Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Путин Медведевдин "абийирин жапты"


Финансы министри Алексей Кудрин (солдо) Модернизациялоо жана техникалык өнүгүү боюнча президенттик комиссиянын жыйынында. Оңдо жыйын төрагасы президент Дмитрий Медведев. Димитровград, 26-сентябрь, 2011
Финансы министри Алексей Кудрин (солдо) Модернизациялоо жана техникалык өнүгүү боюнча президенттик комиссиянын жыйынында. Оңдо жыйын төрагасы президент Дмитрий Медведев. Димитровград, 26-сентябрь, 2011

Вице-премьер жана финансы министри Алексей Кудрин дүйшөмбү күнү президент Дмитрий Медведев менен болгон кайым айтышуудан кийин кызматтан кетти.

Медведев президенттик комиссиянын жыйыны учурда Кудринге кызматтан кетүүнү сунуш кылган.

2000-жылдан бери Финансы министрлигин жетектеген Кудрин андай кадамга Путин менен кеңешип туруп барарын айткан. Кремлдин билдиришинче, Кудрин кызматтан Путиндин катынын негизинде алынды.

Чырдын башы "Бирдиктүү Орусиянын" Путинди тандоосу

Чатак модернизациялоо жана технологияны өнүктүрүү боюнча президенттик комиссиянын Ульяновск облусундагы кеңешмеси учурунда болду. Президент Медведев вице-премьер Кудринди кызматтан кетүүгө чакырганда ал: “Сиздин сунушуңуз боюнча чечимди премьер-министр менен кеңешкен соң кабыл алам”,-деп жооп берди.
Д. Медведев жана В. Путин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын 12-курултайынын соңку күнү. Москва, 25-сентябрь 2011

Ишемби күнү башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынын курултайында президенттикке талапкер көрсөтүлгөн Владимир Путин жаңы өкмөттө премьер-министр Медведев болушу ыктымал экенин айткан. Ошол эле күнү Кудрин “көз караштарындагы келишипестиктерден” улам, Медведев башындагы өкмөттө иштей албасын билдирген.

Медведев Димитровграддагы жыйында Кудринди вице-премьерликтин дүйшөмбүдөн кечикпей кетүүнү талап кылды: “Сиз билесизби, сиз премьер-министр же каалаган башка бирөө менен масилеттеше аласыз. Бирок мен президент болуп турганда, мындай чечимди мен чыгарам.”

Путиндин ыкласы менен президент тандалган Медведев Димитровграддагы кеңешмеде учурдан пайдаланып, 2012-жылдын майында бийлик мөөнөтү бүткөнчө мамлекет башчысы ал экенин коомчулукка жана өкмөттөгү көрөсөн чиновниктерге даңазалап койгусу келди окшойт.

Президент, Орусиянын Конституциясына ылайык, өкмөттү, ошондой эле премьер-министрди отставкага жөнөтө алат, бирок вице-премьерди өкмөт башчынын сунушу боюнча гана кызматтан алат.
Путинге каршы митингдин катышуучулары "Мен Путини жок Россия үчүн" деген ураанды көтөрүп турушат. Москва, 25-сентябрь 2011

Ошондуктан Медведев менен Кудриндин кайым айтышуусу саясий кризиске түрткү бериши мүмкүн.

Медведевчилердин Кудринге ооп кетиши

Москвалык серепчи Владимир Прибловский “Азаттыкка” курган маегинде, Кудриндин Медведевге “тиш салуусун” мындай боолгоду:

- Өткөн жылы Медведевди президенттикке сүрөгөн кландар жана топтор алсырады. Алардын бир жааты болочокку реформаларды уюштурат жана вице-премьер Сечиндин айланасындагы консерваторлорду сүрүп чыгат деген ойдо Кудринге ык тартышты.

Кудриндин 24-сентябрда РИА Новости агенттигине айтышынча, ал Медведевдин аскерий бюджетти келерки үч жылга 65 миллиард долларга көбөйткөнүнө аябай нааразы. Анын сөзүнчө, жаңы өкмөттүн мойнуна ишке ашпай калган пенсия реформасынын да жүгү түшөт.

Санкт-Петербург шаарындагы плакат. 26-сентябрь 2011
Белгилүү экономист Евгений Ясин акыркы он жылдагы Орусия экономикасындагы ийгиликтерге Кудриндин кошкон салымы эбегейсиз чоң деп эсептейт:

- Менин оюмча, соңку 10 жылдагы ийгиликтин теңинен көбү Кудринге таандык. Анын көктүгү, популярдуулукка умтулбай жооптуу финансылык чечимдерди кабыл алганын мен өтө жогору баалайм. Бирок кырдаал өзүңүз көргөндөй өзгөрүүдө. Ал балким кайсы бир окуянын алдын алууну каалагандыр же эмоцияга алдыргандыр. Кремлде балким Кудрин менен сүйлөшүп, сылап-сыйпап жоошутушуп, орден беришет да ал ишин башка кызматта уланта берер.

Ясин сыяктуу эле көпчүлүк байкоочулар да Алексей Кудрин башкаруучу элитадан четтетилбесин айтышат. Серепчилер ошол эле учурда Кудрин күчтүү премьер-министр болмок дешет. 2012-жылдын мартындагы президенттик шайлоодон кийинки жаңы өкмөттү Дмитрий Медведев кыска мөөнөт жетектеп, андан соң Путин премьер-министр кылып Кудринди жылдырышы ыктымал экени да айтылууда.

Владимир Прибловский “Медведев премьер-министр болору күмөндүү. Ал премьер болсо да канча узак болот деген суроо турат. Бардык нерсе Кудайдын колунда, атап айтканда Владимир Путиндин колунда”-,дейт.

51 жаштагы Алексей Кудрин Финансы министрлигин 2000-жылдан бери жетектейт. Путиндин тар саясый чөйрөсүндө салмагы оор Кудрин батышта принципиалдуулугу жана туруктуу көз карашы менен кадыр-баркка жетишкен. Ал "Чоң Сегиздеги" эң узак иштеген финансы министри.

XS
SM
MD
LG