Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

АКШ армия санын азайтат, бирок алсыратпайт


Ирактан үйүнө кайткан АКШ аскерлери. 1-ноябрь, 2011-жыл.
Ирактан үйүнө кайткан АКШ аскерлери. 1-ноябрь, 2011-жыл.

АКШ аскерий стратегиясын жаңылоодо. Ага ылайык, өлкөнүн кургактагы аскерлеринин саны азаят. Алдыдагы он жылда бюджеттен дээрлик 500 миллиард долларды үнөмдөө үчүн армия кемелер менен учактардын эски муунунан акырындык менен баш тартат.

АКШнын коргоо министри Леон Панетта Пентагондогу басма сөз жыйында белгилегендей, жаңы сунуштар соңку он жылдык согуштун мезгилинде өлкөнүн коргонуу бюджети 2001-жылдан тарта туруктуу өсүп келгенден берки бурулуш учур. Бирок кыскартуулар куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгына жана кубатына зыян тийгизбестен жүргүзүлөт:

- Биз учурдагы мүмкүнчүлүктү АКШ жана анын аскерий күчтөрү үчүн келечекте көргүбүз жаңы коргонуу стратегиясын иштеп чыгуу үчүн колдонуп калуу маанилүү деп чечтик. Бул стратегия бизди бюджет жагынан бир катар оор тандоолорду жасоого жана коргонуу боюнча жаңы артыкчылыктарды аныктоого алып келди.

Леон Панетта
Леон Панетта
Жаңыланып жаткан стратегия боюнча АКШ армиясынын жалпы саны азыркы 570 миңден алдыдагы беш жылда 80 миң аскерге кыскарат. Мунун ичинен жөө аскерлер саны 10% азайып, учурдагы 202 миңден 182 миңге түшүрүлөт.

Коргоо министрлиги АКШнын келерки жыл үчүн бюджетинен 613 миллиард доллар суроодо. Бул Пентагон быйыл коротуучу каражаттан 33 миллиард долларга аз дегендик. Жогорудагы акчанын 88 миллиарды Ооганстандагы аскерий аракеттер үчүн жумшалат.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, 2001-жылдын сентябрындагы окуялардан кийин аскер кызматчылардын айлыгы такай өсүп келди. Согуш аймагына жөнөтүлгөн, үч жылдык тажрыйбасы бар катардагы аскер 2001-жылы жылына 26 миң доллар алса, азыр айлыгы 36 миң долларга жеткен. Жыйырма жылдык тажрыйбасы бар подполковниктин согуш зонасындагы жылдык айлыгы 2001-жылы 84 миң болсо, азыр 120 миң долларга чыккан.

АКШ Конгресси чыгымдарды кыскартууга былтыр жыл соңунда кабыл алынган бюджеттик мыйзамда уруксат берген.

Коргоо министри Леон Панеттанын ырастоосунда, “болочоктогу армия” “чакан жана компакттуу”, ага катар жайгашууга келгенде “ийкем, ыкчам жана технологиялык жактан алдыга кеткен” болот.
Ал кошумчалагандай, Пентагон алдыда негизги көңүлдү Ирактан Ооганстанга жана жаңжал чыгышы мүмкүн болгон башка аймактарга бурат:

- Глобалдык турумубузду жана жайгашуубузду биз дүйнөдө потенциалдуу проблемалар болушу мүмкүн деген жерлерге басым жасагыдай кылып баланстайбыз. Бул - Азия-Тынч океан чөлкөмү жана Жакынкы Чыгыш дегендик.

Алдыда АКШ армиясынын күчөтүлө турган бөлүгү атайын аскерлер болот. Кургактан да, деңизден да, абадан да аракеттене ала турган элиталык аскерлердин бөлүгү былтыр Пакистанда “ал-Каида” лидери Усама бин Ладенди жок кылган. Ушул аптада эле Сомалиде гуманитардык уюмдун батыштык эки кызматкерин сактап калды.

“Ассошейтед Пресс” агенттигинин кабарына караганда, Пентагон жакында АКШнын атайын күчтөрүнүн командачысынын кандайдыр бир коркунуч чыкканда ыкчам аракеттенүү үчүн бүткүл дүйнө боюнча кошумча күчтөрдү жана жабдууларды жайгаштыруу сунушун колдогон.

Коргоо министри Леон Панетта жаңы планды “ар тараптуу жана толук кандуу” деп атаганы менен быйылкы президенттик шайлоону эске алганда анын ишке ашуусу Ак үйгө ким келишине көз каранды болчудай.

Оппозициядагы Республикалык партиядан демократ Барак Обамага ыктымал атаандаштардын бири Митт Ромни “эгер биз мурдагыдай эле адамзаттын үмүт болууну каалсак, аскерий бюджетти кыскартууну улантууга жол бере албайбыз”,- деп айтты.

Республикачыл конгрессмендер да жаңы пландын айрым өңүттөрүн дароо эле сынга алышты.

Куралдуу күчтөр боюнча Сенаттагы комитеттин мүчөсү Жон Корнинин пикиринде, жөө аскерлердин санын 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттарга чейинкидей деңгээлге түшүрүү - өлкөнү олуттуу коркунучка кептейт.

Ал эми президенттикке мурдагы талапкер, сенатор Жон Маккейндин көз карашында, жаңы план “тарых сабактарын эске албай жатат”. Ал эми армиянын саны “жакынкы жылдары болушу ыктымал окуяларга эффективдүү реакция жасай албагыдай” деңгээлге түшүрүлүүдө.

Бирок бул көз карашка АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы Мартин Демпси макул болгон жок. Анын айтымында, кыскартылган бюджет армияны алсыратпайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG