Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

АКШ: Ал-кайидачыга террордук чабуул уюштуруу аракети үчүн айып тагылды


Кутумдун негизги аткаруучусу - Нажибулла Зази деген киши экени айтылат. Ал Ооганстанда туулган жана АКШда камакка алынып, Нью-Йоркто коомдук унаа системасында жардыруу уюштуруу камылгаларын жасаганын быйыл феврал айында мойнуна алган.
Кутумдун негизги аткаруучусу - Нажибулла Зази деген киши экени айтылат. Ал Ооганстанда туулган жана АКШда камакка алынып, Нью-Йоркто коомдук унаа системасында жардыруу уюштуруу камылгаларын жасаганын быйыл феврал айында мойнуна алган.

АКШ Адилет министрлиги беш кишиге, анын ичинде Америка атуулдугун алган жана террордук Ал-Кайида тармагынын лидерлеринин бири делген кишиге Нью-Йорктогу метро түйүнүндө террордук чабуул уюштурууга даярданган деген доо боюнча айып такты.

Алардын ишке ашпай калган бул кутумун камылгалары Улуу Британияда иштелип чыккан, деп кабарлайт Адилет министрлиги.

Былтыр жай мезгилинде АКШнын Нью-Йорк метросунда террордук чабуул уюштурууга беленденген деп айыпталып жаткан топ беш кишиден турат. АКШнын Адилет министрлиги аларды террордук иш-аракетте айыптаган доону шаршемби күнү Нью-Йорк шаарынын Бруклин бөлүгүндөгү Федералдык Соттун кеңсесинде жарыялады.

Расмий доого караганда, бул ишке ашпай калган кутум долбоору былтыр сентябрда айгинеленип калган жана ага ылайык Нью-Йорктун метросунда жардыруу болмок. «Бул кутум Aл-Кайиданын Пакистандагы мүчөлөрү Батышта жашаган кутумчулар менен бирдикте Улуу Британияда жүзөгө ашырууга беленденген башка бир дал ошондой чабуул долбоору менен тыгыз байланышта экени» расмий доодо айтылат.

Кутумдун негизги аткаруучусу - Нажибулла Зази деген киши экени айтылат. Ал Ооганстанда туулган жана АКШда камакка алынып, Нью-Йоркто коомдук унаа системасында жардыруу уюштуруу камылгаларын жасаганын быйыл феврал айында мойнуна алган.

Сурак маалында Зази Ооганстан менен чектеш Пакистандын Вазиристан аттуу жергесинде Ал-Кайида тарабынан бомба жасоо жана курал-жаракты пайдалануу жаатында атайын машыгуудан өткөндүгүн мойнуна алды.

Анын айтымында, ал шейит кеткенден дагы кайтпай турган болуп, АКШнын Нью-Йорк шаарынын Манхэттен аймагында жанкечтилик чабуулга даярданган экен. Бул иш-аракети аркылуу ал “америкалык жоокерлердин Ооганстандагы карапайым элге жасаган зулумдугуна дүйнөлүк коомдун көңүлүн бурдуруу” максатын көздөгөнүн сотко айтып берди.

Сауд Арабия жергесинде туулган АКШ тургуну Аднан Эл Шукрижума (бул киши «Хамад» деген ысымы менен да белгилүү) да террорчулук доого кабылууда. Бул киши Ал-Кайиданын тийешелүү террордук тармагын жетектеген адам катары шектелүүдө. Аны Федералдык алгын кызматы жети жылдан бери издеп келген.

АКШ бийлиги аны жана Салих ал Сомали аттуу дагы бир кишини АКШга каршы террордук чабуулду уюштурууга аракеттенди деп айыптоодо. Тергөө маалыматына караганда, бул экөө Пешавардагы ортомчу аркылуу Пакистандын айрым уруулар байырлаган аймактарынын башчылары менен кабарлашып турган.

Топко киргендердин дагы бир террорчусу - теги босниялык Адис Медунжанин (башка аты «Махаммад»). Дагы бир айыпталып жаткан киши -Тарык ар Рахман. Ал учурда болжол менен Пакистанда жашырынып жүрөт.

АКШнын Адилет министри Эрик Холдердин сөзүнө караганда, эгерде кутум ишке ашырылчу болсо, анда бул чабуул 2001-жылдын 11-сентябрынан берки эң алааматтуу террордук чабуул болуп калмак:

- Америкалыктардын өмүрү сакталганына эч шек жок. Бул тергөө иши улантылып жатат. Биз бул ишти эч тынымсыз улантмакчыбыз. Бир чети, тиешеси бар башка кишилерди да адилет сот жазасына тартабыз. Экинчи чети, мындан ары ар кандай кутумдарды болтурбоо үчүн чалгындык маалымат чогултулат.

2001-жылдын 11-сентябрынан кийин колго түшкөн Абу Зубайданын айтымында, АКШ жана Европада террордук чабуулдарды уюштурууну Ал-Кайиданын мүчөсү Шукрижума жетектеп турмак.

Шукрижума мырза Флоридада коллежде окуган.

Федералдык Чалгын кызматкерлери аны 2003-жылкы террордук иш аракетке тиешеси бар экенин аныктоо үчүн издеп келгенде, ал өлкөдөн чыгып кеткен экен. АКШ аны таап кармоого көмөк болгон маалымат үчүн 5 миллион долларга барабар акчалай сыйлык жарыялады.

Шаршембиде Федералдык Чалгын кызматынын жетекчисинин жардамчысы Шон Жойс дүйнөлүк терроризм чабуулдарын «мыйзамдуулукка каршы коркунуч» деп баалады. Анын айтымында: «Тымызын кутум даярдоонун мындай көп улуттуу мүнөзү жана анын АКШ аймагы менен гана чектелбей, башка өлкөлөрдөгү террордук буталарга да тийешесинин бардыгы - коопсуздук алкагында эл аралык өз ара кызматташтыктын жана антитеррордук аракеттерди биргеликте жүргүзүү зарылчылыгын ого бетер айгинеледи».

XS
SM
MD
LG