Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Обаманын бюджетине республикачылар каршы


Президент Барак Обама Конгресстин биргелешкен сессиясында АКШдагы абал жөнүндө доклад жасоодо. 24-январь, 2012
Президент Барак Обама Конгресстин биргелешкен сессиясында АКШдагы абал жөнүндө доклад жасоодо. 24-январь, 2012

13-февралда АКШ президенти Барак Обама 2013-жылдын бюджет долбоорун сунуш кылды.

3,8 триллион долларлык бюджетте жумуш орундарын көбөйтүп, кээ бир багыттарда чыгымдарды олуттуу кыскартуу каралган. Анын ичинде Евразияга берилчү жардам 18 процентке кыскартылат. Ошол эле учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү реформаны колдоо үчүн 800 миллиард доллар бөлүү суралат.
Эгер Конгресс бул бюджетти бекитсе, буга чейинки кыскартуулар менен кошо эсептегенде, 2022-жылга дефицитти 4 триллион долларга азайта алабыз. Барак Обама

Республикачылар президент Обама сунуш кылган бюджет долбоорунда 15 миллиард долларлык мамлекеттик карызды азайтуу үчүн чыгымдар чоң өлчөмдө кыскартылбаган деп сындашты.

Алар бюджет 4-ноябрдагы президенттик шайлоодо упай утууну көздөгөн саясий документ болуп калган деп эсептешет. Обаманын партиялаштары-демократтар, тескерисинче, бюджетте өтө бай америкалыктарга салыкты көбөйтүү жана өкмөттүк мекемелердин кажетсиз чыгымдарын кыскартуу жагы туура айкаштырылган, бюджет баланстап түзүлгөн дешүүдө.

Обама өзү дүйшөмбү күнү Вашингтондун четиндеги кездешүүдө анын планы Кошмо Штаттардын экономикасын туура жолго саларын айтты:

- Бюджеттин негизги идеясы мындай: биздин экономика өсүп, жумуш орундары тез түзүлүп жаткан кезде, экономикадагы өйдөлөөнү сактоо үчүн биз колубуздагы ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз керек. Дефицитти дагы төмөндөтүүбүз зарыл. Эгер Конгресс бул бюджетти бекитсе, буга чейинки кыскартуулар менен кошо эсептегенде, 2022-жылга дефицитти 4 триллион долларга азайта алабыз.

План боюнча, келерки жылы АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги - USAID менен Мамдепартаменттин бюджети 1, 6 процентке көбөйтүлүп, 51, 6 миллиард долларга чыгат. Удаа эле Европа жана Евразиядагы “бир катар өлкөлөр рынок экономикасына таянган демократияга ийгиликтүү өткөнгө байланыштуу”, аларга берилчү жардам 18 процентке азаят. Бул, Мамдепартаменттин түшүндүрүшүнчө, “оор жетишилген мунасаны” да чагылдырат.

АКШ Конгрессиндеги жыйындан бир көрүнүш.
АКШ Конгрессиндеги жыйындан бир көрүнүш.
Президент Обама 13-февралдагы сөзүндө айрым кыскартуулар оптималдуу болбой калганын танган жок.

- Мен кээ бир өтө оор кыскартууларды сунуш кылып жатам, - деди Барак Обама. - Ачыгын айтсам, зурарат болбосо, мен кыскартууларга бармак эмесмин. Бирок зарыл болууда. Биз өлкөнү туруктуу фискалдык жолго салуу үчүн айрым катаал кадамдарга барганы жатканыбыз чындык.

2013-жылдын бюджет долбоорунда эң чоң жардам - 54 миллион доллар Украинага каралган. Бул каражат “демократиялык реформалардан артка кайткан” өлкөнүн оорчулугун жеңилдетүү үчүн берилүүдө.

АКШ келерки жылы Грузияга быйылкыдан 25 миллион долларга аз жардам берет. 43 миллион доллар аскерий эмес иштерге, анын ичинде “мыйзамдуулукту сактоону көзөмөлдөөгө”, “энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга” жумшалат.

Үчүнчү чоң жардам Косового, андан кийин Орусияга тиет. Орусияга чегерилчү 36, 2 миллион доллар жарандык коомду колдоого жана Түндүк Кавказдагы калабадан жабыркагандардын түйшүгүн жеңилдетүүгө пайдаланылат.

Мамдепартаменттин эсебинен Өзбекстанга 150 миң доллар жардам берүү пландалган. Бул быйылкыдан 50 процентке көп. Расмий Ташкен акыркы жылдары Ооганстандагы АКШлык аскерлер башындагы НАТОнун күчтөрүн камсыздоодо маанилүү роль ойноодо.

Былтыр Ирактан америкалык аскерлер чыгарып кеткенден улам, 2013-жылы өлкө АКШдан жардамды быйылкыдан 10 процент аз алат. Буга Ооганстандан аскерлерди чыгарууну кошкондо АКШ бюджети 800 миллион доллар үнөмдөйт. Ак үй үнөмдөлгөн бул акчаны Араб жазынын деми менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө башталган реформаны колдоо үчүн берүүнү пландоодо.

Азыр Конгресстин Өкүлдөр палатасында республикачылар, а Сенатта демократтар үстөмдүк кылат. Күздө келерки президенттик шайлоо болот. Мындай жагдайда Ак үй сунуш кылган бюджет долбоору бекитилгенге чейин, Обаманын администрациясына республикачылар менен көп иштешүүгө туура келери айкын.

XS
SM
MD
LG