Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Назарбаев өз «майрамында» сынга кабылды


Алматы шаары. 1-декабрь. 2020-жыл.
Алматы шаары. 1-декабрь. 2020-жыл.

Алматы шаарынын Нурсултан Назарбаев проспектисинде #qazaqkoktemi и #cancelelbasy деген хэштег менен «Бир ысымга 47 миллиард теңге» деген жазуусу бар он метрлик жазуу илинди.

Алматы шаарындагы акциянын уюштуруучулары ким экени белгисиз. Бирок оппозициялык «Rukh2k19» тобу «Инстаграмдагы» баракчасына казак бийлиги коомчулук менен эсептешпей туруп, өлкөнүн баш калаасынын атын өзгөрткөнүн, негизги көчөлөргө да туңгуч президенттин ысымы коюлганын айыптаган билдирүү жазды.

«2019-жылдын 23-мартында Казакстандын өкмөтү элдин пикирин эске албай, өлкөнүн борборун жана борбордук көчөлөрүн кандайча өзгөрткөнүн биз унута элекпиз. Ар кандай маалымат булактары билдиргендей, Назарбаевдин атын түбөлүккө калтыруу аракетине 47,3 миллиард теңгеден ашык каражат сарпталды. Бүгүнкү күндө ал өзү, анын кызматкерлери 1-декабрды майрамдап жатканда, айрым жарандар жеке адамга «сыйынууну» кантип токтотууну ойлонуп жатат. Казакстандын Конституциясында «эл - бийликтин бирден-бир булагы» деп жазылган. Казакстандын ар бир жараны мамлекеттик башкарууга катышууга мүмкүнчүлүк алышы керек, биздин тандоо эркиндигибиз жана сөз эркиндигибиз урматталышы керек деп эсептейбиз. Ошондой эле мыйзам алдында баары бирдей экенин, демек, «Улут лидери жөнүндө» мыйзамды жокко чыгарыш керек экенин билдиребиз», - деп жазылган.

Нур-Султан шаары.
Нур-Султан шаары.

Казакстанда туңгуч президентти даңазалаш үчүн 1-декабрь Элбашынын күнү деп жарыяланган. Назарбаев күнүн белгилөө 2011-жылы башталып, ошондон бери мамлекеттик майрам болуп эсептелет. Серепчилер бул күндү өлкөнү 30 жыл башкарып, былтыр бийликтен кеткен, бирок таасирин сактап калган Нурсултан Назарбаевдин «керт башына сыйынуу» деп эсептешет.

Бул датаны утурлай социалдык тармактарга #cancelelbasy деген хэштег менен өз пикирин билдиргендер көп болду. Анда негизинен мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында биринчи президенттин күнүнө карата аны мактап-жактаган сабактар өткөрүлгөнү сынга алынган.

«Мага да презентация жасап, Назарбаевдин жетишкендиктери жөнүндө айтып берүү боюнча тапшырма беришти. Бирок мен аны аткарбайм, бул үчүн сөгүш жарыяланып, жазаланарымды да билем. Бул албетте, акылга сыйбаган нерсе»,- деп жазат комментарийчилердин бири .

Белгилүү болгондой, Назарбаев кызматтан кетсе да казак бийлигине дагы эле таасири эбегейсиз. Мыйзам боюнча ал Конституциялык кеңешмени өмүр бою жетектейт. Элбашы түптөгөн «Нур Отан» партиясы парламентте көп мандатка ээ. Ошондой эле Назарбаевге «Улут лидери - мамлекет башчысы» деген макам берилген, бул аны жана анын үй-бүлөсүн жоопкерчиликке тартууга жол бербейт.

Анткен менен өлкөдө экс-президент Назарбаевдин саясатын сындагандар да бар. Казакстандын Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Балташ Турсунбаев Назарбаев бийликти колунан чыгарбай турганын айтты:

Балташ Турсунбаев.
Балташ Турсунбаев.

«Экономика нөл. Мурункудан төмөн түштүк. Демократия деген жок. Президент деген атты 30 жыл сүйрөдү. Парламентте отурган өз кишилери аркылуу «Элбашы» деген макам алып, эми отурат. Атын өзгөрттү да бийликти кармап отурат. Полиция, УКМК, прокуратура, сот - баарын баарын өз колуна алган».

Назарбаевдин шайлоо өнөктүгүн эки жолу башкарган Рахман Алшанов болсо мындай сын-пикирлерге «​туңгуч президенттин элге сиңирген эмгеги көп» деп жооп кайтарды:

Рахман Алшанов.
Рахман Алшанов.

«Бизди Араб Эмираттары менен салыштырышат. Ал кичинекей өлкө, ал эми Казакстан 20 миң чакырым. Ушунун баарына каражат керек. Азыр казакстандык студенттер чет өлкөдө окуп жатышат. Оксфорд, Гарвард деген университеттерде окушат. Эшик ачылды. Ал эми туңгуч президент эмнеге сөз берсе баарын аткарды».

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин авторитардык башкаруу стили, саясий оппоненттерин куугунтуктаганы жана адам укуктарын бузганы үчүн эл аралык коомчулук сындап келген. Анын ысымы өлкөнүн баш калаасына, борбордогу аэропортко, университеттерге, мектептерге, облус борборлорундагы башкы көчөлөргө, сейил бактарына, спорттук жайларга жана Иле Ала-Тоосундагы чокулардын бирине берилген. Мындан тышкары бир катар шаарларда, анын ичинде баш калаада Назарбаевдин эстеликтери орнотулган.

Ал эми сөз эркиндиги жаатында «Чек арасыз репортерлор» сынында Казакстан 2020-жылы дүйнөнүн 180 өлкөнүн ичинен 157-орунду алды.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG