Кыйраган учакта эмне жүк болгон?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

16-январда “Манас” аэропортуна чукул жердеги Дача – СУ конушунда кыйраган учактын ичинде эмне жүк болгон? “Азаттыктын” кабарчылары каргашалуу окуя болгон жерге барып, тургундардан көргөн-билгенин сурап келишти. Гонконгдон келаткан түрктөрдүн АСТ компаниясына таандык “Боинг-747-400” жүк учагы Дача - СУ конушуна кулап, кыйраган үйлөрдүн урандысынан 38 адамдын сөөгү табылды. Ондон ашуун киши ооруканада. Ондогон үйлөр кыйрады. АСТ компаниясы жүк Бишкекке жөнөтүлгөнүн айтса, кыргыз тарап аны төгүнгө чыгарууда. Маселенин чоо-жайын парламенттик комиссия иликтеп жатат.