Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "өлкөнү чайпалткысы келген тышкы күчтөр жана аларга азгырылган адамдар" бар экенин кыйытты. Бул тууралуу ал 29-августта, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган күч органдарынын гарнизондук бөлүштүрүүсүндө сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Президент мамлекет бардык күч түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын чыңдап, коопсуздук системасын жаңы деңгээлге көтөргөнүн белгиледи.
Ал өлкөдө кырдаалды чайпалткысы келген күчтөр бар деп, аларды жазалоо керек деген талабын айтты:
“Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек! Андайларга ырайым болбойт! Ошондуктан, сиздерден дал ушундай катуу тартипти, жогорку кесипкөйлүктү, жана жоопкерчиликти талап кыламын".
Садыр Жапаров өлкөнү чайпалткысы келген күчтөр деп конкреттүү адамдардын ысымдарын атаган жок. Ушул аптанын башында ал “чет өлкөдө жашап, бийликти сындап жаткандарга ишенбөөгө” чакырган.
Буга чейинки маектеринде президент өзү жана ошондой эле анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстандын өнүгүүсүн каалабаган сырткы күчтөр бар экенин, айрым кыргызстандык жарандар ошондой күчтөрдүн куралына айланып жатканын айтып келишкен.
30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.
Ошондой эле Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Анын ачылышы 31-августта Бишкекте, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт.
Бул иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ички иштер, Коргоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, прокуратура, Салык, Бажы, Жаза аткаруу, Чек ара кызматтарынын жана Сот департаментинин жалпы 15 миң кызматкери күчөтүлгөн тартипте ишке киришти.(ZKo)