Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Вашингтон Кремлдин айып сөзүнө жооп берди


АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги - USAID Орусиянын саясатына кийлигишүүдө деген Кремлдин айыптоосун расмий Вашингтон четке какты.

19-сентябрда расмий Москва USAID шайлоо жараяндарына жана бейөкмөттүк уюмдарга каржылык жардам бөлүү аркылуу Орусиянын ички иштерине таасир эткенге аракет кылгандын амалын жасоодо деп күнөөлөгөн. Ошондой эле миссияны 1-октябрдан тартып Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотууну сураган.
Адам укугун коргоочулар ЮСАИДди жабуу өлкөдөгү башка дагы чет элдик фонддорду этияттантчу жаман жышаана дешет.

Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуланд шаршемби күнкү билдирүүсүндө Кошмо Штаттардын “жарандык коомду, демократияны, адам укуктарын колдоосу - Орусияда болобу же дүйнөнүн башка бөлүгүндө болобу - кантип да болсо шайлоого таасир эткенди көздөйт деген пикирди” Вашингтон жумла бойдон четке түрткөнүн айтты. Ошондой эле Кремлдин АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги - ЮСАИДди өлкөдөн айдап чыгуу жөнүндөгү чечими Ак үйдү “өкүндүргөнүн” кошумчалады.

Жарандык коомдун активисттери акын Булат Окуджаванын Старый Арбат көчөсүндөгү эстелиги алдындагы акция кезде. Москва, 19-май 2012
Жарандык коомдун активисттери акын Булат Окуджаванын Старый Арбат көчөсүндөгү эстелиги алдындагы акция кезде. Москва, 19-май 2012
- Жарандык коомдогу биз менен иштешүүнү каалаган орусиялыктар менен иштөөнү уланта беребиз, - деп билдирди Нуланд айым. - Биз дүйнөнүн миссиябыз жок бөлүктөрүндө ушундайча иштешип жүрөбүз. Биз азыр кандай иштей турганыбызды караштырып жатабыз. Биз Орусиянын демократиялуураак жана адилеттүүрөөк болуусун каалагандар менен чогуу боло беребиз.

1-октябрдан тартып, ЮСАИДдин ишмердүүлүгүн өлкөдө токтотуу боюнча Кремлдин позициясын Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Лукашевич билдирген эле. Ал 19-сентябрда маалымат каражаттарына берген түшүндүрмөсүндө Орусиянын жарандык коому кадыресе калыптанып калгандыктан ага эч кандай “сырткы жетектөөнүн” зарылдыгы жок экенине токтолду:

- Кеп саясий жараяндарга, анын ичинде түрдүү деңгээлдеги шайлоолорго жана жарандык коомдун институттарына гранттарды бөлүштүрүү аркылуу таасир этүү аракети жөнүндө жүрүүдө. Орусия болсо кемелине толду жана тышкы жетектөөлөргө муктаж эмес.

Лукашевичтин сөзүнө караганда, миссиянын региондордогу, асыресе, Түндүк Кавказдагы ишмердүүлүгү орус бийликтеринде түрдүү суроолорду жараткан.

USAIDдин гранттарын алуучулар арасында орусиялык шайлоочулардын укуктарын коргоочу "Голос" ассоциациясы, дүйнөдөгү жемкорлук-паракорлукту изилдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык Transparency International уюмунун Орусиядагы өкүлчүлүктөрү, адам укуктарын коргоочу "Мемориал" коому жана башка жарандык же бейөкмөт уюмдар бар.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги Орусияда СССР бүлүнгөндөн бери иштейт. Бул жылдары түрдүү ооруларга каршы күрөшүүгө, жаратылышты коргоого, жарандык коомдорду чыңдоого жана экономикалык долбоорлорго болуп, бардыгы 2, 6 млрд доллардан көп акча жумшаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Мая Гришинанын ишендиришинче, Орусиянын мыйзамдары добуш берүүгө көз карандысыз байкоочулардын мониторинг жүргүзүүсүнө кепил өткөндүктөн, ЮСАИДдин өкүлчүлүгүн жабуу 14-октябрда болчу регионалдык шайлоонун сапатына таасир этпейт.

Оппозиция болсо ЮСАИДге эшик көрсөтүү диссиденттерди же Кремлдин саясатын сындоочуларга каршы президент Путин колдогон жортуулдун алкагында жүрүүдө дешет.

XS
SM
MD
LG