Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Мамдума АКШга жооп камдай баштады


Мамлекеттик Дума чет өлкөлүк маалымат каражаттары агент катары каттоодон өтпөсө, Орусияда иштей албай турган толуктоолорду мыйзамга киргизүүнү көздөп жатат. Бул кадамды депутаттар Орусиянын Russia Today телеканалынын АКШда чет өлкөлүк агент катары таанылганына жооп катары белгилешүүдө.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой 14-ноябрда жаңы долбоордун мазмунун "Интерфакс" агенттигине айтып берди. Анын алдында Орусиянын Russia Today (RT) телеканалы АКШда чет өлкөлүк пропаганданы чектөө тууралуу мыйзамдын алкагында агент катары катталганын жарыялаган.

Москва бул телеканал жана мамлекет каржылаган "Спутник" маалымат агенттиги Кошмо Штаттарда кысымга туш болуп жатканын билдирип, жооп кайтарарын айтып келген. Орусиянын президенти Владимир Путин 11-ноябрда АПЕКтин саммитинде жүргөн маалда буларды айтты:

- Биздин маалымат каражаттары АКШда туш болуп жаткан чбауулдар – сөз эркиндигине чабуул экени калетсиз. Биз жооп кайтарышыбыз зарыл, жообубуз буга ылайыктуу болот.

Депутат Толстойдун айтымында, эми чет элдик маалымат каражаттарына да коммерциялык эмес уюмдардай эле чара көрүлмөкчү. Башкача айтканда, алар "чет өлкөлүк агент" деп каттоодон өтпөсө, Орусияда иш алып бара алышпайт.

"Тигил же бул медианы "чет өлкөлүк агент" деп таануу жөнүндө чечимди Юстиция министрлиги кабыл алышы мүмкүн. Тиешелүү органды жана жол-жоболорду өкмөт аныктайт", - деди вице-спикер.

Жаңы мыйзам чет өлкөлүк каражаттардан тышкары Орусияда катталган, бирок башка өлкө каржылаган медианы, “ошондой эле калың элге басылма, аудиовизуалдык жана башка маалыматтарды, материалдарды тараткан чет өлкөлүк түзүмдөрдү” камтыйт", - деди Толстой. Депутат бул "агент" деп тааныш үчүн бирден-бир чен-өлчөм болоорун кошумчалады.

Маалыматтарга караганда, Дума алымча-кошумчаларды 15-ноябрда жактырып, анан алар парламенттин жогорку палатасында каралмакчы. Андан кийин долбоор президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Орусияда 2012-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, чет жактан каржыланган жана саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн ар бир уюм “чет өлкөлүк агент” катары катталууга тийиш. Бирок буга чейин ага маалымат каражаттары киргизилген эмес. Кремлдин сынчылары жана жарандык коом активисттери "жаңы жобо ой-пикирлерди эркин алмашууга бөгөт коюуну, бийликтин саясатына каяша айткандардын добушун басууну көздөйт" деп келатышат.

13-ноябрда башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Андрей Исаев мыйзамга толуктоолор киргизилгенден кийин агенттердин тизмесине “Эркин Европа/Азаттык” радиосу, “Америка авазы”, CNN жана германиялык коомдук Deutsche Welle теле-радио каналы кирип калышы ыктымал экенин айтты.

Соңку окуялар Вашингтон менен Москванын өз ара ымаласы улам солгундап бараткан маалга туш келүүдө.

Шейшембиде орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев эки тараптын алакалары “ондогон жылдардан бери эң төмөнкү чекке түшкөнүн” айтып, ошол эле маалда “айрым маселелерди дагы деле талкуулай алабыз” деди.

Американын чалгын кызматтары жогоруда сөз болгон RT менен "Спутникти" Орусия өкмөтүнүн АКШдагы былтыркы шайлоого таасир этүү аракеттеринин алкагында жалган маалымат таратканы үчүн айыпташкан. Москва муну четке кагууда.

Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү болсо Орусиянын чет өлкөлүк агенттер тууралуу жобосу Америкада 1938-жылы кабыл алынган мыйзамдан кыйла айырмаланарын белгилешет. Ал мыйзам нацисттердин пропагандасына туруштук бериш үчүн кабыл алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG