Орусия: Алгачкы “чет элдик агентке” иш козголду

Орусия -- "Голос" уюмунун ыктыярчысы Ярославл шаарынын мэрин шайлоо учурунда телефон чалууларга жооп берүүдө. 1-апрель, 2012.

Орусияда бейөкмөт уюмдар боюнча жаңы мыйзамдын негизинде эң биринчилерден болуп “Голос” ассоциациясы жабылышы мүмкүн. Өлкөнүн юстиция министрлиги бул уюмга чет элдик агент катары катталуудан баш тартканы үчүн административдик иш козгоп, сотко өткөрдү.
“Голос” - Орусиянын шайлоорго байкоо жүргүзүү менен алектенген эң ири бейөкмөт уюму. Кезинде арты он жылдагы эң ири нааразылык акциялары коштолгон акыркы парламенттик шайлоо бурмаланды деген тыянак чыгарган бул уюмдун адвокаты Рамиль Ахметгалиевдин “Азаттыктын” орус кызматына айтканына караганда, адатта иш сотко түшкөндөн кийин анын каралышына эки ай убакыт талап кылынат.

Бирок азыркы иштин саясий мүнөзү бардыгын эске алганда, соттук угуулар эки апта ичинде эле башталышы мүмкүн. Бийликтер “Голос” ассоциациясын чет мамлекеттен акча алган деп күнөөлөшүүдө.

Бирок уюмдун аткаруучу директору Лилия Шибанова “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде бийликтин дооматтарын четке кагып, алар жаңы мыйзам күчүнө киргенден бери четтен каржыланбаганын белгиледи:

- Биз албетте муну ассоциацияны жабуу үчүн жасалган аракет деп баалайбыз. Анткени ассоциация чет элдик каржы алган эмес, а түгүл Евробиримдиктин Сахаров сыйлыгын да кайтарып бергенбиз. Аларда ассоциацияны жапкыдай жүйө жок.

Лилия Шибанова Юстиция министрлигинин уюм саясий ишмердик менен алектенген деген дооматтары да негизсиз экенин кошумчалады.

Анткени “шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, көз карандысыз эксперттер менен Шайлоо кодексин иштеп чыгуу бийлик үчүн күрөш болбогондуктан саясий ишмердик катары каралбайт”, - дейт Шибанова.

Өзү Орусиянын былтыр ноябрдын соңунда күчүнө кирген талаштуу мыйзамына ылайык, чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардын баары “чет элдик агенттер” катары кайра каттоодон өтүшү керек эле.

Бирок бейөкмөт уюмдар бул талапты аткаруудан баш тартышкан. Мындан улам орус бийликтери өткөн айдан тарта бейөкмөт уюмдарды жапырт текшерүүгө киришкен болчу.

Кремлге жакын турган “Коммерсанть” басылмасынын шаршембиде Юстиция министрлигинин өкүлүнө шилтеме жасап жазганына караганда, “бүгүнкү күнгө чейин мыйзам чынында иштеген эмес. Анткени аны бузуу фактысы боюнча бир дагы протокол түзүлбөгөн, чет элдик агенттердин реестрине бир дагы коммерциялык эмес уюм киргизилбеген. Бирок ага киргизилүүчү уюмдар бардыгы анык”.

Талаштуу мыйзамдын жоболору боюнча аны бузган уюмга жана анын жетекчилигине айып пул салынат.

“Голос” ассоциациасынын аткаруучу директору Лилия Шибанованын пикиринде, айып пул салынган уюм жабылууга кириптер болот:

-Укуктук негиз барбы же жокпу, бул мааниге ээ эмес. Кайсыл уюм болбосун, аны чет элдик агент деп таап, чоң айып пул менен жазалоого болот. Ассоциацияда андай акча жок болгондуктан, төлөй албайт. Демек бул уюмдун жабылышына алып баруучу жол.

Орус бийлигинин бейөкмөт уюмдарга каршы өнөктүгү өлкөдө жана Батышта тынчызданууларды жараткан эле.

Маселе акыркы ирет жогорку деңгээлде апта башында, Путиндин Германиядагы сапары учурунда көтөрүлгөн.

Путин анда немец канцлери Ангела Меркелдин камтамачылыгын жана журналисттердин суроолорун мындайча комментарийлеген:


- Биздин аракеттердин баары тыюу салуу же жабуу эмес, Орусиянын ички саясий ишмердик менен алектенген бейөкмөт уюмдарга сырттан келген акча агымын көзөмөлдөө менен байланыштуу. Ал цифраларды дагы бир жолу айтып кетейин. Тиешелүү мыйзам кабыл алынган төрт ай ичинде, бул уюмдардын эсебине чет өлкөдөн, көңүл бургула, 28 миллиард 300 миллион рубль түшкөн. Бул дээрлик бир миллиард долларга барабар. Бул суроо жаратпай койбойт. Биздин коом бул акча кайдан жана эмне максатта түшүп жатканын билүүгө укуктуу.

Орусиянын Башкы прокуратурасынын шаршембидеги жарыясына караганда, аларда жаңы мыйзам күчүнө киргенден бери четтен каржыны 700дөй уюм алганы тууралуу маалымат бар.

Ал эми “Агора” укук коргоо ассоциациясынын башчысы Павел Чиков 10-апрелге карата Орусиянын 50 аймагынан текшерүүгө кабылган уюмдардын саны 225ке жеткенин жазып чыкты.