Кремль «мурдагы президенттин» камын ойлойт

Сергей Ёлкин тарткан азил сүрөт.

Орусиянын Мамдумасы бир күндө ар кандай тыюуларды салчу 10 мыйзамды кабыл алды. Владимир Путин шейшембиде кол койгон мыйзамдар болсо болочокку «мурдагы президенттин» камын көрүү мүдөөсүн көздөйт.

Орусиянын Мамлекеттик думасы 22-декабрда ондон ашуун мыйзамды кабыл алды. Алардын айрымдары биротоло кабыл алынса, кээ бирлери экинчи жана биринчи окууда кабыл алынды.

Орусиянын Мамдумасынын отуруму. 2019-жылдын 17-январы.

Айрым мыйзамдар учурдагы мыйзамдык эрежелерди кыйла катаалдантышы күтүлөт. Маселен, экинчи окууда кабыл алынган бир мыйзамга ылайык, эми кайсы-бир интернет ресурсу “олуттуу маалыматты Орусияда таркатууну чектей турган болсо”, анда андай интернет каражатынын ишмердигине Орусия көзөмөл кызматы (Байланыш, маалымат технологиясы жана жапатырмак байланыштыруу чөйрөсүндөгү федералдык көзөмөл кызматы, кыскача “Роскомнадзор”) бөгөт коё алат. Буга, маселен, Facebook, Twitter жана видео тасмаларды жайгаштырган YouTube да кириши ыктымал.

Дагы караңыз Мамдума АКШга жооп камдай баштады

Ал эми биринчи окууда кабыл алынган документтердин арасында эгерде кимде-ким "чет элдик агент" деп таанылса жана өз ишмердиги тууралуу баяндаманы туура эмес толтурса, анда ал беш жылга чейинки мөөнөткө абакка кесилет деген берене камтылган мыйзам долбоору да бар.

Ошондой эле блогер жана Телеграм каналдагы автор интернет аркылуу ушак-айың таркатты деп табылчу болсо, ал эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги каралган мыйзамдык түзөтүү да биринчи окууда жактырылды.

Дмитрий Вяткин.

Бул мыйзам долбоорлорунун көпчүлүгүн бийликчил «Бирдиктүү Орусия” фракциясынын депутаты Дмитрий Вяткин даярдаган.

Ал бир эле учурда Мамдуманын Жарандык коомду өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат.

Орусиялык Наталья Пелевина “Твиттердеги” 18-ноябрдагы жарыясында “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбоорун диктатурага карай жол катары сынга алды.

Шейшембиде (22-декабрда) президент Владимир Путин да бир нече мыйзамга кол койду.

Алардын арасындагы бир мыйзамга ылайык, эми Орусиянын президентинин мөөнөтү аяктаса, ал жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жана акимдик жоопкерчиликке тартылбайт, камакка жана тинтүүгө алынбайт деп белгиленет.

Алтайдагы Путинге каршы нааразылык жыйында. Барнаул шаары. 2018-жылдын 28-январы.

Эгерде мурдагы президент «мамлекеттик чыккынчылык кылды» деген же башка «өзгөчө оор кылмыш кылган» деген доого Мамдума тарабынан кабылса, бул доо Жогорку жана Конституциялык соттор колдоого алган жана Федерациялык Кеңеш тарабынан жактырылган чакта, мурдагы президент ошондо гана кол тийбестиктен ажырашы ыктымал.

Путин кол койгон башка бир мыйзамга ылайык, болочокку «мурдагы президент» өмүр бою сенатор болуп кала алат жана андан тышкары «мурдагы президент» Федерациялык Кеңешке өмүр бою сенатор болуу укугу менен жетиге чейинки сандагы кишини да дайындай алат.

Дагы караңыз Назарбаев өз «майрамында» сынга кабылды

Орусиянын оппозициялык күчтөрү бул мыйзамдарды жана мыйзам долбоорлорун өлкөдөгү авторитардык системаны андан ары чыңдоо амалдары катары сынга алышууда. «Мурдагы президенттин» макамы менен байланыштуу айрым беренелер коңшу Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин азыркы макамына үндөшүп кетет.