Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

ВЛАДИМИР ПУТИН КИМДИ МУРАСКЕР ТАНДАЙТ?


1999-жылдын 9-августунда Орусиянын ошо кездеги президенти Борис Ельцин көпчүлүккө белгисиз Владимир Путинди мураскери катары тандап, эларалык коомчулукту таң калтырган. Келерки жылы март айында Орусияда кезектеги президенттик шайлоо болот. Владимир Путиндин мураскери деп ким аталышы мүмкүн? Талдоочулар кимди мураскер болот деп боолгошууда?

Премьер-министрдин 1-орун басарлары Сергей Иванов менен Дмитрий Медведевдин экөөнүн бири Орусиянын келерки президенти болору бир жылдан ашык мезгилден бери айтылып жүргөн. Бирок, Кремлдин масилетчиси Игорь Шувалов жакында Вашингтондо болгон кезде, анын кожоюну дагы башка талапкерди сунуш этиши ыктымал экенине ишаара кылды:

- Эл мүмкүн болчу талапкерлер катары бул эки талапкерди айтып жүрүшөт. Бирок, сиздерге маалым, менин президентим күтүүсүз сюрприз жасашы мүмкүн жана жыл соңунда сиздер дагы бир талапкердин ысмын билип каласыздар.

Игорь Шувалов айткан үчүнчү талапкер ким болот дегенде, айрымдар буга чейин ысмы аталып калган Санкт-Петербургдун губернатору Валентина Матвиенкого көңүл бурушту. Серепчилер эгер Путин Кремлден кеткен соң “өлкөнү көшөгөнүн артынан башкарам” десе, “тактеке” президент болууга Матвиенкодон мыкты эч ким жок дешет. Москвадагы Карнеги фондунун талдоочусу Андрей Рябовдун пикиринде:

- Техникалык президент сценарийи боюнча атайылап чабал фигура президент болуп шайланат да, негизги бийлик өкмөттөгү башка түзүмдөргө, балким, өлкөдөгү саясатка жигердүү кийлигишүүгө умтулган бийликтен кетчү президентке өтөт. Мындай план үчүн Матвиенко идеалдуу фигура. Анын жеке дымагы жок жана Путинге 100 пайыз берилген.

Матвиенко башкаруучу элитанын түрдүү топторунун кызыкчылыгын баланстаганга жөндөмдүү, ошондой эле ар кандай саясий жана экономикалык чөйрөлөр менен да жакшы мамиледе.

Владимир Прибыловский – Москвадагы “Панорама” изилдөө борборунун эксперти. Анын айтышынча:

- Эгер Матвиенкого убактылуу президент болосуз жана бир же эки жылдан кийин кетесиз деп шарт коюп, Путинди кайрадан президент кылууну каалашса, Матвиенко аларды алдап кетпейт. Бул жагынан Матвиенко ыңгайлуу.

Күчтүү жана Путиндин саясатын ишенимдүү улантчу фигура катары Мамлекеттик темир жолдор компаниясынын башчысы Владимир Якуниндин ысмы аталууда. Прибыловскийдин сөзүнчө, Якунин моюну катуу, акчалуу, питерлик ишкер чекисттер менен жакшы катышы бар инсан болгондуктан, ал Путиндин командасына баш ийбей койот:

- Якуниндин кемчилиги- аны болочокто башкара алышпайт. Ал кызыкчылыктар боюнча макулдашканга барат, бирок Матвиенкодон айрымаланып, "тактеке" болуп бербейт.

Кремль ооматы артып бараткан вице-премьер Сергей Нарышкинге да ыкласын бурушу ыктымал экени айтылууда. Бирок да, Путин ордуна Санкт-Петербургдук команданын мүчөсүн калтырууну каалаганы анык.

XS
SM
MD
LG