Ош милициясы: Бизде Нарматованы кармоо боюнча документтер жок

Орозайым Нарматова. (Сүрөт Нарматованын Фейсбук баракчасынан алынды)

Ош облустук милициясында активист Орозайым Нарматованы кармоо боюнча эч кандай расмий документ жок. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бул иш катталган эмес.

“Бизде да бул иш катталбаптыр. Балким тапшырма келип, биздин кызматкерлер же аэропорттун кызматкерлери жардам бериши мүмкүн. Тапшырма боюнча маалыматты тактап атабыз”, - деди Аширбаев.

Активист Орозайым Нарматованы бүгүн, 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу "Азаттыкка" кабарлаган. Ал Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айткан.

Кененирээк макаладан окуңуз: Бийликти сындаган активист кармалды

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Бир кезде президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындай баштаган. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган. (КЕ)

Дагы караңыз

УКМК: милиция кызматкери пара алууга шек саналып кармалдыКыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат-Октай келдиШайлоо: Бюллетенде талапкердин номери гана көрсөтүлөт COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 100 учур жаңы катталды"Маариф" мектебинин ачылышы болот