"Сергек жашоо" подкастында бүгүн ушул маселени белгилүү онколог, саламаттык сактоо системасы жана медицинадагы жогорку билим берүү боюнча эл аралык эксперт, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев менен талкуулайбыз. Маекте видеого кирбей калган бөлүктөр да терилгенин эске сала кетели.
"Оору өтүшүп кеткенде келишет"
- Рысбек мырза, Кыргызстанда ракка чалдыгып, дарт өтүшүп кеткенде дарыгерге кайрылгандар көп экен. Кантип бул көйгөйдү алдын алса болот?
- 60-70% деп жаткан сан - бул оорунун 3-4-стадиясы. Оорунун жетип бүткөн чеги. Мындан ары жаман көрсөткүч болбойт. Рактын 3-4-стадиясы менен келгендердин ичинен ашып кетсе 10-20 пайызы эле жакшы болуп кетпесе, калганы өлүм менен аяктайт. Демек, абалды кантип оңдош керек?
Биринчиси - дартты аныктоону жакшыртуу. Бейтаптар адегенде үй-бүлөлүк дарыгерлерге барат. Эгер алар рак кантип башталарын, диагнозду кантип туура коюуну билбесе, адам улам бир адиске кайрылып жүрө берет. Ошон үчүн ириде үй-бүлөлүк дарыгерлерди кайрадан үйрөтүп, даярдаш керек.
Экинчиден, медициналык жогорку билим берүү мекемелери дагы бул жаатта жакшы көрсөткүчтөрдү бербей жатат. Окууну бүтүп, жаңы диплом алган адистер ооруну алдын алуу, диагнозду туура коюу жолдорун билбейт. Демек, окуу системасына талапты күчөтүшүбүз керек. Дарыгерлер рактын белгилери кандай болорун, бейтапты кайда жиберүүнү билсе, ооруну дарылоо ошончо жеңил болот.
Дагы караңыз "Калктын саламаттыгы улуттук идеология катары каралышы керек"Андан тышкары, аймактык маселелер. Бишкекте улуттук онкология борбору, жеке менчик клиникалар бар. Аймактарда болсо шарт башка, адис жок. Ооруган адам борборго келгиче убакыт созулуп кетет. Мен дайыма айтып келем, 4 млн киши жашаган Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары үчүн заманбап онкологиялык борборун салышыбыз керек. Аны салбасак, жылына 15 миңден ашык адам дарылануу үчүн Өзбекстанга барат. Түркияга кеткени канча? Союздун убагында Ош, Жалал-Абадда онкологиялык борбор, Токмокто, Караколдо диспансер бар эле. Кийин реформа деп жатып аймактагы системаны жоготуп алдык да.
Үчүнчү себеп, түшүндүрүү иштери. Кыргыз өзү ушундай калк экенбиз, жатып калмайынча ооруга маани бербейбиз. Шайың ооп, себепсиз арыктай баштасаң эле догдурга бар деп айтыш керек. Ошол эле аялдардын эмчек рагын эч кандай ультра үндүү жабдыктан же магниттик резонанстык томографиясынан өтпөй эле билсе болот. Ошону кантип байкаса болорун кыз-келиндерге айтып, көргөзүү керек.
- Эмчек рагы деп калдыңыз. Жакында эле бизге бир аял кайрылды. Ал кишинин оорусу 3-стадияга өтүп кетиптир. Бишкектери эки линиялык тездеткич тез-тез бузулуп жаткандыктан, нур алуудан коркуп жатканын айтты. Азыр Түркияга баруу үчүн каражат издеп жаткан экен.
- Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Франциядагы Эл аралык ракка каршы күрөшүү уюмунун өз талаптары бар. Калктын санын эске алганда Кыргызстанга 20дай линиялык тездеткич керек. Бизде болгону экөө, ал дагы Бишкекте, анан бат-бат бузулат. Былтыр май айында бул жабдыктар чыкканда дарылоо токтоп калганын билесиздер. Ошондо биздин бейтаптар Алматыга барган экен. Ал жактагы врачтар мага былтыр чет элден келгендердин 80% Бишкектен болгонун айтышты. Түрк ишкери койгон линиялык тездеткич бар экен. Бир терапиясынын баасы миң доллар. Эгер нурду 30-35 жолу алса, баасы канча болорун элестетип көрүңүз. Канча акча кетип жатат.
