Путин "абадай зарыл" стабилдүүлүк үчүн президент болууда

Премьер-министр Владимир Путин Орусиянын федералдык телеканалына маек куруп жатканда. Ново-Огарево. 17-октябрь 2011

Премьер-министр Владимир Путин 17-октябрда Орусиянын үч телеканалынан сүйлөп, өзүнүн президенттикке кайтып келүүсү баарынан мурда өлкөдө туруктуулукту бекемдөө үчүн зарыл деди.
Ал ошондой эле 2000-жылы оболу президенттикке келгенден тарта гана Орусияда тынчтык орнотулуп, кырдаал туруктуу нукка салынганын баса белгиледи.
Советтер Союзу деген эмне?
Бул Россия да, бирок башкача аталган.

Владимир Путин


Путиндин сынчыларынын айтымында, анын президент болуусу Орусияда саясий-экономикалык стагнация же сенктик жана жарандардын эркиндиктерин ого бетер чектөө менен коштолот. Путин, серепчилердин боолгошунча, эки мөөнөт же 2024-жылга чейин тактан түшпөйт. Аны өткөн айда башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясы президентке талапкер деп тандаган.

Путин талапкерлиги көрсөтүлгөндөн бери алгач берген чоң интервьюда үчүнчү мөөнөткө президенттик орунга отуруусу Орусияга “абадай зарыл” туруктуулук үчүн керек деди:

- Өлкө катаал, кыйын кезеңди баштан кечирип, кризистен суурулуп, бутуна туруп жатканда стабилдүүлүк, анын ичинде саясий стабилдүүлүк абдан маанилүү. Биз да мамлекеттин кыйроосун өз башыбыздан өткөрдүк. Советтер Союзу бүлүндү. Советтер Союзу деген эмне? Бул Россия да, бирок башкача аталган. Биз 90-жылдары аябай татаал мезгилден өттүк. 2000-жылдан тартып гана бутубузга тура баштадык. Өлкө ичинде тынчтыкка жетиштик. Абалды турукташтырып жатабыз. Албетте бизге өнүгүүнүн туруктуу мезгили керек.

В. Путин Таман жарым аралында сууга сүзүп жатып, Кара деңиз астындагы байыркы грек шаарынын ордунан таап алган эки байыркы кумура(амфора) менен. 10-август 2011

Путин президенттик кылган 2000-2008-жылдары өлкөдө ээ-жаа бербеген мыйзамсыздыктар жана Советтер Союзу кыйраганда башталган экономикадагы башаламандык токтотулган.

Лекин, анын саясий оппоненттери менен адам укугун коргоочулар стабилдүүлүк шайлоолордо добуштарды бурмалоо, жүүнү бош парламентти түзүү, маалымат каражаттарынын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү жана жарандардын эркиндиктерин чектөө аркылуу жетишилгенин айтышат.

59 жаштагы Путин эл сыналгыны эң көп көргөн убакта берилген маегинде саясый каршылаштарынын “кырдаал мындан жаман болуп, кайда бармак эле” деген сөзүнө минтип жооп кайрыды:

- Азыркыдан да жаман болбойт дегенден мен этиятмын. Эки-үч жаңылыш кадам жасалса эле мурда болгон нерселер бизди көз ачырбай кайра басып калышы мүмкүн.

Премьер-министр Путин Түндүк Кавказда али чечилбеген көйгөйлөр көп экенин, региондогу эң чоң проблема “кылмыштуулук менен терроризм” болуп жатканын белгиледи. Ал президент кезде федералдык күчтөр Чеченстанды адам укуктарын көзгө илбей жатып, көзөмөлгө алган жана бийликке абал Ахмат Кадыровду, кийин анын уулу Рамзанды отургузган.

Путин мекени үчүн жан аябай иштегенин айтып, өзүн 1930-жылдардагы Улуу депрессия жана Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдарында төрт мөөнөт бийликте отурган АКШ президенти Франклин Рузвельт менен салыштырды.

Антигитлердик коалициянын лидерлери(солдон оңго) Британия премьер-министри Уинстон Черчилл, АКШ президенти Франклин Рузвельт жана Бүткүл Союздук Коммунисттик Партиянын башкы катчысы, Эл комиссарлар Советинин төрагасы Иосиф Сталин. Ялта, 4-11-февраль 1945

1951-жылы АКШ конституциясына киргизилген түзөтүү боюнча президент эки мөөнөттөн көпкө шайланбайт.

Путин интервьюсунда мурда байкоочулар арасында айтылып жүргөн кепти тастыктап, төрт жыл илгери азыркы президент Медведев анын кайра президент болуусуна макулдук бергенин мойнуна алды.

Көпчүлүк серепчилер Медведев президент болгонуна жана коомчулук алдындагы айрым карама-каршылыктарына карабай, бийлик Путиндин колунда экенин айтып жүршчү. Ал Дмитрий Медведевдин келечегине да токтолду:

- Эгер Дмитрий Анатольевич “Бирдиктүү Орусиянын” тизмесин баштаса, эгер шайлоочулар ал тизме үчүн добуштарын беришсе, биз “Бирдиктүү Орусия” негизги орундарды ээлеген парламент түзө алсак, анда Дмитрий Анатольевич ошол парламентке жана жеңишке таянып, ишкер өкмөттү кура алат.

Азыр “Бирдиктүү Орусияга” Мамдумадагы орундардын үчтөн экиси таандык.

Путин эл ага ишеним көрсөтөрүнө бөркүндөй ишенет:

- Эгер сиздердин ишенимдүү кызматчыңыздар шайлоого барса, тандоо такыр болбойт. Балким тигилер үчүн тандоо болбос. Ал эми катардагы жарандарда дайыма тандоо мүмкүнчүлүгү бар.

Владимир Путин эл аралык мамилелерде баланстуу саясат жүргүзөрүн, Орусиянын бардык өнөктөштөрү менен дос мамиле күтөрүн билдирди.

Орусияда жалпы элдик шайлоо келерки 2012-жылдын баш ченинде болуп, анда президент биринчи жолу алты жылдык мөөнөткө шайланат.

Эл аралык байкоочулар Орусияда буга чейинки шайлоолор орой мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилешкен.