Ош: Мэрия ишкерге карызы үчүн “Ош Унаа” базарын 28 айга берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаардык мэриясы ишкерге 380 миллион сомго жакын карызын төлөп бере албагандыктан, муниципалдык “Ош Унаа” базарын 28 айга убактылуу пайдаланууга берди. Азаттык” Ош мэриясынын бул чечиминин себептерин, базар кандай шартта жеке компанияга берилгенин жана шаар бийлигинин ишкерлер алдындагы башка карыздары канча экенин иликтеди.