Бул эки лидердин сегиз күн ичиндеги экинчи жолугушуусу. Алар 12-ноябрда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитинин алкагында да жолугуп, кызматташтыкка оң баа беришкен.
Мындан улам алар кандайдыр бир маанилүү маселени талкуулап жатат деген божомолдор күчөдү. Сапар тууралуу чечим качан кабыл алынганы белгисиз.
«Озоди» радиосунун коопсуздук себептеринен улам аты-жөнүн жана кызмат ордун жашырган айрым булактарынын айтымында «сапар күтүүсүз болду, ал тууралуу беш күн мурда гана белгилүү болуп, алдын ала пландалган эмес».
Путин Дүйшөмбүгө 20-ноябрга караган түнү барды. Анын сапары жума күнгө туш келгендиктен баш калаадагы Имам Тирмизи жана Сари Осиё мечиттери, ири базарлар, борбордук жолдор менен көчөлөр жабылды.
Соода алакасына оң баа берилди
Эмомали Рахмон жолугушууда Орусияны «ишенимдүү өнөктөш» деп атады.
«Орусия Тажикстандын соода жана экономика жаатындагы негизги өнөктөшү. Маданий жана гуманитардык кызматташтыгыбыз да өнүгүп жатат. Коопсуздук жаатындагы кызматташтык да бекемделүүдө», — деди ал.
Владимир Путин бул сапар кененирээк сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.
«Былтыр эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 25%, быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында 19% өстү. Бул жакшы көрсөткүч. Орусиянын ири компаниялары, ошондой эле 70тен ашык шаары жана облусу Тажикстан менен кызматташат», — деди Путин.
Лидерлер тажик жарандары, анын ичинде эмгек мигранттары Орусиянын Украинадагы согушуна мажбурлап тартылып жатканы тууралуу кеп кылган-кылбаганы белгисиз.
Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы «эмгек миграциясы жаатындагы учурдагы маселелерди чечүүнүн мааниси белгиленди» деп гана жазып, чоо-жайын айткан жок.
Укук коргоочулар Москванын Дүйшөмбүгө жасаган мамилесин, өзгөчө эмгек мигранттарына кысым көрсөтүлүп жатканын жана буга байланыштуу тажик бийлигинин унчукпай келатканын сынга алып келишет.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбүдө жолугушууда. 2026-жыл, 20-ноябрь. Вячеслав Прокофьев / POOL / AFP
Ооганстан менен чек арадагы кырдаал
Орусиянын маалымат агенттиктери сүйлөшүүдө Ооганстан менен чек арадагы кырдаал жана Орусиянын 201-аскер базасынын Тажикстанда мындан ары да турушу талкууланганын кабарлады.
Рахмондун басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берген жок.
Анда «сүйлөшүүдө аймактагы кырдаал, терроризм, экстремизм, киберкоркунучтар жана баңгизат аткезчилиги сыяктуу коопсуздукка байланышкан коркунучтарга каршы күрөш кеңири талкууланды» деп айтылат.
Орусиянын президенти Владимир Путин 19-ноябрда Кытайда жүргөндө журналисттердин Тажикстанга сапарынын максаты тууралуу суроосуна мындай жооп берген:
«Билесиздер, Эмомали Рахмон жакында Москвада болду. Биз Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында иштеп, башка маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Биринчи кезекте сөз Ооганстан тууралуу болуп жатат».
Жакында Орусиянын вице-премьери Алексей Оверчук жетектеген делегация Ооганстанга барган. Путин ошол сапардын жыйынтыгы жана Ооганстан боюнча кызматташтыктын келечеги тууралуу тажик тарапка маалымат берүүнү көздөгөнүн айтты.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 20-ноябрда журналисттерге Рахмон Путинге Ооганстан менен чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат бергенин билдирди.
Песковдун айтымында, Ооганстанда «Талибан» бийликке келгенден бери тажик-ооган чек арасындагы кырдаал кандай өнүгөрүн алдын ала баалоо оңой болуп калды. Орусия «Талибандын» өкмөтүн Ооганстандын расмий өкмөтү катары тааныган жалгыз өлкө.
