Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Пентагон адегенде 100 млрд. доллар үнөмдөйт


АКШнын "F/A-18F Super Hornets" тибиндеги аскерий учактары Жорж Вашингтон атындагы "Nimitz-class USS" кемесинен абага көтөрүлүүгө даярданышууда. 26-июль 2010
АКШнын "F/A-18F Super Hornets" тибиндеги аскерий учактары Жорж Вашингтон атындагы "Nimitz-class USS" кемесинен абага көтөрүлүүгө даярданышууда. 26-июль 2010

9-августта АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс аскерий чыгымдарды олуттуу кыскартуу планын жарыя кылды.

Бул чара каражатты үнөмдөөгө катар өлкөнүн коопсуздугун оор экономикалык кезеңде камсыздоого өбөлгө түзүүгө тийиш. План кээ бир конгрессмендерге жакпады. Бул, Роберт Гейтстин айтымында, аскерий бюджетти үнөмдөө боюнча иш чаралардын башталышы гана.

Роберт Гейтс мурда улуттук аскерий бюджеттен 100 миллиард доллар үнөмдөлөт деп сөз берген. Анын 9-августта Пентагондо болгон маалымат жыйынында айтышынча, акча узак жылдардан берки согушта кубаты качкан армияны күчтөндүрүү жана аскерлерди

АКШлык аскерлер Буккадагы аскерий базаны Ирак армиясына өткөрүп берүү салнатаны маалында. 11-июль 2010

болочокку операцияларга даярдоо үчүн зарыл.

Пентагондун жылдык бюджети 700 миллиард долларга жакын. Бул акчага Ирак менен Ооганстандагы согуш да каржыланат:

-Согуштун натыйжасында Коргоо министрлигине жаңы миссиялар жана милдеттер жүктөлдү,-деп түшүндүрдү Гейтс.- Бул иштердин айрымдарын аткаруу үчүн жаңы даражалуу аскерий жана граждандык кызмат орундары керек болду. Бирок, береги согушка түз байланышкан кызматтардан башка да 20 жыл мурда сенатор Жон Гленн айткандай кызматтан акырындап чоңойтуу ыкмасын кеңири колдонмөкчубуз. Же бийик даражалуу кызматкерлер аткарчу жумуштарды даражасы төмөнүрөөк адамдар бүткөргөнү жөндүү болор балким.

Деген Роберт Гейтс Пентагондо көмөкчү кызматтарда аскерий жана бейаскер адамдар, контракт менен иштегендер соңку он жылда ашыкча көбөйүп кеткенине көңүл бурду.

Ошентип, чоң кыскартуу Виржиния штатындагы аскерий штабты күтүүдө. Бул командалык борбордо 2800 аскер жана бейаскер адам эмгектенет. Ага кошумча дагы үч миңдей адам келишим менен иштейт. Аларды кармоого жылына 250 миллион доллар сарпталат.

Гейтсти Коргоо министрлигине мурдакы президент Жорж Буш дайындаган. Ошон үчүн ал Конгресстеги республикачылардын жана президент Барак Обаманын артындагы демократтардын тең колдоосуна ээ.

Аскерий чыгымдарды кыскартуу көпчүлүк америкалыктарды да чөнтөккө урат. Муну министр өзү да танбады:

-Мен ар бир аскерий башкармалыкка ашыкча базаларды тийиштүү жерлерде бириктирүүнү же жабууну буйрудум. Бул арийне орчундуу саясый маселе. Конгресс ушу тапта Коргоо министрлигине кысым жасап, базаларды жаптырбаганга аракеттенүүдө. Мен Конгресс керексиз чыгымдарды кыскартуу боюнча биз менен иштешет деген үмүттөмүн.

Роберт Гейтстин аскерий чыгымдарды кыскартуу планын президент Обама колдоду. Бирок шайлоочулары кыскартууга туш болчу конгрессмендер ага каршы экенин билдиришти. Гейтс оболу Өкүлдөр палатасынын аскерий тейлөөлөр боюнча комитетинин мүчөлөрүн чыгымдарды азайтуу өлкөнү коргоого зыян келтирбесине ишендирүүгө тийиш экенин калифорниялык республикачы конгрессмен Ховард МакКеон эскертти. Сенатор-демократ Марк Уорнер болсо Виржинядагы аскерий базаны жапканга жүйөө жок деп санайт. Уорнер Конгресске Виржиния штатынан шайланган.

XS
SM
MD
LG