Дагы караңыз "Онкологияда көйгөй көп, эл сыртка кетүүдө". Министрдин сыны, адистердин жообуЭгер биз ошондой жабдыктарды алсак, жылдык киреше 17-19 миң доллар болмок. Ошон үчүн мындай аппараттарды дайыма карап, тейлеп туруш керек. Өткөндө омбудсмендин доклады чыкты. Анда биздеги тездеткичтер нур берип жатканда, башка органдарды коргогон технология жок экени жазылыптыр. Бул абдан жаман нерсе. Себеби, бир көзгө нур алып жатсаңыз, ал экинчи көзгө, андан ары мээге деле өтүп кете берет. Силерге кайрылган бейтаптын коркуп жатканы бир чети туура. Себеби эмчек рагын нур менен дарылап жатканда коргоочу технология жок болсо, нур өпкө-жүрөккө терс таасир этет.
- Түркияга кетип жатышат да анан...
- Бейтаптар эмне үчүн Түркияга барат? Бул жерде бир нече фактор бар. Түркия азыр медициналык туризм боюнча дүйнөдө 4-5-орунга чыкты. Былтыркы статистика боюнча бардык жагын кошкондо бюджетине 12 миллиард доллардай түшкөн. Кыргызстанда биздин улуттук статистика саламаттык сактоо системасына мындай эсеп жүргүзбөйт. Бирок эксперттердин айтымында, 80 миллион доллардан ашуун акча онкологиялык оорулар менен Түркияга чыгып кетүүдө. 80 миллион доллар деген абдан чоң акча. Мен ал жакка жиберген адамдардын бир-экөө менен сүйлөшкөм. Ар бир оорудан 15% үлүш алышат экен, дарыгерлер жиберсе көбүрөөк, 20% беришет дегендей.
Алдын ала эсептер боюнча жакын арада дүйнөдө медициналык туризм 20% өсөт. Эгер биз отура берсек, элди ар кайсы жакка кеткенге мажбур кылабыз. Өткөндө жыйынтыктоочу коллегияда министр айтпадыбы "үйүн сатып кетип жатышат" деп. Үйдү айыгып кетсе, иштеп алса болот. Бирок туура дарыласа, өмүрдү кайтарып алалбайсыз да.
Дагы караңыз Акыйкатчы өсмө оорулууларды дарылоодогу көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырдыЭкинчиден, ал жактан келгенден кийин догдурлар, Саламаттык сактоо министрлиги туура дарыладыбы же жокпу деп анализ кылышы керек. Мага келген бейтаптардан улам байкайм, кээде кереги жок дарыларды жазышат. Арасында "Мерк" компаниясынын "Кейтруда" деген дарысы да бар. Анын бирөө 6-7 миң доллар турат. Компания ушул дарыдан жылына 30 млрд пайда табат экен. Бейтаптардын андан башка да чыгымдары бар да. Улуттук статистика комитетинин маалыматында өткөн жылы кыргыз жарандары тышкы туризмге 570 млн доллар сарптаган. Ошонун 36% онкология десек болот. Бул эми эксперттердин баасы. Так статистиканы ала албайбыз, анткени тиешелүү органдар мындай ишти жүргүзбөйт.
"Оштогу онкологиялык борбор Бишкектикинен күчтүү болушу керек"
- Кечиресиз, былтыр Бишкекте инвесторлордун жардамы менен рак илдеттерин аныктаган лаборатория ачылды эле. Азыр иштеп жатабы?
- Лабораторияны 2024-жылы 7-декабрда ачканбыз. Иштеп жатат. Анализдин жыйынтыгын экинчи-үчүнчү күнү эле берип жатабыз. Бүгүнкү күндө 91 маркерду жасайбыз. Салыштыруу үчүн айтсам, Улуттук онкология борборунда төрт, Алматыда 60, Өзбекстанда андан да азыраак маркер жасалат. Биз азыр чөлкөмдө лидербиз десем болот. Адистер өзүбүздүкү, лицензия бар. Баа болсо сайтта турат. Саламаттык сактоо министрлиги же башка органдар каалаган күнү келип текшерсе болот.