2005-жылга чейин Тажикстандын Ооганстан менен чек арасын орусиялык чек арачылар кайтарып келген. Ошондон бери бул милдетти Тажикстандын чек арачылары аткарат. Орусиянын бийлиги өз чек арачыларын Тажикстанга кайра жөнөтүүгө даяр экенин бир нече жолу билдирген, бирок Дүйшөмбү бул сунушту кабыл алган эмес.
201-аскер базасынын тагдыры
Орусиянын маалымат агенттиктеринин кабарына караганда, Путин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн бир катар командачыларын 20-ноябрдагы жолугушууга катышуу үчүн Дүйшөмбүгө чакырган. Алар Орусиянын 201-аскер базасынын келечегин талкуулоого катышары белгилүү болгон.
Бул аскердик база 2004-жылы 1943-жылдан бери Тажикстанда жайгашып келген советтик армиянын 201-дивизиясынын негизинде түзүлгөн. Азыр базанын аскер бөлүктөрү Дүйшөмбү жана Бохтар шаарларында жайгашкан.
201-база Орусиянын кургактагы аскер күчтөрүнүн чет өлкөдөгү эң ири базасы болуп эсептелет. Анын Тажикстандагы мөөнөтү 2042-жылга чейин узартылган.
Мурда 201-базада 6–7 миңдей аскер бар экени айтылып келген. 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенде Москва Тажикстандагы аскерлеринин бир бөлүгүн согушка жөнөткөнү кабарланган. Базада азыр канча аскер бар экени белгисиз.
Дагы караңыз
Тажикстан: Украинада уруш башталганы орус базасында аскер азайдыДагы кандай маселелер көтөрүлүшү мүмкүн?
Саясий талдоочу Хурсанд Хуррамовдун айтымында, Дүйшөмбү Ооганстан менен чек арадагы коопсуздукту камсыздоо үчүн Москванын Кабул менен байланышы тууралуу көбүрөөк билгиси келери түшүнүктүү. Бирок талдоочу 2027-жылдагы президенттик шайлоо жолугушуудагы маанилүү темалардын бири болушу мүмкүн деп эсептейт.
«Негизги суроо Рахмон дагы бир мөөнөткө талапкерлигин коёбу же уулу Рустами Эмомалинин талапкерлигин көрсөтөбү? Ал уулун бул кызматка акыркы он жылдан бери даярдап келет», — деди Хуррамов.
Тажикстанда президенттик шайлоо келерки жылы өтөрү күтүлүүдө. Бийлик азырынча бул тууралуу расмий жарыялай элек. Президент Эмомали Рахмон бир ай мурда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана бир нече мүчөсүн алмаштырган. Парламент бул чечимди колдогон. Бийлик муну алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганы менен түшүндүргөн.
Хуррамовдун баамында, Москва тажик бийлигинин башкы тышкы колдоочуларынын бири бойдон калууда. Ансыз же анын макулдугусуз өлкөнүн саясатында өзгөрүү болушу мүмкүн эмес деп эсептейт талдоочу.
«Эгер Рахмон президенттик кызматты уулуна өткөрүп берүүнү чечсе, Кремлдин аны менен иштешүүгө даярдыгы Тажикстандын саясий элитасы үчүн абдан маанилүү болот. Ал эми Москва үчүн негизги суроо болочок президент Тажикстандагы орус аскер базасына байланышкан келишимдерди сактайбы жана коопсуздук жаатындагы тыгыз кызматташтыкты кантип улантат?» — деди ал.
Владимир Путин 2025-жылдын октябрында да Тажикстанга барган. Ошондо Эл аралык кылмыш соту Тажикстанды Путинди кармоого чакырган. Сот аны согуш кылмыштарына, анын ичинде Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө айыптайт.
Тажикстан бийлиги соттун өтүнүчүн аткарган эмес. Жакында парламент депутаттары өлкөнүн бул сотко мүчөлүгүн токтотушту. Эл аралык уюмдар Тажикстандын мындай чечимин сынга алышты.