Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Путин: Россияга либерализмдин кереги жок


Премьер-министр В. Путин Мамдумада сөз сүйлөөдө. 20-апрель 2011
Премьер-министр В. Путин Мамдумада сөз сүйлөөдө. 20-апрель 2011

20-апрелде Россия премьер-министри Владимир Путин Мамлекеттик Думанын депутаттары алдында өкмөттүн ишмердиги боюнча баяндама жасады.

Отчеттук доклад, көпчүлүк серепчилер баамдагандай, бийликтеги “Бирдиктүү Россия” партиянын декабрдагы парламенттик жана 2012-жылы 11-мартта болчу президенттик шайлоо өнөктүгү үчүн программалык

Өзүн актабаган либерализм же социалдык демагогиянын бизге кереги жок. В. Путин

документ болуп берет.

Путиндин багыт берчү сөзү

Келерки жылы Россияда болчу жалпы элдик шайлоодо президент биринчи жолу алты жылга шайланат. Алиге чейин Владимир Путин үчүнчү ирет президенттикке барабы же жокпу, ачык айта элек. Ошондуктан, Мамлекеттик Думанын депутаттары жана жалпы коомчулук премьер-министр Путиндин докладынан анын келечек мүдөөсүнө байланыштуу сөздөрдү күтүп жатты.
В. Путин Мамдумада доклад жасоодо. 20-апрель 2011
Болжолдонгондой эле Путин сөзүнүн экономикалык бөлүгүндө биринчи кезекте шайлоочулардын көңүлүн бурган маселелерге токтолуп, келерки беш жылда турак-жай курулушу эки эсеге көбөйтүлөрүн айтты жана турак жай курчу же сатып алчу адамдарга банктар берчү ипотеканын баасы дагы арзандайт деп убада берди. Ал эми экономикадагы кырдаалга мындайча баа берди:

- Быйыл жылдык экономикалык өсүү прогноз боюнча 4, 2 процент болот. Жылдын биринчи кварталында өсүү 4, 4 процентти түзгөнүн маалымдай кетейин. Бул 2012-жылдын башына Россиянын экономикасы кризистен улам кабылган жоготууларды толук калыбына келтирет дегенди билдирет.

Азыр Россия ички дүң жыйымынын өсүш темпи боюнча экономикасы ылдам кубаттанып бараткан БРИК тобуна кирген Бразилия, Индия, Кытайдан эки-бир жарым эсе төмөн.

Путин жылдык отчетунда кризис тыш өлкөлөрдөн келип, күтүүсүз болгонун белгилөө менен Россия 2020-жылы дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу беш мамлекеттин бири болуш керек деди. Ошондой эле жан башына өндүрүлгөн ички дүң жыйымы боюнча Европа өлкөлөрүн кууп жетүүгө тийиш.

Путиндин убадасына ишенич жок

Бирок Путиндин президент кезиндеги кеңешчиси Андрей Илларионов азыр эле өлкөдө экономикалык өсүү төмөндөй баштаганын күбөлөгөн белгилер бар экенин айтат. Анан да көпчүлүк талдоочулар акыркы жарым жылда Россиядан сыртка капитал чоң суммада кетип жатканын жогоруда премьер-министр болжогон пландарды жүзөгө ашырууга чоң кедерги болоруна; бул жергиликтүү жана чет элдик ишкерлердин өкмөттүн таза бизнес жүргүзөрүнө ишене бербегенинин жышааны экенине көңүл бурушат. Мисалы, 2010-жылы Россиядан 35 миллиард доллар чыгарылып кетсе, анын 21 миллиард доллары октябрь-декабр айларына таандык. Быйыл алгачкы үч айда эле 21 миллиард доллар тышка агып кеткен. Эгер бул темп сакталса, 2011-жылы экономика кеминде 80 миллиард доллар инвестициядан кол жууйт.
Ошон үчүн көпчүлүк талдоочулар Россияда инвесторлордун жана жеке бизнестин укуктарын коргоо жана өнөр жай тармактарын инвестициялоо кескин жакшыртылмайын, мурдакыдай эле кудай берген чийки заттарын саткан өлкө бойдон кала берет дешет. Таанымал экономист Евгений Гонтмахер да ушундай пикирде.

Экономикалык өсүүнүн басаңдашынан улам россиялыктардын Владимир Путинге жана президент Дмитрий Медведевге болгон ишеними качып, бул экөөсүнөн тажай баштаганын жакында Москвадагы Стратегиялык изилдөөлөр борбору түрдүү социалдык топторду жана ар кайсы региондорду камтыган фокустук топтор менен өткөргөн кеңири сурамжылоо да көрсөттү. Өкмөт каржылаган Борбордун директору, экономика министринин мурдакы орун басары Михаил Дмитриевдин айтымында, акыркы 20 жылда россиялыктардын экономикалык маанайы жана президентке ишеничи 95 процентке экономикадагы абалга
Москвада оппозиция уюштурган демонстрациянын катышуучусу "Кал айтуу, уурулук, өзүм билемдик жоголсун" деген көрнөктү кармап турат.16-апрель 2011
байланыштуу болгон.

Россияга либерализм керек эмес

Владимир Путин оппозицияны жарандардын демократиялык укуктарын кеңейтүүнү талап кылган куру кыйкырыктарды токтотуп, элди Кремль белгиленген даңгыр жолдон чыгарбоого чакырды.

- Өлкөгө эч кандай экспериментсиз, туруктуу, мамыр өнүгүүнүн он жылдыгы керек. Өзүн актабаган либерализм же социалдык демагогиянын бизге кереги жок. Бул экөө тең өнүгүүнүн башкы багытынан алагды кылат, - деди орус премьер-министри. Ал адатынча Россиядагы адам укуктарын бузууларга, тартип коргоо органдарындагы жемсөөлүккө өзгөчө көп көңүл бурган Батыштын коргонуна өлкөдөгү ички иштерге кийлигишет деп таш ыргытты.

- Бүгүнкү дүйнөдө эгер сен алсыз болсоң, сырттан келип, кайсы багытты кармануу, кандай саясат жүргүзүү жана өнүгүү үчүн кандай жолду тандоо боюнча кеңеш айтчу кимдир бирөө сөзсүз табылат. Бу сыяктуу жакшы, таңуулабай кеңеш айтуу бир караганда жаман эместей. Бирок мунун артында күнкорсуз мамлекеттин ички ишине өз саясатын орой таңуулоо-диктат жана кийлигишүү жатат, - деди Путин өкмөттүн иши боюнча Мамдумада жасаган жылдык отчеттук сөзүндө.

XS
SM
MD
LG