Памирлик кыргыздар турак жайга муктаж

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Памирлик кыргыздар Ооганстандан Нарынга келгенине эки жылдай болуп калды. Алардын балдары билим алуусун улантып жатышат. Ал эми чоңдору күнүмдүк тиричиликте өз оокатын жөндөп калышты. Бирок эл арасында «памирликтерди бийлик кара жумушка иштетип койду, боордошторго тыңгылыктуу шарт түзүп бербейт» деген пикирлер көп.