Онкологияда рактын клеткасын туура аныктоо маанилүү. Андан жаңылсак, дарылоодо ката кетет. Рактын 700дөн ашык түрү бар да. Ал кандай рак, тукум кууйбу ж.б. себептерин кошо изилдеш керек. Биз маркерду дагы көбөйтөбүз. Реактор чыгарган компаниялар менен иштешип жатабыз. Лабораторияда иштеген адистер чет элге барып, тажрыйба топтоп турушат. Сертификатка да маани беребиз. Калифорниядагы өнөктөш компания биз жасаган анализдерди аудит кылып, текшерип турат. Анализдерди туура жасаганыбыз үчүн дагы бир жылга уруксат берди. Биздин үстүбүздөн адистештирилген лаборатория да көзөмөлдөп турат. Мүмкүнчүлүктөрүбүз абдан чоң. Эң башкысы биз санарип технологияга кирдик да. Рактын клеткасын сканерге салып, дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун жибере алабыз.
Дагы караңыз Кыргызстанда рак менен ооруган 35 миңден ашык адам барМен азыр Илим, билим министрлигинин буйругу менен инновация жана иликтөө боюнча атайын кеңештин мүчөсүмүн. Буга чейин Кыргызстанга Дүйнөлүк банк берген 25 млн доллар беш чоң ЖОЖго бөлүнгөн. Бул мыйзамды парламент бекитип, президент кол койгон. Ошого ылайык, лабораторияларды түзүү маселеси коюлган да. Анын негизинде азыр Ош мамлекеттик университетинин базасында биздин лаборатория түзүлүп жатат.
- Жакында эле Ошко барып келдиңиз окшойт. Линиялык тездеткич алып берүүгө аракет кылып жаткан экенсиздер, ошол тууралуу айтсаңыз?
- Бул долбоорго мени австриялык компания өзү чакырып, эксперт болууну суранган. Мен убагында Магатэде эксперт элем да. ДССУнун долбоорлору аркылуу Кыргызстандан адис издешкен экен, мага чыгышканда жардам берүүгө макул болдум. Долбоорго кошулганыма төрт ай болду. Демилгенин башында Оштогу облустар аралык онкология борборунун жамааты турат. Үч жылдай аракет кылышкан экен. Биз ошол долбоорду көрүш үчүн адегенде саламаттык сактоо системасына талкууга коюп, андан кийин Ош шаарына барып, калаа жетекчилигине эмне иш кылганы жатканыбызды айттык. Ал жактан кайсы жерге курса болот деп жерлерди көрдүк. Бул австриялык салык төлөөчүлөрдүн акчасына ишке аша турган долбоор. Акча жеңилдиктер менен берилгенине карабай, тыкыр көзөмөлгө алынат. Австриянын мыйзамы ошондой. Андан тышкары Кыргызстандын Каржы министрлиги көзөмөлдөйт.
Дагы караңыз Рысбек Абдылдаев: Жатын моюнчасынын рагынан эмдөө сактайт, эмчек рагы тукум кууйтБиздин максат - Ошто заманбап Онкологиялык борбор ачуу. Ишке ашып калса, башка аймактагылар да барып нур алып турат. Борбор курулса, дүйнөдөгу эң мыкты компаниянын эки линиялык тездеткичин койгону жатабыз. Ал жерде иштей турган, жабдыктарды тейлей турган дымактуу адистерди издеп жатабыз. Аларды Австриянын, Европанын эң мыкты университеттеринде окутуп, даярдайбыз. Жакында бизди Ош шаарынын бийлиги, Ош облустар аралык онкология борборунун жетекчиси, парламент спикеринин орун басары Карим Ханжеза мырза абдан жакшы кабыл алды. Долбоор даярдасак, Каржы министрлиги ал жергиликтүү жана эл аралык каржылык мыйзамдарга туура келеби же келбейби деген маселени карайт. Бирок биз кандай каржылоо болбосун Ошко заманбап онкологиялык борборду куруш керек.
- Андай жабдыктарды Бишкекке койсо болбойбу?
- Менин оюм мындай да, Бишкекте онкологиялык борборду реформалоо, оңдоо биз үчүн кыйыныраак. Себеби эски жабдыктар, эски кадрлар, эски ыкмалар турат да. Биз таза талаага жаңы борбор куруп, жаңы кадрларды даярдап үлгү кылып көрсөткүбүз келет. Оштогу онкологиялык борбор Бишкектегиден күчтүү болуш керек деген максатта иштеп жатабыз. Борборго басым кылсак, убакыттан уттурабыз, экинчиден аймактын маселеси чечилбей калат. Эл кыйналып кетти. Өзбекстанга ушул компания 64 млн доллар жумшады. Тажикстанда да иштеп атышат. Биз бул жаатта артта калдык. Ошону оңдойлу деген аракет. Бирок бул жалгыз эле биздин эле колдон келбейт. Саламаттык сактоо министрлигинин, Каржы министрлигинин, Ош мэриясынын колдоосуна муктажбыз. Бул кеңешип чече турган, кеңешип жасала турган иш. Мени сүйүнткөнү бардык жерден колдоо таап жатам. Долбоор ишке ашса, 10 айдын ичинде заманбап Онкология борбору курулуп калат.
Дагы караңыз "Рак илдетинен арылуунун жолу - эмдөөдө"Бизде эми бюрократия деген күч да. Өткөн жылы бул компания Кыргызстанга 10 млн доллар менен келген. Аны Саламаттык сактоо министрлигинин бир эле каты токтотуп койду да. "Долбоорду жасоого мүмкүн эмес, жер издеп жатабыз" деп жооп беришкен экен. Онкология борборунун сегиз гектар жери турса, беш сотых издеп жатышат. Бул эми саламаттык сактоо системасында мурда иштеп кеткен адамдардын абийириндеги иш. Азыркы долбоорубуз марттын башында каралат. Эгер былтыркы мамилени дагы кайталасак, бул компания, бул долбоор Кыргызстанга кайра келбейт.
- Жакында саламаттык сактоо министринин орун басары адистерди даярдоо үчүн Түркияга жиберүүнү, андан тышкары Казакстан, Орусия менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты эле.
- Биз бул көйгөйдү лаборатория түзүп жатканда байкадык да. Жергиликтүү адистерден такыр таппай койдук. Ошон үчүн Санкт-Петербургдан үч жаш онкологду көндүрүп алып келдим. Аларды кайра окууга жибердик. Бизде даяр кадрлар, чет жерде иштеп жүрүшөт. Аларды тартуу жолун издеш керек. Түркияга дарыгерлерди жибергендери жакшы, бирок бир айга баргандан эч жыйынтык чыкпайт.
Жакында мен Улуттук кардиология борборундагы илимий кызматкерлер айлык албай иштейт дегенди угуп таң калдым. Илимий кызматкерлер медицинаны, илимди алдыга чыгара турган адистер да. Аларды илим жана инновация министрлиги каржылоого тийиш. Кокус, ал адистер кетип калса, медицинабыз райондук деңгээлге түшүп калат.
Өткөндө чет элдеги кыргыз дарыгерлери менен онлайн конференция өткөрүп, абдан ыраазы болдум. Швейцарияда, Англияда, Германияда, Дубайда, Америкада кыргыз дарыгерлери көбөйүптүр. Алтын виза алгандары бар экен арасында. Кыргыз медицинасын жакшыртуу үчүн аларды тартышыбыз керек. Жакшы маяна, шарт түзүп, турак жай менен камсыздаш керек дегендей. Гуманист катары мен медицинада иштегендерди колдош керек деп айткым келет. Себеби, врач өлүм менен өмүрдүн арасында иштеп жаткан киши. Азыркы коомдун дарыгерлерге орой мамиле кылганы мени ойлонтот.
Ракты эрте аныктоо - бул өлүмдү азайтуу
- Министрлик адистер менен катар ракты эрте аныктоого көңүл бурабыз деп жатат.
- Жакында жаңы министр кездешкем. Бул боюнча өз оюмду айтып, ишти эмнеден баштоо керек деген планды да жазып бергем. Бизде аялдар арасында эмчек анан жатын моюнчасынын рагы көп катталат. Коңшу турган Өзбекстанда 2024-жылдын ноябрынан баштап президенттин жарлыгы менен ушул дарттарды аныктоо, дарылоо 100% акысыз болду. Биз дагы аны эрте аныктоону жолго коюп алсак, илдетке чалдыккандардын 70-80% айыктырсак болот.
Экинчиси, май айында балдардын рак илдеттери боюнча дагы бир жарлык чыкты. Мен аны биздин министрликке, башка адистерге бердим. Анда балдардын рагын аныктоо мөөнөтү үч суткадан ашпасын деп жазылып турат. Экинчиси, бир жылда 90% бала тирүү калып, жашап кетиши керек, айыккан балдардын саны 60% ылдый болбосун деп жатат. Бул жарлыкты даярдоодо Европанын эң күчтүү университеттери катышкан. Биз дагы ошого жетишибиз керек.
Министр менден "канча акча керек?" деп сурады. Ага көп деле каражат кереги жок дедим. Ишти эрте баштап, үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдаш керек. Медициналык академия турат. Аларга программаңарды оңдогула, жакшы кадрларды чыгарып бергиле деп айтыш керек. Улуттук онкология борбору жасай турган иштер да толтура.
Азыр дүйнөдө ашказан рагы, өзгөчө ичегинин рагы аябай көбөйө баштады. Жапонияда, Америкада үй-бүлөлүк дарыгер адамды ар беш жылда текшерет. Наркоз берип ичегиде болгондун баарын сыдырып алат да, аны микроскоптон карап, кокусунан ракка өтө турган клеткалар болсо же биринчи стадиядагы рак болсо дарылап, 100% айыктырып коёт. Эгер биз аны азыр жасабасак, оору төртүнчү стадияга жеткенде эч кимди айыктыра албайбыз да.
Дагы караңыз "Кыргыз медицинасы коррупцияга багынып берди"- Учурда Кыргызстанда ашказан рагына чалдыккандардын саны көп экен. Андан кийин өпкө рагы турат деген маалымат чыкты. Балдар арасында мээнин шишиги, ак кан оорусу көп кездешип жатыптыр. Сурайын дегеним, мунун баары биз дем алган абага, ышка, тамак-аш сапатына байланыштуубу?
- Жер жүзүндө жашап жаткандан соң адам баласы ар бир фактор менен байланышта. Эгер радиация көп жерде жашаса, ак кан болот дегендей. Ышталган аба менен дем алсак, ден соолук начарлайт, айрыкча балдардын оорулары, анын ичинде рак оорулары көбөйүшү мүмкүн. Эгер жаныңызда бирөө тигүү цехинен чыккан кездемени жага берсе, анын түтүнү сиздин же менин өпкөмө сөзсүз кирет. Андан тышкары дем алыш үчүн аба алмашуусу керек. Килейген үйлөрдү сала берсек, албетте андай процесс жайлайт.
Балдардын жүрөгүнө операция жасаган хирургдар, анестезиологдор менен сүйлөшүп калам. Алар кичинекей балдарга да операция кылат да. Алар наристенин өпкөсү таза болушу керек эле, бирок көкүрөгүн ачканда биз дем алган абанын кесепеттерин көрөбүз деп айтып калышат. Бул көйгөйдү жашырбаш керек. Жаап-жашыргандан эч пайда таппайбыз. Андан көрө архитекторлорго, башка адистерге шаарда дем ала тургандай шарт түзүп бергиле дешибиз керек. Мына шаар ичи тыгын. Бир сааттай туруп, машиненин түтүнүн жыттайбыз. Анын баары ден соолукка зыян. Ошон үчүн коопсуз транспорттун түрүн көбөйтүү зарыл. Абанын маселесин жалгыз Саламаттык сактоо министрлиги же бир-эки мекеме чече албайт. Бул жалпы коомчулук чече турган көйгөй.
Азыр операциядан чыккан калдыктарды зыянсыздандыруу дагы көйгөйгө айланды. Себеби, акыркы күндөрү альвеококкоз, эхинококкоз деген оору абдан көбөйүп кетти. Кээде операциядан кийин бир чара курт чыгат. Эгер аны талаага төгө турган болсок, жолбун ит-мышыктар жесе, ал кайра эле үй жаныбарларына, алардан ээсине жугат. Азыр ветеринарлар өздөрү коңгуроо кагып, бул процессти токтотуу керек деп жатышат. Өткөндө бул боюнча дагы министрге сунуш бергем.
Дагы караңыз "Атам тез эле өтүп кетти". Эркекке өч ашказан рагы- Лаборатория жөнүндө дагы бир суроо. Өткөндө бир таанышыбыз ак кан болуп калган экен, анализдерин чет өлкөгө жибериптир. Бизде лаборатория көп эле да, алар аныктаса болбойбу?
- Кээде мага айрым бейтаптар эки-үч лабораториянын жыйынтыгы менен келет. Бирөө эле жетет десең, көрсө көбү бонус системасына өтүп алышкан экен. Канча көп анализ тапшырсаң, дарыгерге ошончо акча түшөт. Болуптур, тапшырсын дейли. Бирок эксперттердин баасы боюнча алардын ишенимдүүлүгү 60%дан ашпайт. 40% туура эмес жыйынтык берет. Мисалы, цитология деген ракты изилдеген анализ бар. Өткөндө министр менен барып менчик лабораториянын ээсине суроо бердим. "Сиздерде ушуну караган адис барбы?" десем, "Жок, биз онкологияга жиберебиз", - дейт. Андай болсо, ал ошол анализди чыгарган адистин аты менен келиш керек да. Мен ким экенин билишим керек. Анткени врач катары, онколог катары бул оорулуу адамга диагноз койгондон кийин ага жоопкер болом.
Дарылар дагы ошондой. Былтыр рак менен ооругандарга дары-дармекти "Кыргызфармация" алып келе албай калды. Бирок аларды эл сатып алып жатты да. Эксперттердин айтымында, онкологиядагы эң кымбат дарылар баштыкка салынып, учак менен келген. Медицинаны анча түшүнбөгөн адамдар жасаган ишти "Кыргызфармация" жасай албай койду. Менимче, мамлекет бул көйгөйдү түшүндү окшойт, бул мекеменин жетекчилерин жакында эле алмаштырды. Онкология борборуна быйыл 800 млн сом бөлүндү, былтыр 200 млн сом бөлүнгөн. Мындай тарыхта болгон эмес. Эми ошол акчаны тез арада керектүү дары-дармек, ыкмалар түрүндө ишке ашырышыбыз керек. Жана лаборатория тууралуу айтып калдыңыз. Онкологияда дарыны жөн эле бергенге болбойт. Ошол дары-дармекти текшере турган мамлекеттик лабораторияны ачышыбыз керек.
"Дары алып келүүнүн өз талабы бар"
- Дары тууралуу айтып калдыңыз. "Кыргызфармация" алып келген айрым дарыларды оору тоготпой жатканын айткандар бар. Ошол эле гепатиттин дарылары мисалы. Вирус мутация болот турбайбы?
- Медицинада биоэквивалент деген бар. Азыр Кыргызстанга ар кандай препараттарды алып келип жатышат. Ошол ооруга иче турган дарыбы же башкабы, сапаты кандай ошонун баарын биоэквиваленттүү лаборатория текшерет. Дары менен камсыз кылуу департаменти 4% эле дарыны текшерет экен. Калган 96% ар кандай жолдор менен келет. Сиз мисалы Индиядан гепатитке каршы дары алып келсеңиз, атайын температуралык режимди сакташыңыз керек. Бизде андай система жок да. Чет элдик бир студент же бир-эки келин баштык менен алып келип бизнес кылышат. Бирок ал дарыны бейтапка куйганда иштебейт, анткени жолдо келе жатканда температуралык режим сакталбай, сапаты, молекуласы бузулуп калган.
Дагы караңыз Таттуусуз жашоо тозокАзыр бир билди түшүнүп, жеңил болгону үчүн Орусия, Казакстандан алып жатабыз. Бирок Орусиянын өзүндө азыр дары кризиси курч. Азыркы жетекчиликтин бул маселеге көңүл буруп, "Кыргызфармацияны" түбүнөн бери оңдойбуз дегени туура. Дары дүйнөдө чоң бизнестин бири. Жылдан жылга көбөйүп жатат. Эгер жакынкы келечекте өлкөнү сапатсыз дарылар каптабасын десек, ушу баштан чара көрүшүбүз керек.
- Ракты дарылоо мамлекет эсебинен болушу керекпи? Союз учурунда ошондой болгон тура.
- Онкологияда кырдаал башкача. Дарылар кымбат, технология күчтүү. Былтыр май айынан тарта кыргыз өкмөтү менчик онкология клиникаларын түзүүгө уруксат берди. Албетте алардын бейтапка кандай дары берип, кантип дарылаганын мамлекет көзөмөлгө алышы керек. Чет өлкөдө ракты дарылоо маселесин мамлекеттик анан университеттик клиникалар чогуу чечишет. Бир гана Францияда ракты дарылоо мамлекеттин 100% моюнунда. Германия менен Жапонияда эрте диагностикалоону, рактын алгачкы стадияларын дарылоону мамлекет колго алган.
- Рактан сактануу үчүн адис катары кандай кеңеш бересиз?
- Кыргызстандыктар азыр тамекини аз чегип калды. Бул жакшы. Себеби, никотин менен өпкө рагы түздөн түз байланышта. Бирок анын ордуна электрондук чылым келди. Жыттанбаганы менен көп өлкөлөр аны колдонууга уруксат бербей койду. Бизде болсо бул чылымды жаштар, өзгөчө кыздар чегип жатканын байкап калдым. Эмнеге андай болуп кетти, түшүнбөйм.
Экинчиден, жаштар, айрыкча кыз-келиндер арасында салмагы жогорулар көбөйүүдө. Бул дагы көйгөй. Негизи адам тамакты аз жеш керек. Себеби, организм ашыкча тамакты сиңире албайт.
Үчүнчүдөн, тойго жакын элбиз. "Сойгон жылкысы таман чыкты, мындай уча тартты" деп мактанабыз. Бирок ошол малды баккандар эмне берип жатканын ойлонбойбуз. Алар бат семирсин деп гормон, антибиотик сайышат. Биз ошол малдын этин бешбармак кылып жеп жатабыз. Азыр көп оорулар антибиотиктерди тоготпой калды, эртең башка инфекция келсе дары таасир этпей калышы мүмкүн. Малга гормон сайганды токтотпосок, кант диабетин, рак ооруларын пайда кылат. Рак - бул өзүнөн өзү эле пайда болбойт да, аны бир нече факторлор козгойт. Ошон үчүн туура тамактануу, жашоо таризин өзгөртүүгө кеңеш берет элем. Болбосо тапкан-ташыганыбызды лабораториялар менен дарыканаларга карматып жүрө беребиз.
Дагы караңыз «Сокулук» коркунучтуу вирустардын тизмесинде- Анан телефонго, социалдык желеге кеткен убакытты азайтуу керекпи? Анткени түнү менен карап, чала уйкулуу болуп жатабыз да. Уйку канбаса дагы адам ооруйт турбайбы?
- Бул тууралуу атайын изилдөөлөр чыккан. Батышта азыр кичине балдарга телефон карматпай калышты. Себеби, интеллектуалдык жөндөмдөр төмөндөп, айрыкча балдар түнт, кайдыгер болуп калат экен. Азыр Америкада кайра китепке өтүп жатышат. Анткени адам окуп жатканда эске тутуп, сезимдер ойгонот экен да. Анан калса интернетте маалымат аябай көп. Анын баары мээге күч келтирет. Жасалма интеллекттин келиши менен бул көйгөй ого бетер курчуду. Жеке пикиримде, Жасалма интеллект деп атагандын өзү туура эмес. Адамдын мээсиндеги билим, тажрыйба технологияда жок да анда. Американын федералдык мыйзамы боюнча ЖИни медицинада диагноз коюуда, дарылоодо колдонууга болбойт. Анткени ЖИ дарыгер эмес, болгону маалыматты гана топтоп берет. Кээде жаңылып да калышы мүмкүн. Ошон үчүн аны туура колдонууну билиш керек.