тутат, хижаб кийип, беш маал намазын калтырбай окуйт.

Бирок, Гүлбаргдын (аты өзгөртүлүп жазылды) айтымында, өзү жашаган өлкөдө — негизинен мусулманчылыкты карманган, ондогон жылдардан бери катуу светтик бийлик өкүм сүрүп келаткан Тажикстанда аны "кандайдыр бир коркунуч" катары кабылдашат.

«Университетте окуу башталган алгачкы күнү эле мугалим эже окуу жайда хижабчан жүрүүгө тыюу салынганын айтып, сыпаа эскерткен эле. Ал мага: "Жеке мен өзүм хижабга эч кандай каршылыгым деле жок, бирок мыйзам деген мыйзам" деди», - деп айтып берди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматына маектешибиз. Ал Тажикстандын түндүк аймагында жайгашкан Кожент мамлекеттик университетинин студенти.

Хижаб маселеси мусулмандар басымдуулук кылган Борбор Азия өлкөлөрүндө көптөн бери кызуу талкууланып келет. Аймактагы өлкөлөрдүн бийлиги диний эркин ишмердикти чектөө жана диний ишенимди жөндөө аракетин көрүп келет.

Мындай саясат хижабга да тиешелүү. Ислам дининде баш кийим кандай болушу керектиги тууралуу эреже-талаптар Борбор Азия аймагындагы ар бир өлкөдө ар башка. Бирок Тажикстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда мамлекеттик мектептерде жана өкмөттүк мекемелерде хижабчан жүрүүгө уруксат жок.

Бул маселенин тегерегинде талаш-талкуу сентябрь айында жаңы окуу жылы башталып, мектептер жана жогорку окуу жайлар эшигин ачып, миллиондогон окуучу жана студент окуусуна кайтканда кайрадан күчөп турат.

Улуттук коопсуздук маселеси

Казакстандын агартуу министри Жулдыз Сулейменова окуучу кыздарга хижаб кийип жүрүүсүнө уруксат берген менчик мектептер "лицензиясынан ажыратылышы ыктымал" экенин эскертти.

Министрдин бул билдирүүсүнөн кийин Казакстандын айрым мектептеринде маселе жаралууда.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Чымкент шаарында жайгашкан мамлекеттик мектептердин биринде эмгектенген мугалим ал окуткан класста бир нече кыз башындагы жоолугун чечүүдөн баш тартып койгонун айтып берди.

«Директор да, анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары да эми ал кыздарды окуудан эмненин негизинде четтете аларын билбей турушат. Мектепте, жада калса, планда жок болсо деле жазуу түрүндө тапшырма берип көрүштү. Баасы начар чыкса, балким, ошонун негизинде окуудан чыгарабыз деп үмүттөнүшкөн окшойт», — деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун казак кызматына жалпыга маалымдоо каражаттарына жооп берүүгө ыйгарым укугу жок болгондуктан аты-жөнүн атабоону суранган мугалим айым.

Бирок, анын айтымында, бардык төрт кыз тең берилген тапшырманы мыкты аткарышты.

2016-жылы Казакстандын Агартуу министрлиги мектеп формасына байланыштуу буйрук чыгарган. Буйрукта окуу жайларда динге байланыштуу символдорго, анын арасында хижабчан жүрүүгө тыюу салынары жазылган.

Мына ошондон бери бул маселе билим берүүнүн светтик системасын жактагандар менен мусулман кыздарга жоолукчан жүрүүгө уруксат берилиши керек деп эсептегендер ортосунда токтобой келаткан талаш болууда.

Казак бийлиги хижаб маселесин улуттук коопсуздук жана өлкөдөгү светтик саясий түзүлүш менен бирге караш керек деп эсептейт.

Борбор Азия аймагы ислам динине жамынган экстремизм көйгөйүнө кабылып келет. Бирок талдоочулар бийлик өкүлдөрү исламга байланыштуу бардык нерсени катуу чектеп, ал эми радикалдашуунун түпкү себептерин жок кылбай жатканына көңүл бурууда.

Казакстан. Чымкент шаарындагы мектептердин бири. 2023-жылы сентябрда тартылган сүрөт
Казакстан. Чымкент шаарындагы мектептердин бири. 2023-жылы сентябрда тартылган сүрөт

«Ислам дининен чочулоо»

Эксперттердин пикиринде, хижабдын айланасындагы талкуу светтик саясат жүргүзгөн өкмөттөр диний ишенимди жөндөөгө канчалык кенен мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө даяр деген маселе боюнча жаралган мындан да олуттуураак карама-каршылыкты айгинелеп турат.

Борбор Азия аймагы боюнча адистешкен италиялык изилдөөчү Давиде Канкарини хижаб бул жааттагы талкуунун "эң эле байкаларлык элементи" деп эсептейт. Анын пикиринде, аймактагы өлкөлөрдүн бийлиги исламдын расмий, орточо формасын колдоп турганы менен диндин өзүнүн өз алдынча коомдук жана маданий күч катары таасиринен чочулап келишет.

«Ислам дининен абдан чочулатып турган жагдай аймактын бийлигин мамлекеттик көзөмөлдөн тыш диний тажрыйбанын бардык түрүнө бөгөт коюп турууга мажбурлайт», — деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда Канкарини.

Түркиядагы Ататүрк университетинин аймактык саясат боюнча эксперти Ахмет Фуркан Өзйакардын айтымында, ислам дини Казакстандын тарыхы менен улуттук өзгөчөлүгүнүн маанилүү бөлүгү болгонуна карабастан бул өлкөдө диний ишмердүүлүк мурдагыдай эле тыкыр көзөмөлдөнөт.

«Хижаб өзгөчө кылдат маселе. Анткени ал мамлекет расмий түрдө светтик деп аныктаган билим берүү мекемелеринде адамдын дин тутары башкалардан айырмаланып, көзгө урунуп тургудай кылат», - деди Өзйакар.

Анын айтымында, Борбор Азиядагы өкмөттөр динчилдиктин күчөшүн сөзсүз эле кандайдыр бир коркунуч деп карашпайт.

«Аларды негизинен мамлекет жөнгө салуучу структуралардан тышкаркы диний көрүнүштөр же ошондой ишмердүүлүк менен алектенүүчү уюмдар тынчсыздандырат. Айрыкча эгерде алар коомдук же саясий мобилизациянын көз карандысыз булагына айланып кетиши мүмкүн болсо», - деди Өзйакар «Азаттыкка».

Мындай кооптонуу өзгөчө Тажикстан менен Өзбекстанда байкалат. Бул өлкөлөрдө полиция хижаб кийген аялдарга жана узун сакал койгон эркектерге каршы рейддерди жүргүзүп келген.

Эки өлкөнүн тең бийлиги мусулман кийим-кечеге киргизилген чектөөлөрдү светтик түзүлүштү жана улуттук коопсуздукту коргоо зарылдыгы менен түшүндүрөт.

Тажикстан менен Түркмөнстанда бийлик өкүлдөрү расмий органдар чет элдик маданияттын белгиси катары баалаган кийимге альтернатива катары улуттук кийим кийүү салтын жайылтууга да көңүл буруп келет.

Кыргызстан Борбор Азиядагы хижабга расмий түрдө тыюу салбаган жалгыз өлкө бойдон калууда. Ошентсе да бул маселе республикада кызуу талкуу жаратып келет.

Макаланын түп нускасы бул жерде

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG